Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Таштандылар тууралуу «таштанды» ойлор

Быйыл жайында Бишкекте таштанды маселеси актуалдуу болуп, шаар тургундары өз убагында чыгарылбай жатканына нааразы болууда. Маселе шаардын борбордук бөлүгүндө да, турак жайларда да байкалган. Мындан улам Султан Алыбаев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, анын ордуна Нурлан Касымов дайындалган. Биринчи Май районун тазалоого «ЭкоПроф» ЖЧКсы тартылып, ишкана 2022-жылдын 5-августунан тарта иштей баштаган. Октябрь районун болсо «Комтранском» ЖЧКсын тазалоодо. Ал эми, Ленин жана Свердлов райондору “Тазалык” ЖКнын карамагында калган.

Акыркы учурларда социалдык тармактарда таштанды маселеси абдан талкуланууда. Бул жөн гана Бишкек мэриясынын ишине көлөкө түшүрүп, мэр Эмил Абдыкадыровдун ээрден түшүүсүнө карата кайсы бир адамдар тарабынан жасалып жаткан ишби? — деген ой кетет.

12-кичи район тарап. Кечинде таштанды салынчу челектер жуулуп, бош жана таза боюнча турган. Эртең менен таштандылар баягы таштанды челектин ичине эмес, сыртына атайын ташталган сыяктуу абалда экен. Таң калдым. Мындай мамиленин эмне кереги бар? Атайын челек турган соң ичине ташта! Ушунча келген бут челекке жетпей калганбы? Же бул атайын мэрди жаманатты кылуу үчүн жасалып жаткан кыянатчылыкпы?! 4-5 таштанды толгон челекти сүрөткө тартып алып, бирөөнү эле боктой бербей, өзүбүз да таштанды таштоонун этикасын билип алсак жакшы болоор беле?…

Акты ак, караны кара деп калыс сөз айтуу Кудайга деле жакса керек. Акыркы учурда таштандынын шылтоосу менен Бишкектин мэрине жугунду куйгандай эле посттор жазылып жатат. Ал посттордон эле ким-кимди колдоп, кимди пиарлап жатканы, кимдин группасы деген нерселер ачык эле билинет экен. Менин мэр менен деле ысык-суук, жакындыгым жок. Бирок, мэрия уюштурган бир эмес, эки пресс-турга катышып, мектептердин, жолдордун курулуп жатканына күбө болгом. Ачыгын айтканда жарым жылда 15 мектептин курулушун бүтүрүп ишке беребиз деген аракет деле оңой-олтоң иш эмес. Бишкекте мындай аракет буга чейин болбосо керек. Эмнеге жасалып жаткан жакшы иштерге келгенде көрбөй, ал эми бир аз кемчиликти көргөндө көрөгөч боло калабыз?… Аттиң… Мындай көрпенделик каякка жетелээр экен. Эмнеси болсо да кимге-ким ор казса, өзү түшөрүн унутпаса. Чынында бош таштанды салчу челектердин жанында, жерден таштанды үйүлүп жатканын көрүүгө болот.

Бишкек мэриясында төмөнкүдөй коррупциялык схемалар болгон. Бишкек шаарында төрт комбинат бар. Алардын ар биринде 45-50 дөн таштанды ташыган машиналар балансында турат. Ар бири машина күнүнө 40, 60 литрден солярка корото турган. Мыйзам боюнча ал машиналар күнүнө үч рейс жасаш керек эле. Бирок мэр болуп кимиси келбесин, баягы эле таштанды ызы-чуусу басылчу эмес. “Таштандыны жеңиш мүмкүн эмес экен” деген мэрди да көрдүк. Кантип жеңет эле, эгер келген мэр өзү күнүнө 10 миң доллардан «сол чөнтөккө» солоп жатса?

10 миң доллар кайдан чыгат? Ошол эле ар бир райондогу төрт комбинаттагы эки жүздөй машинеге ар бирине 60 литрден солярка бөлүнөт. Алар үч рейс жасаса, анын бир рейси мэр үчүн болчу. Ошондо мэр күнүнө 10 тонна солярканын акчасын чөнтөгүнө салат. Солярканын литрин 40, 45 сомдон эсептегенде эле мэр күнүгө 10 миң долларды сол чөнтөгүнө салат. Дем алыш күн деген жок да. Ошондо ушул жерден эле 300 миң доллар сол чөнтөккө кетет. Эки рейсин акимдер менен орунбасар акимдер жешет, бир рейсин комбинаттын начальниги менен шопур жейт. Мэр баштап жеп атса, алар карап отурмак беле? Ошентип жеп атышып, шаардын таштандыларын үч күндө бирден чыгарып калышкан. Анан шаарды таштанды басып калган. Келе турган депутаттар ушул системаны талкалап, таштанды төккөн жерге камера, тараза койдуруп, машиналарды текшериш керек. Бир жумада бир жолу боло турган мэр текшерип туруш зарыл. Ошондо машиналар жанталашып иштеп кээ бири бир, кээси эки рейстен каттап калышмак. Ошону менен шаар тазаланып калат эле. Мэр таштанды ташыгандар алардын ордун жууп туруп кетесиңер деп шарт коюш керек.

Акыркы мезгилдерде Бишкек «бөө» шаарга айланып баратат. Иш ордунан жылбай, «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей Бишкектин аты маалымат беттеринде угула баштады. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген. Баш калаанын үстүнө үйүлгөн ышты быйылкы жылы токтотууга мүмкүн эмес, ал үчүн кийинки жылы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен эмес, газ менен иштетүүгө өтүш керек. Бишкек дүйнө жүзү боюнча кара түтүн каптаган, абасы булганган шаарлардын сап башына чыгып жатат. Эми ошол кара түтүндөн арыла албай, оору күчөп жаткан чакта, элдин саламаттыгына каршы дагы бир зыяндуу долбоорду тымызын өткөргөнү жатышат.

Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Акырындык менен Бишкек ТЭЦин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтүшүбүз керек. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Азыркы учурда ТЭЦти да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз.

Мөөнөтү бүтсө да өжөрлүк менен иштеп жаткан парламент тарабынан Бажы биримдигинин бензин менен дизелдик отундун сапатын көзөмөлдөгөн техникалык регламентинин өлкө аймагында күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууну демилгелеген. Парламент Кыргызстаныбыз сапаты өтө начар бензинди колдонууну улантып, «таштанды талаасы» бойдон калышын жактап жатышат.

Долбоор кабыл алынса, төмөнкү сапаттагы К3 бензинин жана дизелдик отунду колдонууну уланта беребиз. Аларда абаны булгаган зыяндуу заттар абдан көп. Эгер өкмөт начар сапаттагы күйүүчү отунду сырттан ташып келүүгө жана өлкөнүн ичинде өндүрүүгө тыюу салса, абанын булганышы бир топ азаймак. Дүйнө жүзү боюнча К4 жана К5 сапаттагы бензин (Евро 4 жана Евро 5тин аналогу) колдонууга ылайыктуу деп эсептелет. Бирок мыйзам долбоору өтүп кетсе, андай сапаттуу бензин бизде 2023-жылдан гана сатыла баштайт! Анда да техрегламентти киргизүүнү дагы жылдырып салышпаса эле. Ага чейин кара түтүнтөн арылбай тумчуга беребиз, анткени биз сапатсыз бензинге тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбооруна өкмөт эмгиче заключениесин бере элек. Экс-мэр ыш Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жагуудан улам көбөйүп жатканын белгилеп, кийинки жылдары жаңы конуштарда да бул кендин көмүрүн жагууга тыюу салынарын билдирген.

Абанын булгануусу боюнча Бишкек дүйнөдө алдыңкы орунду бербей турат. Деги Бишкекти каптаган ышты жок кылуунун жолу барбы? Бишкекте масштабдуу жашылдандыруу болушу керек. Союз убагында Бишкекти жашыл шаар деп эсептечү. Эми да бак-дарак тигип, аларды 1 миллионго жеткиришибиз зарыл. Муну горизонталдуу жашылдандыруу деп коет. Мындан тышкары вертикалдуу жашылдандыруу бар. Финляндия сыяктуу суук мамлекеттерде да вертикалдуу жашылдандыруу бар, мох, жана башка бак-дарактар тигилет. Алар тигилсе жайында да, кышында да шаар жапжашыл болуп алардын баары кислород берет. Экинчиден, Орусия менен бир келишимге келип, газдын баасын ылдыйлатып, ТЭЦти мазут менен газга тез арада өткөрүшүбүз керек. Бул маселени чечүү шаардын колунан келет. Эгерде кымбат боло турган болсо, дотация кылыш керек. Мурда ушундай учур болгон, тариф көтөрүлүп, Бишкектин жашоочуларына 350 миллион сомду дотация кылып берилген. Мындан тышкары катализатору жок машиналарды Кыргызстанга киргизбешибиз керек. Азыр жеке үйлөрдүн бардыгы көмүр жагып жатпайбы, “Кыргызгаз” ушул багытта катуу иштеп, мындай үйлөрдүн бардыгын газга өткөрүшү зарыл. Ушул маселелер чечилсе эле ыш жок болот. Бишкектин булганышы боюнча маселе оор муну Бишкекке депутат болчулар ойлонушу керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика