Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Кыргызстанда акыркы жуманын ичинде COVID-19дун жаңы 84 учуру катталды

Кыргызстанда 10-октябрдан 16-октябрга чейин COVID-19дун жаңы 84 учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, алардын ичинен 12 адам ооруканага жаткырылган, калган 72си амбулатордук дарыланууда. Бүгүнкү күнгө карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада.

Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул республикада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

2022-жылдын 9 ай жана 16 күнүндө COVID-19дун 21 миң 586 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 579 (90,7%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,3%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика