Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Балдар спорттук мекемеси качан оңдолот?

Москва районуна караштуу Беловодское айылында жайгашкан жаш балдар жана өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби (ДЮСШ) ар жыл сайын спортко шыктуу, такшалган спортсмендерди даярдап келет. Аталган мектептин тарбиялануучулары жыл жайын республикалык, эл аралык спорттук таймаштарда алдыңкы орундарды утушуп райондун сыймыгына айланышууда. Бул жерде балдардан тышкары кыздар футболу да абдан жакшы деңгээлге коюлган. Жыл санап кыздар футболунун катарын толуктаган кыздардын саны көбөйүүдө.

Тилекке каршы, спорттук мекеменин эң чоң көйгөйү – бул  канча жылдардан бери капиталдык ремонттоо иштери жүргүзбөгөндүктөн дубалдары урап, футбол стадионунда көрүүчүлөрдүн отургучтары сынып, алардын ордун чөп басып, мекеменин  терезелери, чатыры айтор имарат толугу менен эскилиги жеткен абалда. Маселе ар бир элдик жыйындарда айтылып келет. Спорттук мектептин директору Талант Бегалиев менен биргеликте акимчилик дагы  министриликке чейин кайрылышып маселенин чечип берүүсүн бир нече ирээт суранышкандыгына карабастан, жай темпте алдыга жылууда. Москва районунун акими Ниязбек Козуевдин берген жообунда, спорттук балдар мектебин Беловодское айыл өкмөтүнүн балансына которуу ыңгайлуу болмок. Анткени андай болгондо айыл өкмөтү жыл сайын мекеменин чыгымын өзү көтөрмөк. Мамлекетке да жеңилдик болмок.

  • Бул маселе менин көзөмөлүмдө жана бул боюнча бир нече ирээт жогорку жактагы бийликтегилерге кайрылдык. Маселенин чечилиши жай жылып жатат, бирок бүгүнкү күндө  80 пайызга чечилип калды. Менин оюмча биздин кээ бир министриликтерге тиешелүү бюрократизм  ушундай суроолордо убакытты алып коюп жатат, — деп өз оюн айтты Москва районун башчысы Н. Козуев.

ДЮСШ илгертеден бери эле КРнын физкультура жана спорт Агенттигининин балансында. Отуз жыл аралыгында бул мекемеге болгону 1,5 миллион сом гана акча каражаты бөлүнүп берилген экен. Же мамлекет тарабынан, же жергиликтүү бюджетинен эсебинен каржыланбаган мекеменин ал акыбалы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары мыйзамга ылайык иш алып барышкандыктан, албетте, алар биринчи кезекте өздөрүнө тиешелүү болгон гана социалдык обьектилердин оңдоп түзөө иштерин каржылашат. Бирок ошого карабастан ДЮСШга анча мынча акчалай жардам көрсөтүп келишет.

Акыркы жылдары Талант Бегалиев келгенден бери бул маселе кабыргансынан коюлуп, ал убактагы өлкө башчысы Жээнбековдун учурунда маданият, маалымат жана спорт Министрлиги тарабынан оңдоп-түзөө иштери каржыланмак болгон. Ремонттоо иштерине кеткен чыгымдын сметасын түзүү үчүн эле 150 миң сом акча каражаты сарпталган. Ал эми спорттук мекемени толук ремонттоо иштеринен өтөрүү үчүн 3 миллион сом акча керектелээри эсептелип чыккан. Тилекке каршы, өлкөдө коронавирус оорусу  кулачын кеңири жайып, бардык ойлор ишке ашпай токтоп калган. Ал жылы спорттук мектептин жарым жартылай чатырын жапканга гана жетишип калышкан. Эми бул ишти тез аранын ичинде улантпаса, экинчи жагынан суу тамчылап, жакында жаан айлары башталганда айланы кетирээри бышык. Мындай көрүнүш өзгөчө күрөшүү залында машыккандар үчүн оор жагдайды түзмөкчү.

ДЮСШнын директорунун орун басары Жумабай Орозалиевдин ою боюнча маселе чечилмейинче айла жоктун амалын көрмөй. Азыркы учурда өз каражаттарына сатып алышкан акиташ менен дубалдарды акилеп, анча-мынча урап калган жерлерин шыбап, колодорунан келген иштерди жасап жатышат.

Кошумчалай кетсек, бул маселе Беловодское айылдык кеңештин жыйынында талкууланып, ДЮСШны айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү боюнча чечим чыккан. Айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Алыбековдун айтымында, эгер бул мекемени өз баланстарына өткөрүп ала турган болушса, келээрки жылдын эсебинен анын оңдоп-түздөө иштерине бюджеттен 4 миллион сом бөлүнөөрүн билдирди. Андан ары да ар бир жыл сайын керектүү өлчөмдөгү акча каражаты спорттук мекемеге жумшалмакчы.

                                                                                                                                     Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика