Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Н. МУРЗАКМАТОВ: жобо күчүнө киргенден кийин комиссиялар иштей баштады”

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы: “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү”  жобо күчүнө киргенден кийин комиссиялар иштей баштады”

Президент С.Жапаров мындан бир жыл мурун Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагындагы  “Ак-Ордо-3” жана Орок айыл аймагындагы “ЖЭБ-2” жаңы конуштарында эл менен болгон жолугушуусунда мыйзамсыз курулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштырууну Өкмөткө жана облус, район жетекчилеринен тышкары айыл аймак башчылары менен бирге райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, райондук кадастр мекемесинин жетекчилерине милдеттендиргени баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Мунун жыйынтыгында учурда райондук мамлекеттик администрациянын эки залында 19 айыл аймактагы жерге муктаж жарандардын документтерин кабыл алуу иштери кызуу жүрүп жаткандыгын баса белгилеп кетмекчибиз.

Андыктан өлкө башчысынын берген тапшырмасынын аткарылышы боюнча райондогу Новопавловка айыл аймагынын башчысы Нурболот Мурзакматовго кайрылып төмөндөгүдөй жоопторду алган элек.

-Нурболот Сапарбекович, алгач былтыркы жылдагы жер маселесине байланыштуу берилген өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча маалымат берсеңиз?

-Мамлекет башчыбыз  Жапаров Садыр Нургожоевичтин  эл менен Ак-Ордо-3 конушунда жолугушуусу  болгондо ар бир кызматка өздөрүнүн багыты боюнча тапшырмалар берилгенин мен дагы жалпыга маалымдоо каражаттарынан билчү элем. Анткени мен өзүм ал кезде айыл өкмөт башчысы болуп иштечү эмесмин. Ошол тапшырмаларды аткаруу ыргагында “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу” боюнча Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынып 1-апрелде президент кол коюп берген да. Айрыкча, биздин айыл аймакка караштуу  Ак-Ордо-3 конушунан тышкары Тынчтык, Кудайберген, Учкун конуштарында  биздин  800дөн ашык гектар жерлер буга чейин көйгөйлүү маселеге айланып келген. Аталган  мыйзам менен Президент элдин канча жылдан берки  жер боюнча  көйгөйлүү маселесин  чечүүнүн жалгыз жолу экендиги катары өз мойнуна алып бул мыйзамга кол коюп берди.  Иштелип чыккан бул мыйзам абдан татаал мыйзам.  Бул биздин эле Сокулук районунда  же болбосо Чүй облусунда эле эмес, башка облустарга да тиешелүү талаштуу жерлер аябай көп болсо керек. Ошондуктан мамлекет башчысы тараптан бул аябай чоң кадам болгон.

-Эми жогоруда аталган мыйзамды ишке ашыруу үчүн атайын эрежелер иштелип чыгышы керек эле да?..

-Мыйзамды ишке ашыруу үчүн  жобо иштелип чыгышы керек да. Эми бул жерде татаал маселелер да кездешет. Анткени жердин бир канча ээси бар, же биринен экинчисине өтүп сатылып кеткен болуп чыгат. Дегеле жерлер кайсы категорияга кирери, ал мамлекеттикиби же жеке менчикпи, айтор ушунун баары көйгөй жаратпай койбойт. Мына ушунун баарына анализ жасап, ар биринин өз жолдорун таап жобо жазуу өтө татаал болсо керек. Дегеним,

эми мен тажрыйбалуу эле биртоп жашка барып калган киши катары ушинтип баа бердим да.  Анан  тапшырма аткарылгандын эң негизгиси 31-майда ущул жобого министрлер кабинетинин башчысы Жапаров Акылбек Үсөнбекович кол койду. Эрежесиз ырайым да берилип ишке ашпайт да. Анан ушул мыйзамдын аткарылуу мөөнөтү эки жылда бүтүшү керек. Жобо ошого иретке салыш керек. Кайсы кызматтар кандай жумуштарды жасары аныкталып, такталып калган. Мына сиз деле күбө болсоңуз керек. Ошол жобо күчүнө киргенден кийин тез арада ар бир райондо райондук жетекчиликтин чечими менен комиссиялар иштей баштады. Анткени ошолор  3 айлык мөөнөттө документтерди кабыл алып топтоп, жумушчу топ да иш алып барып жатат. Бул жерде бир нече  мамлекеттик кызматкерлер ишке тартылат. Жумуш азыр кызуу жүрүп жатканын өзүңүз деле көрсөңүз керек. Анткени дагы бир өзгөчүлүктү ушул жерден айтып кетким келет да. Жеке биздин айыл аймак райондук мамлекеттик администрациянын чоң залынын ичинде кабыл алынып жатат. Анан ошол жерде топтолгон адам аябай көп.

Ал эми калган 18 жергиликтүү башкаруу органдары 2-кабаттагы кичинекей залда кабыл алынып жатат. Бирок ал жакта анчалык топтолгон эл жок. Айыл аймак бизге тиешелүү болгондон кийин ушул жумуштарды уюштуруп, документтерди иретке салып кабыл алып, көчүрмөлөрдү, орг.техникаларды алып барып, концелериялык товарлар ушунчалык көп колдонулат.

Ошого биз дагы убактылуу кызматкерлерди эмгек келишими менен кабыл алынгандыктан бир топ иштер жасалды. Акырындык менен  баары иретке салынып келатат. Бөлүштүрүлүп, тиркелип, делолор ачылып, ушул жободо көргөзүлгөн мөөнөттө толук кандуу “мен ушул жерге ээ болом” деген адамдарды толугу менен кабыл алып бүтүп, комиссия жетишет го деген ойдомун. Бир ай биз айыл өкмөтүнө тизмелердин баарын тактап анан кайра  элге тааныштыруу үчүн ар кайсы жерлерге тизмелерди илебиз.

-Эгер тизмелер илингенден кийин талаш-тартыш маселелер жаралса анда кандай жол менен чечилет?

-Такталгандан кийин жарандар тизмелер менен таанышып көрүшүп, кимдердики талаш болуп калган жерлер болсо бир айдан кийин 10 күн мөөнөт берилет. Алар  өз укугунан пайдааланып 10 күндүн аралыгында райондогу комиссияга арызданып, же болбосо талашып-тартышып кайрылса болот. Ошондон кийин гана акыркы тизмени тактап көрүп кайсы жерде талашты жараткан жерлер болсо ал боюнча чечим кабыл алынбайт. Аны тийиштүү укук коргоо органдары же болбосо сот органдары аркылуу тастыктап, анан көйгөйлүү маселени жеке жарандык мааниде  чече башташат. Эми алар азыраак болот. Ал эми көпчүлүк жарандардыкын болсо жолдорун ачып документтерин алганга мыйзам уруксат берет.

-Маек соңунда элге кандай каалооңуз бар?

-Новопавловка айыл аймагына караштуу жанатан бери сиз менен маек куруп жатканда токтолуп кеткен Кыргыз Республикасынын  “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндөгү” мыйзамынын жана “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун аткарылышына элибиз жакшы шарт түзүп, ынтымагын көрсөтүп,  калыстык менен ишибизди талаш-тартышсыз  аяктап, мамлекет башчыбыз Жапаров Садыр Нургожовичти , жобого кол койгон Жапаров Акылбек Үсөнбековичтен тышкары башка жетекчилерди жана жалпы  районубузду, облусубузду кубанткан айыл аймак болсок деген аруу тилегим бар. Ынтымактан аябай жакшы нерселер жаралат. Ырыскы деген эмне? Бул тынчтык эмеспи. “Бүтпөгөн иш болбоор. Бирок бүтүргөн убакыт болот экен”-дейт. Ошол иштин бүтөрүн күтө билген, чыдаган элибиз бул айкөл эл. Андыктан, Новопвловканын эли өзүнүн тартибин, үлгүсүн көрсөтөт деп ойлойм.

                                                                                    Нурлан  ИСАМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика