Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

Жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Н.Жапаров колдоосуу менен, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын негизинде Москва райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Борборду салтанаттуу түрдө Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-Аким Н.Э.Козуев, Борбордук шайлоо комиссиясынынөз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы, райондук Маданият бөлүмүнүн башчысы «кызыл лентаны» кесүү аземи менен ачышты.

Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ачылыш аземине Москва районунун мекеме-уюмдардарынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештеринин төрагалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жооптуу катчылары ж.б. катышышты.

Борбордун максаты: калктын укук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана аны агартуу, ак ниет башкарууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө таасир этүүчү коомдогу эң маанилүү коомдук-саясий процесс катары шайлоону жарандардын түшүнүүсүн жана алар тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу жолу менен менен шайлоочулардын шайлоо тутумуна ишенимин жана шайлоого катышуусун арттыруу.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика