Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Данияр Кайназаров: Маселени турмуш өзү аныктайт

Москва районуна караштуу Александровка айыл аймагы борбор калаабыздан өтө деле алыс эмес аралыкта жайгашкан, калкынын саны 17890 киши, анын басымдуу көпчүлү дунган улутундагылар.  Жалпы аянты 12 гектар жер. Айыл өкмөтү үч айылдан турат: Беш-Көрүк, Александровка, Крупское. Айыл турмушу багбанчылык, мал чарбачылык менен өзгөчөлөнөт. Иштерман дунган эли бир эле Москва районун элин жашылча-жемиш менен камсыз кылбастан, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин базарларына да өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын тынымсыз экспортко чыгарып турушат. Айыл өкмөтүн эмгек тажрыйбасы арткан, иштесе ишке тойбогон, кыргыздын жаштарынын бири Данияр Кайназаров башкарып келет. Александровка айыл аймагынын учурдагы ал-ахыбалы туурасында жетекчи менен кыскача баян курдук.

-Данияр Шамшидинович, эң биринчи кезекте окурмандарыбызды муниципалдык бюджеттин өсүшү, же кемиши, акча каражаттарынын сарпталышы кызыктырат эмеспи. Эмесе ошондон кеп учугун баштасак.

—  Жакшы болот. Анда мен быйылкы жылдын жарым жыл аралыгындагы кылган иштерибизден баяндап берейин. Туура айттыңыз, айыл өкмөтүнүн эң маанилүү маселеси анын бюджети болот эмеспи. Кудайга шүгүр деш керек, биз дотациядан чыкканбыз, азыр өзүбүздү өзүбүз каржылап, тапкан кирешебиз жылдан жылга акырындап болсо да көбөйүп бара жатат. Бюджетибиздин киреше бөлүгү өзүңүзгө маалым болгондой салык жыйноодон, ижара акыларынан түшөт. Мисалы, 6 айдын ичинде салыкты ашыгы менен жыйнадык. План боюнча 10 млн. 316 миң сом жыйнашыбыз керек болчу, ал эми иш жүзүндө 13 млн. 170 миң сом чогулттук. Башкача айтканда, планды  127,7 % аткардык. Салыкты ашыгы менен чогулутууда биринчи кезекте жер салыгы жана айдоо жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн киреше бизге чегерилген планды ашыгы менен чогултууга чоң салымын кошту. Ал эми бюджетибиздин чыгаша бөлүгү айыл өкмтүнүн аппаратын тейлөөгө, Соцфондго, байланыш тармагына, чарба жумуштарына, ирригацияга, айыл аймагында жайгашкан мектептерди жана бала бакчаларды каржылоого, ошондой эле айыл ичиндеги материалдык жардамга муктаж жарандарыбызга жардам берүүгө жана башка маселелерди чечүүгө жумшалып турат.

— Мен сиздерде өткөн элдик жыйындарга калтырбай катышып келем. Айыл ичи актидүү жарандарга бай. Ар дайым тазалыкты ураан кылып, айылды көрктөндүрүүгө үндөп келишет. Ушул тармак кандай өнүгүп жатат?

— Чынын айтыш керек, канчалык чакырыктар болгону менен эл деген эл экен. Беш кол барабар болбойт турбайбы. Башка айылдагыдай эле бизде дагы таштанды маселеси жыл сайын кабыргасынан коюлуп келет. Баягы эле айыл өкмөтү, мамлекеттик кызматчылар анан айылдык кеңештин депутаттары ишембиликтерге чыгып, жол жээгин тазалап, административдик мекемелердин айлана-тегерегин шыпырып турабыз. 2011-жылы айылдык кеңештин чечими менен 3,7 гектар жерди таштанды төгө турган жай кылалы деп чечкенбиз. Бизде “Александровка” деген муниципалдык мекеме бул багытта арбын иштерди аткарып турат. Бирок, алардын өздөрүнө тиешелүү атайын таштанды чыгарууга ылайыкталган техникалары жок. Жеке менчик ээлерине көз каранды болуп иштешет. Ошондуктан кээ бирде таштандылар өз убагында чыгарылбай калып, элдер көчөлөргө бат эле таштандыларды үйүп салышат. Мындай көрүнүш өзгөчө жай мезгилинде жаман экен. Акыр-чикирдин жыты, санитардык талапка жооп бербеши, жугуштуу оорулардын чыгышына алып келиши мүмкүн. Ар кайсыл жерге ыргытылган таштандыларды өз убактысында чогултуу муниципалдык мекеме үчүн кыйынчылык жаратууда. Бирок ошого карабастан “Александровка муниципалдык мекемеси өз ишин так аткарууга чоң аракет кылышат. Жыл башынан бери 3240 куб таштандыдан арылдык. Алардын ордуна жашыл бак дарактардын көчөтүн отургуздук. Ошондой эле айылдыктар 1860 түп роза гүлүнүн көчөттөрүн үйлөрүнүн айланасына тигишти.  Жогорудагы айтып өткөн маселени чечүү максатында азыркы учурда кошумча таштанды чыгаруу үчүн техника алууга аракет кылып жатабыз.

— Данияр Шамшидинович, мына жакында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата райондун бардык аймактарында тазалык иштери болуп өттү. Сиздерде да бул иш колго алынып бир топ жумуштарды жасаптырсыздар, аны соцтармактардагы баракчаңыздардан байкадым. Бирок интернет-булактарында Москва районуна кире бериш жердеги стелланын “Москва району” деген жазуунун жанындагы үч түрдө боелгон желек сымал символиканы ар ким ар кандай талкуулап жатышат. Ушуну түшүндүрө кетсеңиз.

— Ар бирибиз эле өзүбүздү патриот ойлойбуз жана чыны менен ошондой болушубуз керек. Туура, мен дагы элдин талкуусун окуп жатам, кээ бири Украина элинин туусуна окшоп калыптыр деп жазып жатышат. Бирок Украинанын туусу эки түстүү – көк жана сары, ал эми бул символика Сары-Өзөн Чүйдүн туусун белгилейт, анда ак, сары, көк болуп үч түстөн турат эмеспи. Өзүңүздөргө белгилүү болгонгондой төрт жылдан кийин Чүй өрөөнүнүн түптөлгөнүнө бир кылым толгону турат.

— Рахмат. Эмесе кеп башын башка жакка бурсак, мисалы, сиздердин ишиңиздерди колдоп, таяп, сүрөп турган демөөрчүлөрүңүз, инвесторлоруңуз бар болсо керек.

— Албетте, бизге дем берип, ишибизди арылатып турган демөөрчү, инвесторлорубузга эң биринчиден ыраазычылык билдиребиз, экинчиден, алардын ушул айыл аймактын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын баса белгилеп кетким келет. Учурда биз “Исар” араб кайрымдуулук фонду менен кызматташып жатабыз. Алардын жардамы менен мына жакында Беш-Көрүк айылында курулган жаңы ФАПтын ачылышы болуп өттү. Биз курулушка болгону 200 миң акча каражатын гана сарптадык, ал эми кайрымдуулук фонду 4 млн. сом бөлүп беришти. Ошондой эле Крупское айылында учурда аз камдуу үй-бүлөлөр үчүн 100 млн. сомго социалдык шаарча курулуп жатат. Бөлүнгөн акчанын азыр 85% жумшалды. Буйруса, жакында бүтөт деген ойдобуз. Мындан тышкары биздин аймак Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан Чоң Чүй каналынын жанында жайгашкан МТФ-1 суу сактагычын калыбына келтирүү үчүн долбоор менен кайрылганбыз. Долбоордун ишке ашырылышы үчүн 1 млн. 669 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Долбоор аяктай элек, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 250 миң сом жумшалды. Ушундай эле максатта Беш-Көрүк айылында да иштер жүрүп жатат. Дагы кошумчалай кетсем, бүгүнкү күндө ОсОО “Бай элимкампани” тарабынан каржыланган консерва заводу курулуп жатат. Ошондой эле “Ага Хан” фондун да айта кетпесем болбостур. Бул кайрымдуулук фонду мектептердин муктаждыгына 322 миң сом акча каражатын жумшашты.

— Убактыңызды бөлүп, биздин суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн рахмат. Ишиңизди ар дайым ийгиликтер коштосун.

Маектешкен Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика