Саат жылат өмүр чотун каккандай,
Өмүр жылат сапарына шашкандай,
Куюлушуп жылдан-жылга баратат,
Кумдуу чөлдө кербен бара жаткандай.
Базарбаев өз заманынын уникалдуу адамы болгон. Базарбаевдин өмүрү кыргыз элинин тарыхы. Базарбаевдин көзү тирүүсүндө эле көп нерселер жазылып калган. Базарбаев өмүрүнүн аягында да эки боз үйдү тиктирип коюп, жаш баглан козунун этин жеп, арак-шарапты тизип коюп, илгерки каада-салт менен өмүр сүрдү. Жайкысын жайлоодо өтсө, кышкысын кымыздарды «печаттап» коюп келген кишини урматтап тосуп алчу. Базарбаевди акыркы сапарга өз колу менен узаткан апабыз тууралуу да жакшы кеп көп. Кемел Ашыралиевдин айтуусунда ал Райкан Алканов менен акыркы жолу жолукканда ал бир-аз чырмыттап турган экен. Райкан Алканов баглан козуну союп алып жакшы кеп салып отурдук дейт.
Базарбаевдин бир аз сыркоолоп жатканы үчүн ден соолугун сурап барышкан да, табында экенин билип Кемел Ашыралиев тамашага салып: «Жанагы алтын ээрди каякка каттыңыз эле, тиги дүйнөгө кетип калсаңыз кантип табабыз» -деп калыптыр. «Ой анын сыры укмуш, менден башка эч ким билбейт. Ал эмес жубайыма да, бала-бакырама да ооз ачкан эмесмин. Бул сырды мен көргө сүйрөй кетет белем, жанагы алтын ээр тууралуу жазып жүргөн баланы Азизбек Келдибековду ээрчитип, бир күнү келчи, мен алтын ээрдин сырын ачып берейин» -дептир Базарбаев. Алтын ээр тууралуу мага айтып берген Кемел Ашыралиев өкүнүчтүү күрсүнүп алган. Ооба, биз дагы бир шансты койо бердик, миңдеген жыл ааламды кыдырып кайра кыргыз жерине келген алтын ээрди колдон чыгардык.
Журналисттик иликтөө үчүн мыкты адамдардан Кадыракун Базарбаев тууралуу эскерүүлөрдү алып калдым, адардын кээ бирөөлөрү эми арабызда жок, анткени бул эмгек көп жылдар мурун башталган: Ашыралиев Кемел, Мамбеталиев Мамбетказы, Кайырбүбү Абдраимова, Жамалбек Ырсалиев, Кубат Болотканов, Жумакадыр Жамакеев, Тажыбек Сыдыковдордон ар кайсы убакта айткандарын угуп кошумчалап койгом. Оозунан бал тамган нуска сөздү Базарбаевди жакшы билген бир топ аксакалдар менен баарлаштык, алардын сөзүн эми ким айтат? Китеп болсо жашоосун эми баштады. Баарлашкандар ушунча кооздоп, куюлуштуруп сүйлөп беришкен экен, эми кээ бирөөнүн көздөрү өткөн соң ырас жазып калыптырмын деп тамшанып окуп чыктым, анын өз сөздөрү менен бергенде мындан артык болмок.
Кадыракун Базарбаев ким болгон?
Ар кандай себептер китептин чыгышы кечеңдеп, акыры чыга турган кези да келди. Эми мээге түшкөн «дандарды» «отработка» кылып, тегирменден өткөрүп, камыр жууруп, нан кылып даярдап элге сунуп көрөйүн дедим. Кыргыз элинин каада-салты, тарыхы, санжырасы «алтын ээр» менен чырмалышып чыга келди. «Алтын ээрдин» сыры ачылганча тыңшап туруңуз…
Айтыла турган сөз советтик мезгилдеги райондук звенонун легендарлуу жетекчи кадрларынын бири, жыйырма жылга жакын Нарын, Кочкор, Совет, Талас райондорун үзүрлүү жетектеген, элибиздин кайталангыс мекенчилдеринен болгон Кадыракун Базарбаев жөнүндө. Ал 1933-жылы Нарын районунун Миң-Булак айылында туулуп, айыл чарбасында, партиялык органдарда 50 жылга жакын жетекчи кызматтарда эмгектенип, Ленин, “Ардак белгиси” ордендери, ВДНХнын алтын медалы баштаган көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланып, Кыргыз ССР Жогорку Советине 4 жолу депутат болуп шайланган. 2013- жылы апрелде бул дүйнө менен кош айтышкан.
*
Кыргызга эшек мингизбей, башка улуттарга калпак кийгизген
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ