Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

Эгемендүү мамлекетибиз гүлдөп өсүшү үчүн эне тилибиздин дагы өнүгүүсү өтө зарыл

Мамлекеттик тил күнүнө карата 

Эгемендүү мамлекетибиз гүлдөп өсүшү үчүн эне тилибиздин дагы өнүгүүсү өтө зарыл болуп турганда, мамлекеттик тилди өркүндөтүү обюнча кандай ойлоруңуз бар деген суроону айрым окурмандарга узаттык?

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитеттин төрагасы Асылбек ТОКТОГУЛОВ:

-Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүп, мамлекеттик тилди билүү – Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы  жана милдети деп  ачык айкын таасын көрсөтүлгөн.  Тил саясатынын өркүндөтүүдө КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия олутуу иш-чараларды алып барууда. Өкмөттүк жыйындар, чогулуштар кыргыз тилинде өтө баштаганы, албетте мамлекеттик тилдин-кыргыз тилинин кыр ашып бараткандыгы деп бааласак болот. Өз эне тилиң үн берүүгө, өзгө тил күн көрүүгө дегендей мамлекеттик тилибиздин өнүгүшү жана өркүндөтүлүшү боюнча  камкордук көрүп, назар салып, тилдин мааниси, коомдогу, адам жашоосундагы милдети жөнүндө, ааламдашуу заманында  коомду улут катары түзгөн улуттук аң сезимди өнүктүргөн ыйык баалуулук экенин жаш муундарга терең үйрөтүп, кыргыз тилин өркүндөтүүгө салым кошуу милдетибиз. Кыргызстандын келечеги – мамлекеттик тилинде. Ал эми мамлекеттик тилди көтөрүү үчүн мекенчил болуу, элин сүйүү каада-салтын, үрп-адатын сыйлап, маңкурттуктан алыстап, улуттук идеологияны өзөгүн түзүү зарыл.

Ысык-Ата районунун Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенбол БУЙЛЯШЕВ,:

Эгемендүүлүкө ээ болгондон бери мамлекеттик тилди колдоо боюнча жигердүү иш-аракеттер көрүлүп, улуу, орто муун менен бирге эле жаштарыбыз мамлекеттик тилде ой жүгүртүп, эркин сүйлөп, учурда кыргыз тилинин колдоонунун чөйрөсү кеңейди. Кыргызымда «кимдин жерин жердесең ошонун ырын ырда» деген асыл кеби бар. 80 улуттан ашык жашаган Кыргызстандагы элдер  «Биз, кыргыз жергесинде жашап, анын туз даамын татып, атуулу болгондон кийин кыргыз тилин үйрөнүп алайын» деген ой-максаты  жокко эсе. Ал үчүн Кыргызстанда жашаган бардык улуттар кыргыз тилин өз тилиндей көрүп, жүрөгүнө сиңириш үчүн акырындык менен муктаждык жаратып,  акыл-эстүү тил саясатын жүргүзүп, улуттар аралык мамилени бекемдеп, коомдогу стабилдүүлүктү сактап, анын туруктуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү керек.

Чүй облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Руслан  АРЗЫМАТОВ:

   Бул  дүйнөгө кыргыз болуп жаралгандан кийин кыргыз болуп жашаш керек. Азыр кыргыз элинин илгертен бери келаткан касиеттери ачылып, акыркы жылдары кыргыздын тили, көрөңгөлүү маданияты жөнүндө жылуу сезимдер пайда боло баштады.  Манас үчилтигин дүйнө жүзүнө тааныткан азаматтар чыгып, аян түшүнө кирип Манас айтып жатышат, сөз эркиндигин кеңири пайдаланып, акын, жазуучулар, журналисттер  улуттун жаны болгон кыргыз тилин, баалуу маданияттын көтөрүүдө өз салымдарын кошуп келүүдө.  Дегеле кыргыз тилин сактоо, муундан муунга калтыруу бүткүл Кыргызстанда жашаган башка улуттар менен элдердин жоопкерчилигинде болуш керек. Кыргызстандын келечеги – мамлекеттик тилде. Күндөрдүн бир күнүндө кыргыз тилинди жоготуп алсаң, ошол күнү мамлекетиңди жоготуп алганың. Улутчул, мекенчил кыргыздын чыныгы патриоту болуп, өзүбүздү өзүбүз кадырлап сыйлаган калк болсок мамлекеттик тилде тапатак сүйлөп, иш кагаздарыбызды бала бакчадан баштап бардык тармакта алып баруу   учур  талабы.

Суроо узаткан  Асан АКМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика