Дүйнө агымынан кем калбай өлкө аймагы санариптешүүгө өтүп жатат. Санарипте кызматкерлердин кагаз иштери азаюу менен бирге ар бир жарандын иши да тездетилип, узун кезек күтмөй акырындык менен азаюуда десек жанылышпайбыз.
Бүгүн Аламүдүн районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер кабинетинин колдоосу, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси менен “Жарандык жана санариптик билим берүү ” борборунун ачылышы болду. Ачылуу аземине райондук баардык аймактарынан атайын коноктор катышышты.
Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов санарип учурдун талабы экенин баса белгилеп, өлкөдө ишке ашып жаткан санариптик өнүгүүгө салып кошуп жатканы үчүн конференцияга кошулуп жаткан конокторго терен ыраазычылык билдирди. -“Бүгүн сиздер жаңы өзгөрүүлөргө, санариптик коомго кирип жатасыздар. Дүйнө өлкөлөрү менен кенен баарлашууга жол ачылып жатат. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо инновациялар кабыл алууга жана даяр жаңы чөйрөнү кабыл алып жатабыз. Дүйнөдө өзгөрүүдөн качпаган жаңыланууну тез кабыл алып, ыкчам ишке киргизген өлкөлөр гана ийгиликтерге жетери баарыбызга маалым. Биз ошондой өлкөлөр менен чогуу кадам таштап, замандап санарип коомдо ордубузду табууга умтулганыбыз кубандырбай койбойт. Биз өлкөнү санариптештирүү боюнча аймактагы алдыңкы орунга чыгууну максат кылдык. Бул максатка жетүүгө тоскоол болуп жаткан бир гана маселени тез арада чечүүнүнүн үстүндө биргеликте иш жүргүзүүдөбүз. Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда санариптик технологиялар толугу менен киргизилип иш жүзүндө колдонууда. Санарип коомду түзөбүз, санариптештирүү жашоонун баардык чөйрөлөрүн жана адамдын жашоо образын өзгөртө деп ишенем”-деп сөзүн аяктады Анаркулов. Ачылып жаткан борбор эки багытта иш алып бармакчы. Жарандык жана санариптик билим берүү жана маалыматтык билим программаларын ишке ашыруу. Жарандык жана санариптик билим берүүнүн максаты шайлоо системасына ишенимди бекемдөө менен жарандын укуктук маданиятын жогорулатуу болуп саналат.
Азамат Дүйшөнбай уулу