Среда, 4 октября, 2023
13.1 C
Бишкек

Почта тармагы элге сапаттуу кызмат көрсөтүүдө

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун  Сокулук райондук филиалына караштуу 32 айылдык байланыш бөлүмү бүгүнкү күндө элге почта тармагы боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүп келе жатат. Бул тармакта эмгектенген кызматкерлер райондун борборуна жакын жайгашкан байланыш бөлүмдөрүнө жумасына 5 жолу, алыскы айылдарга болсо 2 ирет гезит-журналдарды, каттарды, пенсияга бөлүнгөн жана чет өлкөдө эмгектенип жүрүшкөн мигранттардын үй-бүлөсүнө которгон акча каражаттарын өз учурунда кечиктирбестен жеткирип турушат. Учурда райондо 7700 эмгек ардагери пенсиясын почтадан алышат. Окурмандардын гезит-журналга жазылуу иштери райондогу бардык почта түйүндөрүндө жүргүзүлүп келе жатат. Маалыматка караганда “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы ачык акционердик коом болуп түзүлгөнгө чейин эксперимент кылып, райондогу бардык айылда замандын талабына ылайык автоматташтырылган почта бөлүмүн ишке киргизүү үчүн атайын программа  кабыл алган.

Азыркы кезде ошол программанын негизинде  айылдык байланыш бөлүмдөрүндө  иштин баары жалаң  компьютер  аркылуу жүргүзүлүп жатат. Баса белгилеп кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде министрлер кабинетинин токтому менен мамлекеттик ишкана ачык акционердик коом болуп, мыйзамдуу түрдө юридикалык каттоодон өткөн. Андыктан устав жазылып, баары мыйзамдаштырылгандан кийин башка мамлекеттер менен келишим түзүлсө, ортодо кызматтык байланыш чыңдала баштаганда почта тармагында жаңыча иш башталса, мурдагы мамлекеттик ишкана ачык акционердик коом катары толук кандуу ишке киришкенде мурда болгону 5500 сомго гана иштеген кызматкерлердин  айлык акысы жогоруламакчы.

                                                                                   Нурлан   ИСАМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика