Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Биздин эң башкы байлыгыбыз – мекендештерибиз!

Газетабыздын бүгүнкү чыгарылышында биз окурмандарга Москва районуна караштуу Предтеченка  айыл өкмөтүнүн жыл башынан берки аткарган иш чаралары жана учурдагы абалы туурасында азын-оолак кеп салмакчыбыз.

Предтеченка айыл өкмөтү райондогу 12 айыл өкмөттөрүнүн ичиндеги көрүнүктүү айыл өкмөттөрүнүн бири. Үстүбүздөгү жылдын 23-март айынан баштап айыл өкмөт башчысы болуп Самат Баймурзинов иштеп жатат.

-Самат Оросович, биринчи кезекте муниципалдык бюджетиңердин абалы жана өсүшү туурасында кеп салсак. Бул көрсөткүч сиздердин жумушуңуздарда эң башкы деп эсептейм.

Жергиликтүү бюджетибиздин киреше бөлүгү быйылкы жарым жылдыкта 2091,7  миң сом болуп бекитилген, ал эми былтыркы жылдун ушул маалына план 1890,1 миң сомго бекитилген, башкача айтканда 10 пайызга өсүү бар. Бюджеттин аткарылыгы биринчи жарым жылдыкта 2810,6 миң сомду түздү, же план 134,4% аткарылды. Былтыркыга салыштырмалуу кирешенин көбөйүшү 40% түздү.

-Өзүңүзгө маалым болгондой, сиздердин аймагыңыздарда агробизнес жакшы өнүккөн. Менимче айыл чарбадан түшкөн киреше менен жергиликтүү казнаңар толуп жатса керек.    

-Ооба, биздин жарандардын көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, мал чарба менен оокат кылышат. Биздин айыл өкмөттүн аймагында СПК “Чекир Суу” айыл чарба кооперативи жайгашкан жана 317 чарбалары бар. Алардын негизги багыты – дан өсүмдүктөрүн өстүрүү. Айыл өкмөттө бардыгы 4326 гектар айдоо аянты иштетүүгө берилет. Андан башка иштетилбеген жерлер бизде жок. Көбүнчө дыйкандарыбыз буудай, арпа, жүгөрү себишет. Бул өсүмдүктөр айыдоо аянтынын 2937 гектарын ээлейт. Ошондой дыйкан чарбалар кант кызылчасын быйыл 60 гектарга, бахча өсүмдүктөрүн -250 га, сабиз – 50 га, сафлор, күнкарама майын – 95 га жана башка өсүмдүктөрдү айдашкан. Былтыркы жылы аба ырайына байланыштуу кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү аз болгон, орточо бир гектардан 12,5 центнерден эле алганбыз, быйыл дыйкандардын акыбети кайтып, түшүмдүүлүк ар гектарынан орточо 26 центнерден алышты.

-Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттүү багыт – инвестиция тартуу эмеспи. Ушул туурасында айта кетсеңиз?

Ооба, биздин бюджетти көбөйтүүдөгү жана алдыга коюлган иш-пландарды аткаруудагы эң олуттуу багыт – инвесторлор менен иштөө болуп саналат. Жыл сайын алдыга коюлган планга ылайык быйыл дагы бизидин айыл аймагы АРИС долбоорунун ПСИ-3 программасы менен быйыл “Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Предтеченка айылындагы “Аленка” балдар бакчасын капиталдык ремонттоо” долбоорунун алкагында иштер улантылууда. Бул долбоор эки жыл мурун башталган, бирок пандемияга байланыштуу иш токтоп калган болчу. Былтыр май айында тендер жарыяланып, августта ОсОО “Ника КГ” деген курулуш фирмасы менен келишимге кол коюлуп иш башталган. Контрактын суммасы 28995946 сом, анын ичинен АРИС -24088254 сом каржыласа, айыл өкмөт тарабынан   4907692 сом акча каражаты жумшалды. Быйыл күзүндө буйруса, бала бакча толугу менен бүтүп ишке киргизилет деп күтүп жатабыз. Бала бакчанын ачылышы менен жаңы жумушчу орундары да ачылат. Бала бакча 150 балдарга ылайыктуу. Мындан тышкары быйыл көп күчүбүздү таза суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жана жалпы калкыт таза суу менен камсыз кылуу үчүн демөөрчүлөрдү, инвесторлорду тартууга кетирип жатабыз. Биринчи жарым жылдыкта суу түтүктөрүнүн тешилген 4 жерин жамап жана башкы суу сактоочу ГВСти оңдоп түздөө иштерин   жүргүздүк. Бул иштерге 50 миң сомго чейин акча каражатын сарптадык. Бул ишке айылдыктар да, демөөрчүлөр да өз салымдарын кошушту. Азыркы учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча жалпы суммасы 1,5-2 млн. сомго жеткен долбоордун сметасы иштелип жатат. Ушул жылдын биринчи кварталында Аң-Арык айылында арабтар фонду аркылуу 500 метр суу түтүктөрү 500 миң сомго жаңыртылды.

-Мындан тышкары көңүл чордонунда дагы кандай иштер коюлган? 

-Быйыл айыл өкмөтүнүн тургундары менен биргеликте биз аймакты тазалоо, жашыл бак дарактарынын көчөттөрүн отургузуу, арыктарды тазалоо, бактарды актоо, административдик мекемелердин территорияларын ирээтке келтирүү жана башка ушундай иштерге көп көңүлүбүздү буруп, күч аракетибизди жумшадык. 11 ишембилик өткөрдүк. 17,8 тонна акыр-чикирди тазаладык. Ошондой эле ишембиликтерге биздин жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте айылга кетүүчү таш жолдун боюн таштандыдан арылтып, куурап калган бак-дарактарды кыйып ирээтке келтирдик. Ошондой эле христиан дининдегилердин мүрзөсүнүн айланасы тозулуп, дарбаза коюлуп, тегерегиндеги тигилген бак-дарактар буталып, акталды. Бул жумушту айылдыктар менен чогуу аткардык. Айлана-тегерегин тосууга 200 миң сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалды.  Ал эми айылыбыздагы жаштардын демилгеси жана акчалай жардамы менен Предтеченка айыл өкмөтүнө кире бериште арка орнотулду жана Улуу Ата Мекендик согушта каза болушкан ардагерлердин эстеликтери актап сырдалды.

Дагы кошумчалай кетсем, биздин айыл өкмөтүндө быйыл түнкү жарыктандыруу да колго алынган. Мисалы, Аң-Арык айылында 47 даана, Предтеченка айылында 122 даана түнкү чырактар орнотулган.

Быйыл өзгөчө бак-дарактардын көчөттөрүн тигүү ишембиликтер учурунда айыл өкмөтү тарабынан жана жергиликтүү тургундар тарабынан да жакшы колдоого алынды. Аткарылган иш-чарабыз “Жашыл Мурас” улуттук кампаниянын алкагында ишке ашты. Жалпысынан айыл өкмөтүнүн аймагында 2648 бак дарактардын көчөттөрү тигилди. Анын ичинен айыл тургундары 2468 даана, айыл өкмөтү тарабынан 180 даана көчөттөр отургузулду. Ал эми сугат арыктарын тазалоо да быйыл өзгөчө активдүү жүргүзүлдү. Планга коюлган 33,8 км ирригациялык каналдардын бардыгы тазаланды. Анын ичинде 9,1 км лотоктор, 14,7 км – ички арыктар.

Самат Оросович, убакыт таап бизге маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Маектешкен Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика