Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Мугалим дүйнө — тиреги

Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч! Батышта журналистер  «Мугалимсиз дүйнө эмне болмок?» деп суроо узатышса, элдин көбү: «Билимсиз болмокпуз», «Адамдар эмнени каалашса, ошону кылмак.  Баш  аламандык болмок»  деп жооп беришиптир. Ааламдашуу доорунда өлкөбүздө мугалимдин агартуучулук ролу өйдөлөп отурганы өтө суктанарлык көрүнүш. Бул жолку директордон дил маек рубрикабыздын каарманы, Аламдүн районуна караштуу Тойчу Актанов атындагы Кашка-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин директору эл агартуунун отличниги Таласбаева Куннур Исмаилбековна болмокчу.

Кубанычтуу  болгон 2021-2022-окуу жылы

Быйылкы окуу жылы биз үчүн абдан кубанычтуу жылдардан болду. 2021-жылдын 15-сентябрында көптөн күткөн жаңы мектеп ишке берилди. Буга чейин шарты жок мектепте окуганбыз, 2 жыл ичинде салынып бүтүп, мугалимдердин, окуучулардын дегеле баарыбызга жакшы шарт түзүлдү. Жаңы мектептен алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүз да ЖРТдан жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, олимпиададан да алдыңкы орундарга ээ болушту. Республикалык «Жоокер ыры» конкурсунда 1-орунду багындырдык. Албетте ар бир окуучунун жетишкендигине кубанбай коюу мүмкүн эмес. Учурдан пайдаланып, биз менен кызматташкан  “Мерсико” уюмуна, «Оку керемет» долбоорунун  жалпы жамаатына ,“Ага Хан” фондуна, терең ыраазычылык билдиребиз.

Мен тандаган мугалимдик кесип

Мугалим күндөй тийсе чачырап, окуучусу гүл сыяктуу ачылат”- деген жакшы кеп бар эмеспи, менимче  окуучуларды окутуудан ырахат алып, аларга мээрим менен билим берүүнү чын жүрөктөн жактырса кесибинин мыктысы боло алат. Жаш кезимен мугалимдикке кызыгып, дал ушул кесиптин ээси болууга эгедер элем.  Мен Таласбаева Күннур 1965-жылы 21-августта төрөлгөм, балалыгым Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Андан соң, өз жерим Сокулук районундагы Октябрь орто мектебине 7-класстан баштап окуп, андан соң М.Маяковский атындагы  “Кыргыз кыз-келиндер институтунун” чет тилдер факультетин аяктагам. Окууну бүткөндөн бери тынымсыз мектепте иштеп келем. 2001-жылдан мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп 13 жыл иштеген соң, 2014-жылдан бери директор болуп эмгектенип келем. Алгач окууну бүткөндөн кийин мектепте иштегендиктен, ички системасын дегеле көп нерселерди билип анан директор болгонум, менин ишимди алып кетүүдө чоң көмөк көрсөттү.

Дем-күч берген үй-бүлөм

Үй-бүлөмдүн колдоосу иштөөгө дем-күч берет. 2 кызым,1 уулум бар. Балдарым жашоодон ордун таап, бизди кубандырып келишет. Чындыгында мен мектепти биринчи орунга коём. Эмнелерди жасашым керек? Эмнедер жасалбай калды? -деген суроолорду ар дайым өзүмө берип келем. Жолдошум, балдарым айтып калышат: «Мектепке эле жашап албайсызбы» — деп. Бирок, жаңы мектептин салынышына болгон күч аракетибизди жумшап, кээде жолдошум, уулум күнбү-түнбү жардам берип жатышты. Ар дайым мени үй- бүлөм колдоп, жардам берип келгени иштөөгө дем-күч берип турат.

Гүлдөр жакшы маанай жарчысы

Гүлдөр- жакшы маанай жарчысы. Ар бир адам жакшы көргөн нерселеринин жасоодон ырахат албай койбойт. Көбүн эсе убактым мектепте өтөт, бирок кээде бош убактымда гүлдөр менен алек болом. Үйгө, мектепке дегенде келген коноктун назарын өзүнө буруп, айланага, бөлмөгө өзгөчө сулуулук, аруулук тартууласа, экинчи жагынан таза абанын булагы болгон бул, албетте, гүлдөр. Бош учурда ошол гүлдөрдү отоп, алар менен сүйлөшүү да жан дүйнөнү эс алдырат.

Дарыгерлик менен мугалимдик кесип- ыйык кесип

Мен тандаган ыйык кесип- «мугалим». Мен үй- бүлөдө эң кенжеси болгондуктан атам дарыгер болуумду каалачу. Чынында дарыгерликти жөн жерден аркалап калуу мүмкүн эмес, турмушта сөзсүз бир нерселер таасир этет. Жашында жакынын ооруп, «кийин мен доктур болом», дейсиң, же кимдир бирөөнү көрүп шыктанасын дагы, көкүрөгүндө кесипке болгон аруу сүйүү жаралат. Мен, бул кесипти карап, жүрөгүмө жакын болгон жок, ошондуктан дарыгерликти эмес, мугалимдикти тандадым.Менимче дарыгерлик менен мугалимдик кесип- ыйык кесип. Ар бир адам жасаган ишинен ырахат алса, алдыга жылуулар тезирээк болот.

Ар бир окуучуга заман талабына ылайык шарт түзүп берсек, билим сапат жогорулайт

Учурда кайсы гана мамлекеттин болбосун билим берүү системасынын алдындагы негизги да, абдан орчундуу да, маанилүү да, көйгөйлүү да, курч да турган маселе — бул билим берүүнүн мазмунунун ушунчалык тездик менен жаңылануусу, өзгөрүүсү. Ар бир окуучуга заман талабына ылайык шарт түзүп берели дегеним, Ар бир кабинетте интерактивдүү доска коюлуп, интернет менен жабдылса жакшы болмок.

«Билим алуу ийне менен кудук казандай, а билим берүү…»

Чынында туура айтылган, жеңил желпи билим алуу эч кандай жакшы үзүрүн бербейт. Жогорку окуу жайында окуганда сөзсүз изденүү менен окуп, педагогика жаатында мыкты билим алган адам, сөзсүз түрдө сапаттуу билим бере алат деп ишенем. Кандай гана билим берүү системасы болбосун негизги максаты инсанды окутуу, тарбиялоо, өнүктүрүү. Коюлган максаттын натыйжасын ченөөнү, окутуу жана тарбиялоо технологиясынан, методдорунан, окутуу процессин уюштуруудан, материалдык базаны түзүүдөн эмес, бүтүрүүчү инсандын жетишкендиктерин көрүү керек. Көйгөй ССР убагындагы мугалимдердин негизги максаты мыкты билим берүү болгон. Себеби ал учурда үй бөлүнүп, шарт түзүп берген. Азыр да кудайга шүгүр Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров мугалимдердин айлыгын көтөрүп, педагогика тармагына жакшы көнүл буруп, дал ушул тармакка кадрлардын келүүсүнө шарт түздү десем жанылышпайм.

 Азамат Дуйшонбай уулу

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика