Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу:

Көркөм сөз, ыр, бий, чыгармачылык маданиятты байытып, улуттун жүзүнө айланып оор күндөрү элге жөлөк болуп, кыйын кезеңде сыноолордон татыктуу чыгып кетүүгө себеп болгондугун кыргыздын тарыхтын барактарында  канча ирээт далилденген. Маданият кыргыздын руханий жаралуусунда, адеп-ахлактык өнүгүүсүндө жол ачып, жаратмандык алып келген.

Ошол себеп мененби,  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 1-январындагы “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы кабыл алынып, элдин кубаттосуна ээ болгону баарыбызга маалым. Ушул жарлыкты ишке ашыруу максатын коздөп, Жайыл районунда  “Келгиле, ыр суналы сиздерге”  сынагы жарыяланып, 27 –июлда биринчи мелдеши   Сосновка жана Суусамыр айыл аймактарынын өнөрпоз чеберлеринин арасында өттү.

Сынактын  бет ачар программасына Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Асылбек Нурбеков катышып, маданий иш чаранын Жайыл районунда ийгиликтүү өтүшүнө бардык жайылдыктар салым кошуусу шарт экендигин белгилеп өттү.

“Келгиле, ыр суналы сиздерге” сынагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында өткөндөн кийин, мекеме, ишканалардын жамааттарынын ортосунда да маданияттык беттешүүсү  каралган. Сынактын жыйынтыгы жылдын аягында чыгарылып, эң алдыңкыларды баалуу белектер күтөт.

Сынак журтубуздун маданий жактан эс алуусуна өбөлгө түзүү, кызматкерлердин, жамаатардын руханий-адеп-ахлахтык өнүгүүсү жана дене-тарбиясынын    жакшыртуусуна шарт түзүү,жаштардын нравалык жактан калптануусуна жана тарбиялануусуна руханий жактан баюсуна шарт түзүү, аймактан чыккан эрудиттерге, өнөрпоздорго өбөлгө түзүү максаты менен уюшулду.

Сынак ар бир айыл өкмөттө, окуу жайда, мекеме ишканада  25-декабрына чейин өткөрүлөт. Маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан сынакты ѳткѳрүүгѳ методикалык жардамдар кѳрсѳтүлѳт. Сынакка Жайыл районунун 18 жаштан 75 жашка чейинки тургундары  катыша алышат.

Сынакта калыстар тобу упай берүүдө катышуучулардын билим денгээлине,  сахнадагы чеберчилиги, татына келбети кийимине, боюна оюна карашат.

Бардык жанрлар боюнча жеңүүчүлөргө ээлеген байгелик орундарына жараша сыйлыктар, Гран — При, I, II, III жана кызыктыруучу сыйлыктар каралган. Сынактын чыгымдарын сынакка чакырылган демөөрчүлөр аркылуу каржыланат.

Калыстар тобунун курамы 5 адамдан турат. Анын курамына –райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, шаар башчысынын орун басары, райондук маданият бѳлүмүнүн башчысы, облустук медиаборбордун өкүлү жана райондук маданият үйүнүн кызматкери мүчө болушту.

 

Акылбек МУКТАР.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика