Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Э.Козуевдин төрагалыгы алдында Мамлекеттик салык кызматынын Москва райондук башкармалыгынын, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн, Александровка айыл өкмөтүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда башаламан соода-сатыктарды иретке келтирүү үчүн рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында калктын жана ошол эле сатуучулардын өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы уруксатсыз, мыйзамсыз соода-сатык иштерин жүргүзүп жаткан соодагерлердин ишмердүүлүгү текшерилип, тартипке келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Кошумчалай кетсек, жай айынан кеч күзгө чейин Александровка, Беловодское борбордук трасса боюнда жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн тургундары мыйзамсыз түрдө соода-сатык иштерин жүргүзүп келишет. Бул жол коопсуздугун одоно бузууга жатат жана тамак-аш азык-түлүктөрүн сатууда санитардык эрежелер сакталбайт, андан тышкары чакан ишкер катарында өкмөткө салык төлөнбөйт. Мындай соодагерлердин медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган документтери да жок. Андыктан сатып алуучулар жана айдоочулар үчүн коркунучтуу жагдай түзүшүүдө. Ушуларды эске алып ар жума сайын район ичинде аким Н. Козуевдин тапшырмасы менен ар жума сайын текшерүү, көзөмөлдөө жана сатууга тыюуу салуу иштери тынымсыз жүрүп турат.