Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам

Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Элина Сердюкованын жетектөөсү менен  Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өттү.

Бул маселе боюнча түшүндүрмө маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Асылбек Баймонкоев берди. Кыргыз Республикасында социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо бекитилди.Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Чечим Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында аныкталган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Чечим калктын аз камсыз болгон катмарын коомдук жумуштарга тартуу, окутууга жетүү жана билимин өркүндөтүү түрүндө социалдык колдоонун дем берүүчү чараларын, айыл чарба жана башка тармактарда билим жана көндүмдөрдү ишке ашырууну,эмгек потенциалы бар мамлекеттик  жөлөк пулдарды  алуучулар менен социалдык контракт системасын ишке ашырууну максат кылып коёт . Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун урааны менен макулдашылган иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чаралардын комплексинде өз бизнесин ачууга 100 миң сом берүү каралган. Социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиясы жүргүзөт.

Акылбек МУКТАР.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика