Аламүдүн районунун жогорку зонасынын жашоочуларына арабтардын “Smart Generation” коомдук фонду аламүдүн районунун колдоосу менен көмүр таратты. Жашоо — шарты начар 50 ашык үй-бүлө кышка көмүрлүү болуп кубанып турган чагы. Айрым тургундар көмүрдүн баасы жогору болгондугуна байланыштуу үй жылытууда көйгөй жаралып жатканда күтүүсүз келген көмүр алардын үйүнө эле эмес, көңүлүнө да жылуулук тартуулаганын билдирүү менен араб фондуна ыраазычылыгын айтышты.