Сокулук районунун аймагында азыркы убакта экзотиялык акыбалды сактап туруу боюнча бекитилген мерчемдин негизинде малды алдын-ала эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин райондогу ветеринария тармагына малды эмдөө үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү вакциналар толук келген. Учурда ири мүйүздүү бодо малдан бруцеллёз оорусуна каршы кан алынып, малдын шарп, сибир жарасы, кара сан ооруларына каршы вакцина сайылып жаткандыгы маалым болду. Мындан тышкар айыл чарба малдарынын баарына эле иденфекциялык каттоо иштери жүрүп жатат. Жылкыларга чип, уйларга бирка тагылгандан тышкары кой-эчкилердин асыл тукум чарбалары да каттоого алынууда. Малдын көбү жайлоодо болгонуна байланыштуу 1400 баштан ашуун койлорго бирка тагылган. Ветеринардык адистердин жетишсиздиги район боюнча көйгөйлүү маселе экендиги айта кетпеспк болбос. Райондо 70ке жакын айылга бирден адис керек болсо, муктаждыктан улам 3-4 айылга бирден адис тартылган. Ал эми алыскы айылдарда жашы 60тан өткөн, ал тургай тээ союз убагынан бери иштеп келе жатышкан, жашы пенсия курагынан эбак өтүп кеткен ветеринардык адистер иштеп жатышат. Бирок ошол эле учурада алардын баары тең өз ишин мыкты билишерин да баса белгилеп кетмекчибиз. Элетте жашап жаткан жаш адистин ишке тартылышы да оңой-олтоң иш эмес. Окууну бүткөн адистер көп болгону менен жергиликтүү болуп жашабагандан кийин шаардан келип иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Кээ бирөө келип убактылуу иштеп кетишет. Кыргызстан боюнча, анын ичинен Сокулук районунда ветеринардык адистерге мамлекет же айыл өкмөт тарабынан акча төлөнбөсө да мал ээлери тарабынан мыйзамдуу түрдө эмгек акысы төлөнүп берилет. Айыл жергесинде ветеринардык аталган тармактын кызматкерлери малды карызга дарылап беришкендиктен бул дагы көйгөйлүү маселени жаратууда. Бирок жалпысынан алып караганда район боюнча жумуш өз нугунда жүрүп жатат. Союз убагында ар бир айылда ветеринардык пункттар болсо, бүгүнкү күндө айрым жерлерде гана бар экендиги өкүнүчтүү. Ошон үчүн бир айылга бирден ветеринардык адис үчүн айыл өкмөттө атайын штат каралса жакшы болмок. Балким, бул маселе жакынкы мезгилдерде чечилип калгысы бардыр… Сокулук районунда иштеп жаткан бирден-бир “Байыш” мал базарында республиканын 4 облусунан келишкен жарандарыбыз малын сатышары элдин баарына эле маалым болбосо керек. Аталган мал базарда ишти жөнгө салган ветеринардык адистер жана райондогу ветеринардык башкармалыктын инспекторлору тарабынан малдын ветеринардык коштоочу документтери текшерүү менен бирге, мал ээлерине же малды тартып келген жүк унааларынын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жума сайын жүргүзүлөт. Бирок ушуга чейинки жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мал ээлери өзүлөрүнүн жоопкерчилигин толук сезгендиктен керектүү документтерин өздөрү даярдап келишүүдө.
Нурлан ИСАМАТОВ