Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Келечеги кең айыл өкмөтү

Москва районунда 12 айыл өкмөтү бар, алардын ичинен эң ири айыл өкмөттөрүнүн бири болуп Беловодское айыл өкмөтү эсептелет. Беловодское райондун борборунда  жайгашкандыктан ар дайым алаканга жайгандай аткарылбаган иштердин бардыгы көрүнүп турат эмеспи. Бүгүнкүсүн эмес эртеңкисин ойлогон инсансандар бул айыл өкмөтүндө арбын. Алардын катарына айыл өкмөтүн бир жылдан ашык жетектеген Бакыт Алыбеков да кирет. Иштерман, жаш жетекчи, жыл башынан бери Беловодское айыл аймагынын кылган иштерине саресеп салып, биздин суроолорубузга төмөнкүдөй жооп берди.

 -Бакыт Жумгалбекович, жарым жылдын жыйынтыгы чыгып жатканда көзгө урунаар жагдай – жергиликтүү бюджеттин абалы болот эмеспи. 6 айдын ичинде айыл өкмөтүнүн киреше болүгүнүн аткарылышы туурасында алгач маалымат бере кетсеңиз.

 -Жалпысынан 6 айда 36971,5 миң сом бекитилген пландын ордуна иш жүзүндө 47771,5 миң сом салык түшкөн, бул 129,2% түзөт. Киреше бөлүгүн алуу боюнча ашыра орундатуу быйыл 10800 мин сомду түздү. Балтыркыга салыштырмалуу 6 айда киреше салыгы 85164,0 миң сомго көбөйгөн. Бул көрсөткүч негизинен төмөнкүлөрдүн эсебинен жогорулаган:

-патенттик салык- 2595,6 миң сом

-жер салыгы НСН- 948,9 миң сом

— башка металл эместер- 582,4 миң сом

-укукка лицензияны сактоо үчүн төлөм- 515,6 миң сом

— таштанды чыгаруу акысы- 44,1 миң сом

— калктуу конуштардагы жерлерди ижарага алуу үчүн төлөм-222,1 миң сом. Кошумчалай кетсем, бюджетибиздин чыгаша бөлүгүнүн көбү билим берүү мекемелерин каржылоого кетет. Мисалы, быйыл биз 12247,9 миң сом акча каражатын мектептерди жаңы окуу жылына даярдоого сарптадык. Андан тышкары коммуналдык тейлөөгө — 6689,9 миң сом, сууга — 186,0 миң сом,  электроэнергияга — 1262,0  миң сом, жылуулук  энергиясына -6503,9 миң сом, бала бакчалардын ремонтуна — 1000,0 миң сом жана ошондой эле бала бакчалардын тамак-ашына — 2 243,3 миң сом бөлүп бердик. Ошондой эле эмгек акы, социалдык фондго төгүмдөр, суу түтүктөрүн алмаштыруу жана скважиналарды тейлөө,  транспорттук кызмат акыларына төлөөлөр ай сайын болуп турат.

— Ооба, билим берүү тармагы чыгашалуу тармактардын бирине кирет, бирок бул жерде балдардын келечеги, алардын ден соолугу туурасында кеп болуп жатат эмеспи. Андыктан сиздердин кетирген чыгымыңар албетте, өзүн-өзү актайт. Ага карабастан бул тармакта дагы чечиле элек көйгөйлөр көп болсо керек. Айыл өкмөтү дотацияда эмес, райондун ичиндеги башка айыл аймактарына салыштырмалуу каражат жагынан эч кимге көз карандысыз айыл өкмөттөрдүн катарына киресиздер. Ошондой болсо да телегейиңер тегиз болбосо керек. Силерде инвестиция тартуу иштери кандай жүрүп жатат?

Инвестицияларды тартуу боюнча жыл башынан бери төмөнкү иштер аткарылды. Степаненко атындагы Беловодская №2-орто мектебинин фасадынын чатырын алмаштыруу жана сырткы дубалдарын акиташ менен сырдоо» айыл өкмөтүн кошо каржылоо жана дем берүүчү гранттын долбоорун ишке ашыруу 2930,5 миң сомго башталды. (а/о салымы 732,6 миң сом) 50%дан ашык аткарылган.

«Ленин көчөсүндөгү фонтанды реконструкциялоо» долбоору Москва райондук өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылып, тендер өткөрүлүп, жакынкы аралыкта 1790,0 миң сомдук долбоорду ишке ашыруу жүргүзүлүп жатат. Дагы кошумчалай кетсем, быйыл акысыз негиздеги инвестициялык долбоорлор боюнча жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Октябрь көчөсүн бойлой жасалма жол тосмолорун » ылдамдыкты азайтуучу бөлүктөрдү» уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Жана ошондой эле Москва районунун аймактык ооруканасынын жанында, төрөт үйүнүн жанындагы аймак көрктөндүрүлүп, 0,1га жерге сквер уюштурулуп, жергиликтүү тургундардын эс алуусу үчүн декоративдик отургучтар орнотулду жана Ленин көчөсүнүн боюндагы аялдамаларды, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, аялдама уюштурулуп, сейил бактын жанындагы Ленин көчөсүн бойлой жолдун бөлүгү кеңейтилди.

-Өзүңүзгө маалым болгондой, быйыл жыл башынан бери район ичинде, деги эле өлкөбүздүн бардык булуң бурчтарында жашылдандыруу маселеси күн тартибинен түшкөн жок. Ушул багытта сиздердин айыл аймакта кандай канааттандыраарлык иштер аткарылды?

-Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын жана тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулуктун» жылынын алкагында 12-марттан тарта «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын баштады. «Таза-Айыл» муниципалдык ишканасынын жашыл аянтчаларынын санын көбөйтүү жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында жалбырактуу дарактар, ийне жалбырактуу дарактар, бадалдардын көчөттөрү, тосмолор, бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулуп, газондор чабылды. Кош-Дөбө айылынын түштүк тарабында жайгашкан 0,8 га  аянтындагы жер тилкесине  850 көчөт отургузду. Ленин көчөсүндө жайгашкан райондук оорукананын аймагында 150 көчөт отургузуу боюнча иш-чара уюштурду.

Айыл тургундары жаз айларында өз менчигине бекитилген жер тилкелерине 1200 даана (терек), 910 даана (мөмө жемиш: алма, алмурут, өрүк, жаңгак, кара өрүк, шабдалы ж.б.) бактарын отургузушту. Жалпы саны: 3112

Ленин көчөсүнө бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду, жапайы чөптөр чабылды, бадалдар кыркылды, мамлекеттик администрациянын жанына, сейил багына гүлдөр отургузулду ж.б.Чачылган таштандылар да күн сайын тазаланып турат.

-Жарым жылдын ичинде айыл өкмөтүнө канча киши жардам сурап кайрылышты жана алардын канчасына жардам берилди?

6 айдын ичинде бизге жарандардан 577 арыз келип түштү, бардык түшкөн арыздар белгиленген мөөнөттө каралып, бардыгына жооптор берилди. Жогору турган органдардан жана уюмдардан, ишканалардан 670 расмий иш кагаздар түштү, бардык иш кагаздар боюнча тийиштүү буюрмалар жана аларды жүзөгө ашыруу чаралары көрүлгөн.

Айыл өкмөтүндө  автоматташтырылган “Е-Кызмат”, “Инфодокс”, “Санарип аймак” программалары менен толук иштер жүргүзүлүүдө. “Санип Аймак” аркылуу жарандарга  жашаган жери, үй-бүлөлүк курамы, жөлөкпул алууга, насыя алуу үчүн маалымкаттар берилет. Бардыгы жарандарга 5200 дөн ашык маалымкат берилди.

2022-жылдын январь айынан баштап “Инфодокс” программасы киргизилген. Программа боюнча 2285 кириш документ, 1395 чыгыш документ катталган.

belovodskoe.kg сайтынын иши оптималдаштырылган, «Айыл өкмөтү менен 24 саат бою маалымат байланыш борбору» уюштурулган, электрондук почта да иштейт, Facebook жана Instagram социалдык тармактарында айыл өкмөттүн расмий баракчалары иштейт. Күн сайын жаңыланып турат. Мунун баары тургундарга муниципалдык кызматтарды тынымсыз аралыктан алууга, арыздарды калтырууга жана керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 Убактыңызды бөлүп, суроолорубузга жооп бергеңизге чоң рахмат. Ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

Маектешкен Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика