Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Сретенка айыл өкмөтүнүн иши алдыда

      Сретенка айыл аймагы: Сретенка, Большевик, Заря болуп бөлүнүп, үч айылдан куралган. Ага жараша инфраструктурасынын саны да башка чакан айыл өкмөттөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк. Айыл аймагында эки орто билим берүү мектептери, эки китепкана, эки айылдык маданият үйү, ошондой эле бир карылар үйү жана ден соолукту чыңдоочу мекемелер: ФАП, ГСВ жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн учурку таптагы акыбалы жана көйгөйлүү маселелери менен биздин кабарчы таанышып кайтты.

  • Данияр Сабирович, жергиликтүү бюджетинен баштайлы. Быйылкы жарым жылдыкта бюджеттин кирешелүү бөлүгү аткарылдыбы?
  • Жыл башынан бери жергиликтүү бюджетке киреше түшүрүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап келебиз. Кылган иш-аракеттерибиздин натыйжасында алдыга коюлган мерчемделген планыбыз 121 пайызга аткарылып, андан тышкары айыл өкмөткө 12860,0 миң сомго тете инвестиция тарттык. Мисалы, “Үмүт-шатысы” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу жана айлана тегерегине брусчатка төшөө үчүн 2100,0 миң сомго Чүй облусттук өндүрүү фондуна долбоор жазганбыз. Долбоорубузду жактырышып, колдоп беришти. Өзүбүз дагы бюджеттен 300 миң сом кошумчаладык. Ошол эле аталган фонд аркылуу быйыл 2400,0 миң сомго ылайык трактор сатып алдык.
  • Айыл ичиндеги таш жолдордун абалы кандай?
  • Ар жыл сайын ремонттоп жатабыз. Мисалы, быйыл Сретенка айылындагы Биринчи май көчөсүндө 500 метр аралыктагы жолду асфальттоого жергиликтүү бюджеттен 1500,0 сом акча каражатын жумшадык. Ошондой эле “Заря-Сретенка” жолдорунда 1000 метр жолду республикалык каражаттын эсебинен 7200,0 миң сомго оңдоп-түздөдүк.
  • Алдыга дагы кандай максаттарды койдуңуздар?
  • Ушул эле жолду ремонтоо иштери үчүнчү кварталда улантылмакчы. Бул сапар Заря айылынын Центральная көчөсүнүн 500 метр узундуктагы жолун асфальтто планга коюлган жана Сретенка айылындагы Пионерский көчөсүн дагы асфальттоого акча каражаты каралган. Жакын арада Заря айылында ФАПтын жаңы имаратын курууну ойлонуштуруп жатабыз. Ал эми Сретенка айылына жаштарга чакан футбол талаасын куруп берели деген оюбуз бар. Ошондой эле Заря айылында быйыл 3 сааттык убактылуу балдар бакчасын ишке киргизгени жатабыз.
  • Жыл башынан бери арыктарды, лотокторду, каналдарды тазалоо иштерине көп маани берилип келет. Сиздер дагы бир топ иштерди аткарсаңыздар керек?
  • Ооба быйыл биринчи жолу өкмөт тарабынан да жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен да арыктарды тазалоо иштерине чоң көңүл бөлүнүп, ага тиешелүү акча каражаттары бөлүндү.Тагыраак айтканда айыл ичиндеги тазалоого муктаж 15 км арыктарды жалпы суммасы 350 миң сомго өзүбүздүн эсебибизден тазаладык жана андан тышкары ашар ыкмасы менен тазалоодо 91 миң сом акча сарпталды.
  • Бардык жерлерде таза суу көйгөйлүү маселелердин бири. Сиздердин айыл өкмөтүндө бул маселе кандай чечилген?
  • Бизде да көйгөй жок эмес, бар. Жыл сайын тынбай иш жүргүзүп келе жатабыз, анткени союз учурунан бери оңдолбой келе жаткан суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиктен ахыбалы начар. Улам бир жеринен түтүктөр тешилип, улам жыртык-тешиктерин жамап турабыз. Тегизи менен жаңы түтүккө алмаштыруу үчүн бир топ акча каражаты керектелет. Андай акчабыз жок. Быйыл Заря айылынын Адыл көчөсүндөгү 125 метр аралыктагы суу түтүктөрүн алмаштырууга өзүбүздүн бюджеттен 100 миң  сом акча каражатын сарптадык. Ошондой эле өз эсебибизден Сретенка айылындагы суу сактагычка бектерициддик лампа орноштурдук. Бул ишке 250 миң сом акча жумшадык.
  • Айыл ичинде тазалыкты сактоо боюнча кандай иштерди аткарып  жатасыздар?
  • Жыл башынан бери тыным албай ар ишемби сайын акыр чикирлерди тазалап, бак-дарактарды актап, куурап калгандарын бутап, ошондой эле негизги жолдун боюнда да тазалоо иштерин жүргүзүп келебиз. Ушул күнгө чейин ишембиликтерди улантып жатабыз. Жалпысынан 16 тонна акыр-чикирден арылдык. “Сретенка-Беловодское” трассанын боюнда 3 миң метрге чейин тазаладык. Жолдун бою негизинен ары бери өтүшкөн машиналардан ыргытылган таштандыларга бат эле толуп кетет. Айтып олтуруп тилибиз тешилди. Элди тазалыкка үндөө иштерин жергиликтүү гезит беттеринен да айтып келебиз. Андан тышкары, “Жашыл Мурас” акциясынын негизинде быйыл айыл өкмөттүн аймагында 120 ар түрдүү бактардын көчөттөрү тигилди.
  • Дагы кандай коомдук иштер менен алектенип жатасыздар?
  • 2022-жылдын 24-февраль айында чыккан КРнын президентинин №54-жарлыгына ылайык айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүлгөн, азыркыга чейин той аштарды өткөрүүдө ашкере чыгымдан сактанууга элдерди үндөп келебиз. Бул багытта элдик жыйындарды өткөргөнбүз.
  • Инвестиция тартуу маселеси кандай, деги эле жеке инвесторлор менен кандай мамиледесиңер?
  • Албетте, инвесторлорду тартуу маселеси бизде биринчи планга коюлган, андыктан бул багытта иш ар убакта активдүү жүргүзүлөт. Мына жакында эле 6-7-июлда биздин айыл өкмөттө “Хиппократес” корея коомдук кайрымдуулук фондунун жардамы менен жашоочуларды медициналык кароодон бекер өткөрүштү жана ар багыттагы медициналык кеп-кеңештерин беришти, анын ичинде ошол эле “Ковид-19” жугуштуу оорусуна каршы эмдөөнү өз маалында алып туруу керектиги да айтылды. Мындан тышкары корея улутундагы жеке инвестор – Хур Ин Фон мырза биздин 80 окуучубузду корея тилине бекер окутуп жатат жана дайыма “Үмүт шатысы” балдар бакчасына акчалай, кай бирде тамак аш менен жардам берип турат.
  • Маанилүү маек куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат. Ишиңиз ийгиликтер менен кошотоло берсин.

Маектешкен Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика