Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Бурананын сакталышына окуучулардын салымы

Өлкөбүздүн сыймыгы Бурана   археолого- архитектуралык  музей комплекси  ЮНЕСКОнун тарыхый мурастарды сактоо тизмесинин катарына киргизилген баалуу эстеликтердин бири болуп саналат. Андыктан аны сактап калуу бир гана  Кыргыз Республикасынын эмес, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун милдетине кирет.
Мындан эки жыл мурун, 2021-жылдын сентябрь айында Бурана музей комплексин сактап калууга багытталган « ХI кылымдагы  Бурана мунарасын  антропогендик жана сейсмикалык  коркунучтардан сактап калуу» долбоорун  Кыргызстандагы АКШнын элчилиги колдоп,тарахый мунараны изилдөө, оңдоо,коргоо жана калыбына келтирүү иштерине 200 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын бөлгөн. Долбоордун алкагында тарыхый эстекликке аяр мамиле жасоо, аны сактап калуу тууралуу жергиликтүү калк  жана  мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери,  акциялар, флешмобдор, семинарлар, илимий конференциялар өткөрүлүп келген.
Андай иш –чаралардын  бири  жакында «Burana day» аталышта  Чүй райондук маданият үйүндө өткөрүлдү. Тогузунчу ирет өткөрүлүп жаткан иш -чарага Красная речка, Ивановка жана  Дмитриевка айылдарынын мектеп окуучулары жана мугалимдери  жана музейдин кызматкерлери катышышты.
Максаты — окуучуларга Бурана мунарасын  сейсмикалык жана антропогендик коркунучтардан сактоо  боюнча билимин, маалымдулугун  жогорулатуу болду. Бул тууралуу  Бурана археолого- архитектуралык  музей комплексинин жетекчиси Анита Шаменова билдирди. Аталган  иш -чара бир нече компонентерден түзүлдү. Бул жолу иш чаранын катышуучуларына Бурана мунарасынын архитектуралык түзүлүшү, илимий жактан  изилденген кооз  орнаменттери тууралуу маалыматтар берилди. Ал тууралуу лекцияны окуучуларга  Кыргыз Республикасынын илимий академиясынын  тарых институтунун илимий  кызматкери Любовь Ведутова окуду.
Андан соң окуучулар арасында   викторина өткөрүлдү.  Анын жүрүшүндө окуучуларга Бурана мунарасынын тарыхы тууралуу суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Туура жана так жооп берген окуучулар  футболкалар менен сыйланышты. Конференциянын экинчи бөлүгү Бурана мунарасына экскурсия жасоо  менен улантылды. Ал жерде дагы окуучулар үчүн Бурана мунарасынын архитектралык жана тарыхый өзгөчөлүктөрү тууралуу илимий конференция өткөрүлдү.
Анита  Шаменованын айтымында, аталган иш- чара Бурана мунарасын антропогендик жана сеймсмикалык коркунучтардан сактап калуу боюнча маалыматты башка аймактарга таратууга   чоң салымын кошту.  Анита Алиевна аны менен долбоор ишин 2023-жылдын башында аяктаарын маалымдады.

Б.Байдылдаева.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика