Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

Жарык инсан, коомдук ишмердин эмгеги, иши унутулбайт

Султан Ибраимовдун 95 жылдыгына карата 

Жакында Чүй районунда белгилүү коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 95 жылдык мааракеси белгиленет. Султан агабыздын өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымын сыйлап, тарыхта аты калсын деп аракет кылган инсандардын аттарын атап кетүүнү ниет кылдым. Алардын бири  Алчалуу совхозунун алгачкы  директору  кызматында иштеген Машухей Шариб Губарович болуп саналат.
 Ал жетекчи кызмат ордуна  келээри менен аталган совхозду өркүндөтүп, алдыңкы совходордун катарына кошуп, ага Султан Ибраимовдун атын ыйгарууга чоң салымын кошкон. Анын күч — аракети  менен Калиновка айылына Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерге эстелик орнотулган.  Дагы бир жарык инсан  Анвар Оморканов мырза Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган мезгилде шаардын борбордук аянтына Султан агабызга эстелик орноткон.  Ал эми көрүнүктүү коомдук ишмердин атын өчүрбөй, жылда  9-май Жеңиш күнүндө алыска белгилүү, эмгеги сиңген  машыктыруу  Алмаз Мусабаев жана  Алчалу орто мектебинин дене тарбия мугалими Абди Мусабаев  күрөш боюнча эл аралык турнирлерди 33 жылдан бери бирге  өткөрүшүп, көптөгөн чемпиондорду, анын ичинде Азиянын чемпиондорун тарбиялап, өстүрүп келишти. Учурда өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров Султан Ибраимов агабызга “Эл баатыры” наамын ыйгарды.
Белгилей кетсем, Султан айылынан көп атактуу жана белгилүү инсандар чыккан. Алардын бири Ысман Токобаев  атабыз Калининдин колунан Кызыл Туу орденин алган. Ал эми Таштанбек Сулайманов убагында суу чарба министри кызматында иштеген. Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону, эл аралык турнирлерде Кыргызстандын желегин желбиретип келген Руслан Абасов да ушул айылдан. Айылда жаңы салынган спорт залга  чемпиондун ысмы ыйгарылганы турат. Ошондой эле Камчыбек Ибраимов совхоз тараганда беш жыл Султан айылын жана айыл өкмөттү башкарып, аймактын өнүгүшүнө зор салым кошуп, эмгеги сиңирген.
Жакында белгилене турган Султан агабыздын 95 жылдык маараке тоюн өткөрүүгө Султан айылынын тургундары да четте калбай жеке салымдарын кошушат деген ниеттемин. Учурунда мен дагы ушул айылда  25 эмгектенип кеткениме сыймыктанам.
Султан Ибраимовдун маараке тоюн татыктуу жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө Чүй районунун башчысы — аким Жыргалбек Шакиев Ибраимов айыл өкмөтүнө өзгөчө көңүлүн бурууда. Анын жардамы менен айылдык клубдун айлана тегерегине асфальт төшөлүп, эстеликтер оңдолуп, айыл өкмөттүн имаратынын тегереги тосулуп, иретке келтирилди. Райондун жетекчиси ал иштерге акча каражаттарын бөлүп берип, элдин алкышына татыды. Аны менен бирге айыл өкмөт башчысы Курманкул уулу Алмаз мааракеге болгон даярдыктардын жүрүшүн көзөмөлдөп, иштердин убагында жана сапаттуу аткарылышына, чакырылган меймандарды  татыктуу тосууга күч-аракетин жумшоодо.
Белгилүү коомдук ишмердин  95 жылдык маараке тоюн салтанаттуу өткөрүшүнө салымдарын кошууга ниеттенген демөөрчүлөр 0708 990 014 телефону аркылуу байланышса болот.
Салбар Эсенбаев, уюштуруу комитетинин мүчөсү.       

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика