Вторник, 7 февраля, 2023
-2.9 C
Бишкек

Каныкейдин улуту ким?

Бухаранын ханы Темир учурунда түбү кыргыздардан болгон. Негизи түбү кыргыз ата жагынан Темирландан, эне жагынан Чыңгызхандан тараган Бабур деле жазганда өзүн “ак калпак кийген кыргызмын” деп жазып кеткен. Орто Азияда бийликти кыргыздардан  башка эч ким хандык бийлик жүргүзө алган эмес.

Тарых күбө ошол мезгилде Орто Азияда бир гана Чыңгызхандын балдары хандыкка укуктуу болгон. Перс тилин алган тажиктер эч качан хандыкка укугу жок болгон, экинчиден Бухара, Самаркан түбү “токсон боолуу өзбектин” жери, ал жерге тажик ханына суутуп коюптурбу? Кыргыздар Чынгызхандын тукумдары хан болуп келишкен, анан кыргыздар: Темир, Бабур, Тагай жана башка. Үчүнчүдөн, Манас менен кошо кырк жигити үйлөнөт, Алмамбеттин аялы Арууке сыяктуу, булар кыргыздар болбогондо, алар тажиктерге үйлөнүшмөк беле?

Төртүнчүдөн, аты эле айтып турат Темирхан деп, апасы Акмамак, уулунун аты Ысмайыл болгон. Канча жамаган менен Каныкейден тажик чыкпайт. Тажик болсо Эмомали, Анушервон, Ардашер, Афшин, Ашкон, Бахман, Бахор, Бахром, Бежан, Бехруз, Бузургмехр, Исфандиёр, Кавус, Каюмарс, Манижа, Навзод, Озад, Ораш, Парвиз, Пари, Сиёвуш, Сиёмак, Сомон, Сухроб, Фаридун, Фархо, Хуршед, Хусрав, Эрадж делмек.  Социалисттик идеология интернационалисттик үй-бүлөнү алдыга койгон. Манасты “интернационалист” кылышып, тажик Каныкейге үйлөнгөн деген маалымат басымдуулук кылган. Манас беш нике кыйган. Беш аялынын ичинен Каныкейге Бухаранын каны түбү кыргыз Темир ханга  гана жуучу түшүп, кыргыздын салтын жасап, салтанат менен нике кыйдырган.

«Малыңды аяп жүрүп кайындап катын алып бербедиң, Кайыпдаңдын кызы Карабөрктү согушта колго түшүрүп алдым. Шооруктун кызы Акылайды атасынын айыбы үчүн тартууга алдым, жашым отузга жетти — катын алып берип аталык милдетиңден кутулгун» — деп Манас атасы Жакыпка таарыныч айтат.

Баласынын жөндүү сөзүн эп көргөн Жакып жанына жолдош алып, уулуна ылайыктуу кыз издеп, көп эл-жер жактырат. Кыздын атасына кайрылып, уулума кызыңы бер дейт. Темир кызын бергиси келбейт, бирок Манастан чочулап Жакыпты качырыш үчүн атайылап оор салык — калың сурайт. Куда түшүп, ырымын кылып, кудасы берген кийитин алып Жакып элине кайтат. Ууда жүргөн Манас түш көрөт: чекеси кетик толгон ай койнунда жатыптыр. Ошондой эле түштү Алмамбет да көрөт.

Кырк чоро бүт түшүндө толгон ай койнунда жатканын көрүшүптүр. Түштү Бакай жоруп акылы жетик аял ала турганын айтат. Чети кетик ай менин колумда туруп жетилди дейт Манас. Аны Бакай эркек балалуу болот экенсиң деп жоруйт. Уудан кайткан Манастарды үйүнө чакырып, Жакып кыз таап, кудалашып келгенин айтат. Калың үчүн сураган малы өңдөш айтылгандыктан табуу кыйын го дейт. Манас аял алса мал аямак белек деп эл Темир талап кылгандай өңдөгү малдарды жыйнап келет. Ушундан тартып аял алганда калыңга жакындары менен туугандары кошумча кошуу адаты калат. Айтылган малдан канча эсе көп мал чогулуп, кызды алып келүүгө камынышат.

Камылгасын алты күндө камдап бүтүп, куда-кудагый жанына көп киши алып, күйөө жолдоштору менен аттанып, Темир айткан мал-мүлкүн алда канча ашыра алып, Бухара шаарына барып түшүшөт. Элди конокко алып жайгаштырганда дүрбөлөң менен унутулуп кошто калган Манас бир күн өтүп экинчи күнү кечинде Ажыбайды ээрчитип колуктусун көрүү үчүн барат. Түн ортосунда уруксатсыз үстүнө кирген жоругуна нааразы болгон кыз менен күйөөнүн ортосунда чыр чыгып, Манастын билегине канжардын учу тийип, жарадар болот. Унутулуп кошто калып, ала турган колуктусунан кагуу жеп, билегине канжар тийип ызаланган Манастын буйругу менен атка минип, шаарды каптоого бет алган колдун алдынан Бакай, Көкөтай баш болгон карылар чыгып, токтотуп калышат.

Темир конокко албаган күнөөсү үчүн кечирим сурап, кудаларын конокко бөлүп, Манасты кырк чоросу менен ордосуна алып барып, кырк жигитти өзүнчө жайгаштырып, Манасты аземделген атайын үйгө жалгыз киргизишет. Атемир баш болгон эр бүлө кыздын себинин, тойдун камылгасы менен алаксып, кызмат кылган келин-кыздар баатырдын үстүнө даап кире албай эки күн, эки түн тамак ичпей жалгыз олтуруп калган Манас катуу ызаланат.

Манастын кандайча конок болуп жатканын көргөнү келген кырк чорого ачууланып, атын алдырып, Темирдин шаарын чапкыла деп чоролоруна буйрук берет. Бакайдын айтуусу боюнча чоролор калп эле дарбаан салып, сез көргөзүшөт. Күйөөнүн чыр чыгарган себебин билишкен кайындары Манасты кантип токтоторун билбей катуу бушайманда калганда, Каныкей күйөөнүн алдына өзү келип кечирим сурап токтотот. Кырк бир өргөө тигилип, Каныкей баш болуп анын нөкөр кыздарынын ар бири бирден үйгө кирип, Манастын чоролору да бирден кызга үйлөнмөк болот. Ат жарыштырып, көз таңып коюп карматып, жар тандоо расмисин жасап, Манас Каныкейди, Алмамбет Аруукени алат. Кырк күн той болуп, Шакан байбиче кырк бир келин ээрчитип, кудалар элине кайтышат.

Темиркандын кызы Каныкейдин образы «Манас» эпосундагы аялдардын ичинен өзгөчө бөлүнүп турат. Биринчиден, Манас беш аялынын ичинен Каныкейге гана жуучу түшүп, кыргыздын салтын жасап, салтанат менен нике кыйдырган. Экинчиден, Манас баатырга дайыма жардам берген, акыл айткан мыкты кеңешчиси болгон. Айлакерлик, акылмандык, чечкиндүүлүк, чыдамкайлык — Каныкейдин негизги касиеттери.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика