Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

Директорлук кызматка сынактын алдын-ала жыйынтыгы чыкты

Кара-Балта шаарында президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору (№1, 4, 5, 6, 9, 10 мектептер) кызматтан алынган. Билим берүү жана илим министрлиги Жайыл районундагы бош орундар үчүн сынак өткөрдү.

Сынактын алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду. Алар:

№6 мектеп-гимназиянын директору  Елена Дебелая эң көп — 75 упай топтоду. №5 мектептин директору Светлана Краснобородкина жана №9 орто мектептин директору  Людмила Хан 72,5 упайдан алды. Ошондой эле босого упайды №10 мектептин директору  Эмилбек Бердыбаев топтоду. Алар өзүнүн кызмат ордунда калат.

Ал эми Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектептин директору  Замир Балбаков сынакка катышуудан баш тартса, №4 мектептин директору Абдулазис Алыкулов  сынакка катышуу үчүн документтерди толук даярдаган эмес.

Айылдардан Новониколаевка айылындагы орто мектептин директору  Тамара Шадыканова тиешелүү упай топтоду.

Бул алдын ала жыйынтык. Расмий жыйынтык жарыялана элек.

Маалым болгондой, Жайыл районунда жалпы 16 мектептин директору алмаштырылат. Жаңы жетекчи дайындалганга чейин алар директордун милдетин аткарат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика