Таӊ атпай Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн имаратына тургундар чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдиришти.
Тургундар бала бакча маселеси боюнча чогулушкан.
«Фрунзе айыл өкмөтүнө караштуу Студенттер айылында бала бакча жок. Канча жылдан бери салынат деп убада берип келишет. Биз балдарыбызды Фрунзе айылындагы бала бакчага ташыйбыз. Айыл өкмөт тараптан кичи автобус алынып, ташып жатышкан. Бирок акыркы айлардан бери «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус жүрбөй калды. Учурда Студенттер айылынын тургундары балдарды өздөрү бала бакчага ташып жатышат», — деди алар.