Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Башканы коюп Манасты айт

Манасчы жана семетейчи Жаныбай  Кожек уулу 1869-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулуп, 1942-жылы каза болгон. Кожектин жети атасы тең “Манас” эпосун айтышып, атадан балага өтүп, мурас катары сакталып жана айтылып келгендиги бизге маалым. Кожокенин атасы “Семетей” эпосун жатка айтып жүргөндүктөн аны эл семетейчи деп билишкен. Ал эми Жаңыбай атасы Кожектен “Манас” эпосун үйрөнүп 16 жашында айта баштаган жана “Көкөтайдын ашы”, “Чоң казат” эпизодун жана “Семетей”, “Сейтек” эпосторун да толук айткан. Жазылып алынган эпостун жалпы көлөмү 19445 сап ыр болгон. “Эр Төштүк”, “Эр Табылды” эпосторун жана элдик поэма “Ак Мөөрдү” жана ошондой эле салттуу ырларды да жатка билген. Жаңыбай Манас үчилтиктин “Семетей” менен “Сейтек” бөлүмдөрүн айтуу менен атасы сыяктуу эле негизинен эл арасында семетейчи катары таанылган. Ал да өзүнүн “Семетей” эпосун айтып калуусун кереметтүү түш көрүү менен байланыштырат. “Семетей” айтуудан мурун үч жолу адегенде түш көрөт. Түшүндө үч киши дайыма келип: “Чоочуба! Сен “Семетейди” айтасың!”, — деп буйрук берип жүрөт. Ошондон тартып Жаңыбайдын түшүнө “Семетей” эпосунун башкы каармандары кире баштап, айтуусу күчөйт. Жаңыбай өз заманында манасчы Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп, бирге жүрүп “Манас” айтып ырдашкан күндөрү болгон.

Мына ушундай кыргыздын түгөнгүс улуттук баалуулуктарына кирген “Манас” эпосун даңазалоо жана аны жатка айтуу максатында жакында Москва районуна караштуу Предтеченка айыл өкмөтүндө жайгашкан Мирдин Түгөлбаев атындагы орто мектептин окуучуларынын арасында 4-декабрь -“Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас” айтуу боюнча кароо сынак болуп өттү. Сынакка мектептин 2-классынын окуучуларынан баштап 11-класстын окуучуларына чейин активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө манасчылардын формасы, айтуу манерасы, такалбай жатка айтышы, дикциясы, образды жаратуусу жана аны угарманга уккулуктуу кылып жеткирүүсүнө баа берилип, жыйынтыгында биринчи орунду 8 “б” класстын окуучусу Байбол Казбеков жеңип алды. Ал эми экинчи орунга 3 “а” классынын окуучусу София Файзуллина жана 7 “б” классынын окуучулары татыктуу болушту. Ал эми үчүнчү орунду 2”б” класстын окуучусу Алмир Дүйшөнбеков  жана Айбек Айылчиевдер ээлешти. Мектептин директору Ольга Шашкина жана сынакты уюштуруучу мугалим Нургиза Анарбекова жеңүүчүлөрдү Ардак грамоталар менен сыйлашты.

Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика