Бул тууралуу “Токмок суу каналы” муниципалдык ишканасы маалымдады. Эскерте кетсек, шаарыбызда «Токмок шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору быйыл жазында ишин баштаган. Максаты – Токмок шаарын иче турган таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Аталган долбоор Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Долбоордун суммасы 5,1 миллион еврону түзөт. Анын 3,1 миллион евросу грант жана 2,0 миллиону насыя түрүндөгү каражат болуп саналат.
Долбоордун башталышы тууралуу сүйлөшүүлөр мындан 10 жыл мурун 5 –сентябрда башталган. Ал эми 2015-жылы 26-январда анын ишке ашышына кол коюлган. Анын натыйжалуу экендиги 2018-жылы тастыкталып, табылган. Долбоор Токмок шаарынын мэриясы тарабынан аткарылат жана “Токмок суу каналы” муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылат.
Долбоордун алкагында суу менен камсыз кылуу тутумдарын реабилитациялоо боюнча жумуштарга тендер жарыяланган. 1-лотто канализациялык тармакты реабилитациялоо жана кеңейтүү, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү канализация тутумуна туташтыруу иштерине 1100,0 миң еврого, ал эми 2-лотто суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо жана кеңейтүү иштерине 2577,2 миң еврого тендер жарыяланган. Бул сумманын ичине суу эсептегичтерин орнотуу менен суу түтүктөрүн үйлөргө туташтыруу жана тармактын бекитүүчү 60 тетигин алмаштыруу иштери кирет. Биринчи лот боюнча 2021-жылдын 3-декабрында «Импульс-Ош” жана “Наладка Юг” ЖЧК менен тендердин негизинде 734 706 евро 49 центке келишимдер түзүлгөн. Экинчи лот боюнча ошол эле кезде «Профит -Экспресс» ЖЧК жана “Кайнар” ЖАК менен 2 569 532 евро 19 центке келишимдер түзүлгөн. Анын негизинде 1-лот боюнча көп кабаттуу үйлөр узундугу 2 километрге жакын аралыктагы канализация тутумуна кошулса, 2-лот боюнча суу менен камсыз кылуу тутумун реабилитациялоо жана кеңейтүү менен бирге тармактын 60 бекитүүчү тетиги алмаштырылып, 2000 даана суу эсептегичтери орнотулат. Орнотулган суу өткөрүүчү түтүктөрдүн узундугу 22 километрди түзмөкчү.
Учурда подрядчиктер тарабынан суу түтүктөрүн орнотуу иштери шаарыбыздагы 8-март, Жеңиш, Логвиненко, Пушкина, Парковая, Зоя Космодемьянская, Кирпичная, Слободская, Балхашина жана 52806 – аскер бөлүгүнүн суу тосмосунун аймагына, ал эми Трясина көчөсүнүн 2 чакырым жерине суу түтүктөрү менен бирге канализация тутумун орнотуу боюнча иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу “Токмок суу каналы” муниципалдык ишканасынын директорунун экономика суроолору боюнча орун басары Азамат Бокоев билдирди.
Белгилей кетсек, шаардагы суу жана канализация тутумдарынын түтүктөрү 50 жылдан ашык мезгилден бери биринчи жолу оңдолуп, жаныртылууда.
Б.Байдылдаева.