Военно-Антоновка айыл аймагында 9 айдын аралыгында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы белгилүү болду. Алгач өнөр жай тармагына токтоло турган болсок, жарандарды ыймандуулукка үндөө максатында Катар кайрымдуулук фонду тарабынан мечитти куруу иштери 70 пайызга аткарылган. Инвестициялык долбоордун сметалык наркы 9,2 млн. сомду түзөт. “Тянь-Шань Керамик ЖЧК заводунун имараты кеңейтилип, кошумча 90 жумуш орду түзүлгөн. Буга жеке инвестиция аркылуу 20 млн. сом сарпталган. Ишкердүүлүк обьектисинин ачылышына токтолсок, 140 жумуш орду түзүлүп, жеке инвестиция аркылуу 104 млн. сом акча каражаты пайдаланылып, жалпысынан 19 долбоор ишке ашырылган.
Билим берүү тармагында да бир топ иштер аткарылгандыгын баса белгилеп кетмекчибиз.Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын 200 орундуу кошумча имараты курулуп бүткөн. Мектептин курулушуна Катар кайрымдуулук фонду тарабынан 5,7 млн. сом бөлүнсө, айыл өкмөттүн бюджетинен 2,6 млн. сом каралган. Ал эми мектепке керектүү эмеректерди жана жабдууларды сатып алууга 1,8 млн сом. жана имараттын алдына брусчатка (таман таш) төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 4 млн. сом каржыланган. Ал эми мектеп 2022-жылдын 18-майында ишке берилген.
Бул мектеп-гимназиясынын мугалимдер бөлмөсүн куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 1 млн. сом, мектепке 17 компьютер алганга 496 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Айыл аймакка караштуу Комсомол жана Сокулук көчөлөрүнүн 950 метр жерине асфальт төшөлүп, буга жергиликтүү бюджеттен 6,9 млн. сом акча каражаты каралган. Военно-Антоновка айылындагы Келечек конушуна 2 кудук, жаңы салынып жаткан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 1 кудук салынган. Бүгүнкү күндө бул айыл аймактын калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуунун жана ошону менен бирге конуштарды жашылдандыруунун “Таза Аймак” урааны алдында бир топ иштер аткарылууда.
“Жаш келсе ишке”-демекчи, бул айыл аймакты жаштыгына карабай улуу муундагы тажрыйбалуу жетекчилерден кем калышпай ийгиликтүү башкарып келе жаткан Расулбек Садыков тууралуу да макаланын аягында азын-оолак кеп кылсак: ал айыл өкмөт башчысы катары өзүнүн ишине жоопкерчилик менен мамиле жасагандыгынын , айылдык кеңештин депутаттары менен тыгыз иш алып баргандыгынын натыйжасында жогорудагыдай ийгиликтер жаралып отурат.
Нурлан ИСАМАТОВ