Среда, 4 октября, 2023
13.1 C
Бишкек

Б.АШИРОВ: Чүй облусунда көгүлтүр оттун көйгөйү болбойт

“Газпром-Кыргызстан” ишканасынын “Чүйгаз” филиалынын директору  Бактыбек АШИРОВ:

 “ЧҮЙ ОБЛУСУНДА КӨГҮЛТҮР ОТТУН КӨЙГӨЙҮ БОЛБОЙТ”

Учурда КР Өкмөтү тарабынан өлкөбүзгө зарыл болгон инвестицияны тартуу, ага ылайыктуу шарттарды түзуп берип, административдик тоскоолдуктарды жоюу, укуктук чөйрөнү жакшыртуу боюнча алгылктуу иштер жүрүүдө. Бул багытта мамлекетибизде энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу  максатында Кыргыз республикасы менен Россия Өкмөттөрүнүн ортосунда жаратылыш газын Россиядан ташып келүү, бөлүштүрүү жана газ пайдалануучуларга таратуу боюнча келишим түзүлүп, ал Жогорку Кеңеште ратификацияланган.  Россиялык “Газпром” ачык акционердик коому өлкөбүзгө көгүлтүр отун Кыргызстандын дээрлик аймагына газ түтүгүн чоюп, өнөр-жайды жана  калкыбызды газ менен камсыз кылуу боюнча зор иштер аткарылып келет.

Чүй облустук газ чарба башкармалыгы

1963-жылы Кант шаарында “Фрунзегаз” базасынын негизинде Чүй облусунда биринчи жолу газ участогу ал эми 1971-жылы “Кантгаз” деген ат менен суюктук жана жаратылыш газынын конторсы негизделген. 1994-жылы Кыргыз Республикасынын өнөр-жай жана соода Министирлигинин № 103 буйругу менен “Кыргызгаз” РПО курамына Чүй-Талас газ чарбачылык башкармалыгы түзүлгөн. Бул башкармалыкка газ чарбачылык укуктары менен “КантГаз” жана “Кара-Балта-Газ” жаратылыш жана суюктук газы базалары кирген. Учурда “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын “Чүй газ” филиалында 5 газ участогу бар. Алар Кара-Балта, Токмок, Кант, Сокулук аймактарында жана Ленинское айылында орун алган. “Чүй газ” филиалын чечкиндүүлүгү, принципиалдуулугу менен айырмаланган, келечекти баамдай билген  Бактыбек Аширов жетектеп келет. Тактыкты, тартипти алдыңкы айдыңга койгон Бактыбек Асанбекович бул кызматка келгени облусдагы газ пайдалануучулардын санын арбытып, газ участоктордун материалдык-техникалык базасына өзгөчө көңүл буруп, эң башкысы газ уурдаган шылуундардын жолуна бөгөт койду.

Өлкөбүздүн калкы эң жыш жайгашкан  Чүй облусундагы   Чүй газ чарба башкармалыгы 300гө жакын өнөр-жай ишканаларды, 37 миң абоненти тейлеп келет,- дейт Бактыбек Асанбекович,-  Кара-Балта, Токмок, Шопоков, Кант шаарларына, Сокулук районуна жана Люксембург, Ленинское айылдарына газ түтүкчөлөрү тартылган. “Газпром” компаниясынын КР аймагына келген убакыттан тартып бүгүнкүгө чейин өлкөнүн газ тармагын жаңыртууга жана капиталдык оңдоо иштерине салган инвестициянын көлөмү 28 млрд. сомго жакын каражатты түздү.  Акыры жылдары  инвестициянын эсебинен жаңы жана орто төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрү тартылып, 2000 миңдей турак үйлөр көгүлтүр от менен камсыз  болушту. Жакынкы жылдары турак үйлөргө, коомдук уюмдарга, жеке ишкерлерге газ түтүкчөлөрүн тартуу боюнча техникалык шарттар даярдалып, 5000 ашуун турак үйлөрдү газга кошуу пландалууда. Өткөн жылы  “Чүйгаз” башкармалыгы тарабынан Чүй облусунун жашоочуларына 103,1 млн.метр куб жаратылыш газы берилди. Мекеме-ишканалар жана жеке керектөөчүлөр бүгүнку күндө газга болгон карыздарын почта, банк, терминал жана мобилдик тиркемелер аркылуу төлөмдөрду жүргузүүгө болот. Колдонулган газ үчүн төлөмдү өз убагында төлөө зарыл. Төлөм жүргүзүү мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн  керектөөчүнүн ар бир күнүнө жалпы карыз суммасынын 0,1 пайыз өлчөмундө, бирок жалпы карыз суммасынын 100  пайыздан жогору эмес туум кошулуп жазылат. Газ үчүн дебитордук карызды жабуу үчүн акцептсиз же хронологиялык жүргузүлөт: керектөөчү  тарабынан жүргузүлгө төлөм суммасы, эң ириде биринчи ай үчүн болгон карыздын негизги суммасын, андан кийин биринчи ай үчүн туумду жабууга жумшалса, калган бөлүгу кийинки ай учун болгон карыздын негизги суммасы менен туумдарды жабууга багытталат. Жалпысынан Чүй облусунда көгүлтүр оттун көйгөйү болбойт.

Очоктун көркү от менен дегендей жашоо-турмушубузга күнүгө пайдалануучу эң керектүү болгон жаратылыш отун өчүрбөй, элдин муктаждыктарын убагында канаттандырышкан, алардын ыраазылыгын алып,  көгүлтүр оттун көйгөйүн көрсөтпөй, элге жупуну эмгектерин арнаган, “Газпром-Кыргызстан” ишканасынан колдоо тапкан, “Чүйгаз” филиалынын жумушчу-кызматкерлеринин мындан аркы  иштерине ийгилик каалап кетмекчибиз.

Асан АКМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика