Суббота, 2 декабря, 2023
-2.9 C
Бишкек

ФАПтын ачылышы менен социалдык көйгөйлөр чечилди

Чүй районунун жашоочулары үчүн өткөн жума аймактын социалдык  өнүгүшүнө салым кошкон бир нече иш-чаранын белгилениши менен эсте калды. Алардын бири 22- июлда Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Бурана айылында майрамдалды  Бул күнү ага  айылдын калкы  көптөн -көп күткөн ФАПтын ачылыш аземи себеп болду.  Салтанаттуу аземге Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басарлары Сагынбек Сабыркулович  Оморов, Алтынай Калыкова, Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакай,  Чүй райондук  оорукананын башкы дарыгери Нурбек Абдрахманов,  айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары жана тургундары катышышты.
Аземдин катышуучулары жергиликтүү калкты кубанычтуу окуя менен куттукташып, курулган ФАП ак жолтой болушун, элибиз ден- соолукта болуп, оорулуулар катталбастан, жаңы төрөлгөн наристелердин саны көбөйүп, айылда жакшылыктар улана беришин каалашты.
ФАПтын тушоо лентасы кесилген соң,  райондун жетекчилери мекеменин бөлмөлөрүн аралап,  анын иши менен ордунда таанышышты. Бул жерде кабыл алуу пункту, процедуралык, акушердик бөлмөлөр жайгашкан.  Бурана айылынын тургуну, медицина тармагында 20 жыл бою эмгектенип келе жаткан Гульмира Ашырбаева мыкты фельдшерлердин бири катары ФАПтын
башчысы болуп дайындалды. Анын айтымында,  жергиликтүү тургундарга биринчи медициналык жардам, дарыгердин көрсөтмөлөрү менен дары-дармектер, консультациялар  убагында берилип турмакчы.
Белгилей кетсек, Бурана айылындагы  медициналык мекеменин ачылышына чейин жергиликтүү тургундар айылдан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан ооруканаларга кайрылууга жана төрөлгөн наристелерди каттоого алуу үчүн райондун борборуна барууга мажбур болушкан. Эми ФАПтын ачылышы менен айылда социалдык көйгөйлөрдүн бири  ийгиликтүү чечилгенин Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакай куттуктоо сөзүндө белгилеп, ФАПтын курулуш иштерине жигердүү катышып, талыкпас эмгеги менен өзгөчөлөнгөн  айылдын башчысы Асылбек Ибраимовго  жана айылдын демилгелүү жаштарына чоң ыраазычылык  билдирүү менен  айыл өкмөтүнүн  атынан Алкыш каттарды жана белектерди тапшырды.
ФАПтын курулуш  иштерине  2021-жылы  10-ноябрда жергиликтүү  бюджеттен  3 миллион 369 миң  232 сомго смета түзүлүп, тендер жарыяланган. Ага мурдагы айыл өкмөт башчысы  Акылбек Өскөновдун салымы зор болду.  Аталган обьекти  “Внешторгпромстрой” жоопкерчилиги  чектелген ишканасы тарабынан курулуп,  ишке берилди.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен курулган ФАП  айылдын калкын кубандырды. Аны менен курулуш иштерине  өз эмгеги менен салымдарын кошууга дем берип, ошол жагы менен баалуу болду.

Б.Байдылдаева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика