Четверг, 1 июня, 2023
28.1 C
Бишкек

Элдик курултайга кызуу даярдыктар көрүлүп жатат

Жыл жаңыргандан кийин 2022-жылга карата райондогу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурадил Стамов менен биргеликте айылдык кеңештин депутаттарынын  кезектеги  жыйыны январь  айында өткөрүлгөн эле.

Ошол жыйында жергиликтүү бюджет бекитилип,  айылдардагы  социалдык объектилерди оңдоого негизги багыттар  коюлган.

Учурда алдыга коюлган иш-пландын негизинде 9 айдын жыйынтыгы менен  түрдүү салыктарды чогултуу боюнча аткарылган иш 100 пайызга аткарылган.

Тактап айтканда,  чогултулган  салык пландан тышкары 604 миң сомго кошумча көбүрөөк жыйналган. Кыш мезгилине даярдык боюнча айта турган болсок, айыл аймакта жайгашкан мектеп-комплексине 73 тонна,  бала бакчага 18 тонна көмүр жеткирилген.  Жангарач айылында жайгашкан Н.Жетикашкаева атындагы орто мектеп 72 тонна, ал эми “Айданек” бала бакчасы 21 тонна көмүр менен камсыз болгон.  Ушуну менен райондук мамлекеттик администрация тарабынан 1-октябрга чейин коюлган мөөнөт боюнча жылытуу системалары каралып, насостордун баары текшерилип, толугу менен кышка даярдык көрүлүп бүттү.

Эми  суук түшкөндө мектеп, бала бакчаларга жылуулук бериле баштайт. Сокулук районунда айыл өкмөттөрдүн арасынан Гавриловка айыл өкмөтү алгачкылардан болуп  пилоттук долбоор менен иш баштаган. Азыркы кезде бүт кызматкерлер электрондук формат аркылуу иш алып барышат.Документтердин баары мамлекеттик тилде даярдалат.

Айрым учурда муктаж болгондорго расмий тилде жооп берилет.  Элдин алдында өткөн жыйындар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

“Элет өнүксө-өлкө өнүгөт”-демекчи, ишинде ийгилик жараткан айыл өкмөт башчысы Нурадил Становго кайрылганыбызда: “Айыл өкмөттөгү ар бир бөлүмдүн өзүнүн аткара турган иштери бар да. Алар атайын кварталдык план түзүшөт.  Ошондой план аткарылган үчүн салыктар өз учурунда чогултулуп жатат. Тартип болгон жерде албетте иш жылат эмеспи. Ошон үчүн алдыга коюлган милдеттемелердин так жана туура аткарылышын көзөмөлгө алам. Ар бир кызматкер иштин көзүн билгендиктен бир топ эле  ийгиликтер болуп жатат. Бул айыл өкмөткө башчы болуп кызматка киришип жаткан учурда өзүмө план койгом. Эң негизги максатым- элге жакшы камкордук көрүп, айыл аймакты өнүктүрүп, артымдан жакшы из калтыруу. “Келгениңе сүйүнбө.Кетериңди ойло”-деген элибизде бир жакшы сөз бар эмеспи. Бизге дагы кызматтан кетээр күн да келет да. Өзүм ушул аймакка караштуу Шалта айылынын тургуну болгондуктан учуру келгенде кызматтан кете турган күндү да ойлогондуктан элге кызмат кылуу үчүн бардык аракетти кылып жатам. Мөөнөтүм бүткөндө башка ишке кетсем да же кызматтыз калсам да баары бир элимдин арасында боломун”-деп кошумча маалымат берди.

Учурда ал   жыйын өткөрүп,  өлкө башчысы  С.Жапаровдун  жарлыгы менен ноябрь айында өткөрүлүүчү элдик курултайга катыша турган айыл аймактагы өкүлдөрдү дайындап,  мамлекеттик деңгээлдеги бул иш-чарага кызуу даярдыктарды  көрүп жатканы маалым болду.

                                                                            Нурлан  ИСАМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика