Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

Жайыл районунда энелер сыйланды

Эне – бул баардыгыбызга дүйнөдөгү табылгыс, тендешсиз улуу адам,эненин жүрөгүндөй эч кимдин жүрөгү сокпойт, энелер ар дайым баласы жөнүндө ойлойт,бала үчүн эне ыйык, эненин сүйүүсү эч нерсеге алмашкыс экендигин түшүнөт. Эненин баласына болгон мээрими,эркелеткени баарынан кымбат болот . Эне – бул бардыгыбызга дүйнөдөгү табылгыс, теңдешсиз улуу адам. Эне үйдүн – куту. Баланын, үй –бүлөнүн бактысы.Турмуштун эчен азап – тозогун башынан өткөрүп, чоңойткон балдары үчүн өмүр бою кам көрөт. «Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым дегендей “- эне үчүн баласы дайым жаш. Уулу эрезеге жетип – ата болсо да, кызы бойго жетип – эне болсо да, эне алар үчүн кам көрүп жанын курман кылууга даяр. Ал эми бала үчүн, эне чоң бакыт. Эне үйдө бир минута жок болсо, үйдүн куту кача түшкөнсүйт. Эшикке кирип – чыгып тезирээк келишин күтүп тынчсызданасың. Алыстан карааны көрүнгөндө алдынан утурлай чуркап тососуң.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Республиканын көп балалуу  энелердин  “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде  Жайыл районунун жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланды. Жайыл районунда 14 –сентябрда Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Торогелди Туркбаев  Жайыл районунун “Баатыр эне” орденине татактуу болгон энелерди куттуктады. Алардын ичинде Степное айылынын тургуну Богачева Любовь Анатольевна, Ставрополовка айылынын тургуну Гридчина Ольга Викторовна, Ставрополовка айылынын тургуну Кулючпекова Бурул Сарылбековна,  Монолдор айылынын тургуну Колбаева Набира Жузумалиевна,  Калинин айылынын тургуну Мукашева Айнура Даулетбековна, Кара-Балта шаарынын тургундары  Шадыканова Дильшат Турсунмаматова, Шымырзаева Роза Кызыровна.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “Республиканын көп балалуу  энелерин  “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Жайыл районунун алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Президенттин атынан Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Торогелди Туркбаев  тапшырды.

Алар Сары-Булак айылынын тургуну  Аманкулова Асел Уланбековна , Кара-Балта шаарынын тургуну Жусупова Толгонай Сурановна,  , Кара-Балта шаарынын тургуну Мартыненко Надежда Викторовна, Алексеевка айылынын тургуну Талипова Нуриза Абдиевна, Алексеевка айылынын тургуну Тешебаева Алмакан Зикирияевна, Степное айылынын тургуну Узакбаева Гульмира Асаналыевна, Кара-Балта шаарынын тургуну Ысмаилова Бурмакан Тагаевна,

Кыргыз Республикасында жети  же андан көп балдары бар жана аларды багып, тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышат.

Жети  баласынын бири сот жообуна тартылган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алышпайт. Балдарынын бири сот жообуна тартылып, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине (соттуулук) ылайык соттуулугу жоюлган болсо, анда ал эне «Баатыр эне» ордени менен сыйлана алат.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика