Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Асанкул Жапаркулов: Спортко эми гана көңүл бурула баштады

Кыргызстанда дене тарбияга жана спортко салым кошкон ардагерлердин бири бокс боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, эл агартуунун, билим берүүнүн мыктысы, Балыкчы шаарынын жана Жайыл районунун Ардактуу атуулу Асанкул Жапаркулов. Агай быйыл 77 жашка чыкса дагы жигиттердей шайдоот, чапчаң, шамдагай, нарктуу, чырымталы дагы жаш. Ардактуу эс алууда болсо дагы өзү туулуп, өскөн айылында балдарды бокс менен машыктырып, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп жүрөт. Асанкул агай менен ковид,  жакында өтө турган мурда пандемиянын айынан белгиленбей калган мааракесине арналган эл аралык турнир,спорт, бокс,шакирттери тууралуу аңгемелешип отурдук.

-Машыктыруучулук тагдырымды таразага салып, артка кылчайсам өлкөбүздү Азияга, дүйнөгө тааныткан бир нече бокс чеберлерин тарбиялаган экем.  Кыргызстандын тарыхында Балыкчы шаарында  мурда совет доорунда бокс ийрими, машыктыруучусу да болгон эмес эле. Мен Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт институтун (азыркы Дене тарбия жана спорт академиясы)  бүтүрүп,  жоломо менен  1973-74-окуу жылында Балыкчы шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп, эмгек жолумду баштаган элем. Бул спорт мектебинин ошол учурдагы директору Маралбаев Мелис менен кеңешип, экөөбүз чогуу иштештеп, талантуу балдарды бокс менен машыктыра баштагам.  Ал кишинин уюштуруучулук жөндөмү мыкты эле, мелдештерге балдарды катыштырып, эки жылда эле жакшы натыйжа көрсөтө баштады.  Балдарда дагы өздөрүнө болгон ишеним жаралып,  мектеп окуучулары арасында өлкөнүн жеңүүчүлөрү болушту. 1976-жылы август айында Одесса шаарында Бүткүл союздук “Эмгек Резервдери” спорт коомунун биринчилиги өткөрүлүп, Балыкчы шаарындагы  Макаренко атындагы  мектептин окуучусу Жолдошбек Дадыбаев ,  Лев Толстой атындагы орто мектебинен Игорь Черната катышып, Игорь- алтын, Жолдошбек- күмүш байге утуп, Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп келишкен. Ал учурда союздук мелдештерде байгелүү орунга жетүү кичи дүйнө чемпионатын жеңүүгө барабар, атаандаштык күчтүү болчу.  Дадыбаев Жолдошбек “кичи курактагы улан” категориясында  таймашка чыгып, финалга чейин жеткен. Кийин Балыкчы шаарынын жаш бокс чеберлери өлкөбүздүн, эл аралык мелдештердин көп жолку жеңүүчүлөрү болушту.  Шакирим Кенжебек Акелбаев Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Кыргызстандын Спартакиадасынын жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп, чеберчилиги менен таанылды.   1997-жылы Малайзиянын борбору Кулала-Лумпур шаарында  чоңдор арасында Азия чемпионаты болуп, Кыргызстандын тарыхында менин шакиртим, Эл аралык класстагы спорт чебери Кенжебек Акелбаев финалга чейин жетип, калыстардын айынан аз упай айырма менен алтынды колдон чыгарып, күмүш байгелүү болгон. Ошондо кичине мамлекеттерди калыстар басынтып койгонуна абдан капа болгонбуз.  Бокста мурда-кийин Кыргызстанда  Азия чемпионатынын мындай  ийгилиги болгон эмес.  Бокс боюнча Азиялык күмүш байге эсебин Кенжебек Акелбаев ачып, кийинчерээк Азат Үсөналиев  Азия чемпиону болду. Ошондой эле 1997-жылы  Ирандын борбору Тегеран шаарында Чыгыш –Азия оюндары өтүп, анда дагы Кенжебек жеңүүчү деп таанылган. 1999-жылы Борбор Азия оюндарында бардык атаандаштарын утуп, алтын медаль тагынган. Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган эл аралык мелдештин көп жолку жеңүүчүсү болуп, кыргыз боксунун мыкты чебери аталды.  Чоң спорттон кийин менин жолумду жолдоп, машыктыруучу болуп, 2010-жылдан бери өлкөбүздүн жаштар тандалма командасынын улук устаты болуп, анын шакирттери А.Баатыралиев уландар арасында дүйнө чемпионатында коло байге утуп келсе, уландар арасындагы Азия чемпионаттарында А.Нусипбаев, Ф.Хамраев, М.Равшанбек уулу, Р.Эрнис уулу жана башкалар байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Натыйжада Кенжебек дагы Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу деген ардак наамдын ээси болду. Кенжебектин дагы бир шакирти Мурасбеков Бекбол мурдагы жылы Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болуп келди. Быйыл 2022-жылы март айында Иорданиянын Аманда шаарында   Алмаз Орозбеков жаштар арасында Азия чемпиону болду. Ошондой эле Рустамбек уулу Нурадин,  Ырысбек уулу Рустам, Абдыжапар уулу Сыргак дагы Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү болуп саналат. Уландар арасында дүйнө биринчилигинде байгелүү орундарды ээлеген Жылдызбек уулу Акназар, Нурлан уулу Темирлан келечегинен үмүткөр кылып, өлкөбүздү дүйнөлүк аренага таанытат деген ишеним бар.

-Балыкчы шаарында очор бачар болуп, көп жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыгып, анан эмне менен алектендиңиз?

— Мен ардактуу эс алууга чыгып, Жайыл районуна караштуу туулуп-өскөн Жекен айылыма келгем. “Туулган жердин топурагы алтын” деп коюшат эмеспи. Жаш өткөндөн кийин айылды самап, ага-тууган менен катышууну каалайт экенсиң. Ошентип айылга келсек “башка жерден кыйындарды, чемпиондорду чыгарып жатасыз, айылдан дагы таланттуу балдарды чыгарбайсызбы” деп, сунуш кылып калышкан. Айылдагы спорт залдын ачылышына райондун акими  Ногоев Турсунбек, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери катышкан. Ошондо мага сөз бергенде “баарыңар кол кабыш кылсыңар, мен колуман келишимче балдарды тарбиялап, аракет кылып көрөйүн” деп айтып, айлыбызда бокс ийримин ачкан элек. Бул спортко шыктуу балдардан 3 өспүрүм жакшы чыгып, облустун биринчилигинде Нурдин уулу Мухаммед менен Кудаяров Рамазан байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Анан 2006-жылы төрөлгөн жеткинчек Данияров Темирхан келечегинен үмүткөр кылып,  жакшы ийгиликтерди жарата баштады.  Ал 2019-жылы  Алматы, Кордой, Мерке , Кант, Балыкчы шаарларында  өткөн Эл аралык беттештердин жеңүүчүсү болуп, ишенимди жаратты.  Ошол жылы Чүй облусунун чемпиону да болду.  2019-жылы Жалал-Абад облусунда май айында өткөн Кыргызстандын мектеп окуучуларынын  спартакиадасында бардык атаандаштарын утуп, баш байгени ээси, чемпион болгон.  Ошондой эле 2021-жылы 3-11-сентябрда  Казань шаарында Шериктеш мамлекеттердин чемпионатында Кыргызстандын намысын коргоп, коло медаль утуп келди.  Быйыл 2022-жылы январда  борбор калаабызда өткөн уландар арасындагы өлкө чемпионатта биринчи орунду жеңип алып, спорт адистеринин көңүлүн бурду. Ошондой эле эл аралык аренада Кыргызстанды таанытып, 2022-жылы 1-15-мартта Иорданияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байгелүү болуп келди. Темирхандын чеберчилигинин өсүп, ийгиликтерге жетүүсүнө 220-жылдан баштап мыкты устаттардын бири, тажрйыбалуу педагог Азис Акматов да салым кошуп, мени менен бирге иштеп жатат.

Балыкчы шаарында он жылдан бери Кенжебек Акелбаевдин байгесине арналган эл аралык турнир өткөрүлүп жүрөт.  Бул мелдешке жыл сайын орус, казак, өзбек, тажик спортчулары келип, мөрөй талашып жүргөн. Тилекке каршы дүйнө жүзүн каптаган ковид илдети, ппандемияга байланыштуу эки жыл өтпөй калган. Жакында бул эл аралык турнир Балыкчы шаарында кайрадан өткөрүлгөнү камылга көрүлүп жатат. Мындай мелдештерде гана жаш таланттар таанылып, чоң спортко кадам ташташат. Ошондой эле Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын таанытууга дагы өбөлгө болуп келүүдө.

Бул турнир быйыл кайсы учурда болот?

-Быйыл жайдын толукшуган учурунда  20-июлдан 25-июлга чейин  10 жылдык мааракелик мелдешти Балыкчы шаарында уюштуруп жатышат. Ага кошулуп,  пандемияга байланыштуу менин 75 жылдык мааракем белгиленбей калган, быйыл ошол мааркемдин урматына ушундай мелдешти кошо уюштуруп жатабыз.  Бул жерден дагы эл аралык мелдешке Орусиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Казакстандан командалар келгени жатышат. Мелдеш курч мүнөздө, атаандаштык маанайда өтөт деген тилектебиз.

— Өзүңүз спорт менен кандайча машыгып калдыңыз? Жана сизди шыктандырган устаттарыңыз кимдер эле?

— Алгач 1959-жылдан бери бокс менен машыгып,  “Эмгек Резервдери” спорт коомунда  Афанасев Виктор Сергеевичтен таалим-тарбия алдым, кийинчерээк Лим Алексей Анатольевич мени машыктырып, бокс ыкмаларын терең үйрөтүп, мелдештерге катыша баштадым. Менин алгачкы жетишкендиктерим болсо 1962-жылы “Эмгек Резервдери” спорт коомунун Спартакиадасында биринчиликти алып, чемпион аталгам. Спартакиаданын көп түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыгында, мага “эң мыкты спортчу” деген наамды  берилип, фотоаппарат белек кылып куттукташкан.  Ошол ийгилигим Кыргызстандын тандалма командасына мүчө болууга негиз болгон эле.  1962-жылы Севостополь шаарында  өткөн Бүткүл союздук  “Эмгек резервдери” спорт коомунун  Борбордук Кеңешин биринчилигинде  57 салмакта Кыргызстандын намысын коргоп келгем. 1964-67-жылдары Советтик Армиянын катарына чакырылып, Польшада кызмат өтөп, ал жерде дагы бокс менен машыгуумду улантып, социалисттик өлкөлөрдүн  Түндүк аскер күчтөрүнүн биринчилигинде бардык атаандаштарымды утуп, чемпиону болгом. Көбүнчөсү ал жерде машыкканда оор салмак категориясына СССР жана Европа чемпиону Абрамов Андрей Васильевичке туш келип, тажрыйбалуу устаттан таалим-тарбия алгам . Мени шыктандырып, бокс дүйнөсүнө алып келген устаттарым менен сйымыктанам.  Мен дагы алардын жолун жолдоп, жүздөгөн жаштарга таалим-тарбия бердим.  1970-жылдардан бери  Балыкчы шаарындагы бокс менен машыккан  балдар Эл аралык мелдеште жакшы жетишкендиктерди көрсөтүп келишүүдө. Учурда менин окуучуларым ар кыл кесиптин ээлери болушуп, өлкөбүздүн экономикасына, маданиятына, илим-билим тармагына салым кошуп келатышат. Мисалы бокс боюнча спорт чебери Жолдошбек Дадыбаев ветернария илимдеринин кандидаты, мал чарбачылыгы боюнча эл аралык консультат. Ал эми Ысык-Көл облусунун чемпиондору Рысбек Орунтаев менен Шавхат Равхатбулин, Кыргыз Республикасынын Спартакиадасынын чемпиону Канат Шаршеев жана Ысык-Көл облусунун жеңүүчүсү Азамат Исаев жана башкалар жеке ишкерлер катары экономикага зор салым кошуп жаткан азаматтар болуп саналат.   Азыр менин окуучуларымдан  биринчилерден болуп, жолумду жолдоп Турат Сулайманкулов, ага жардам берген Мамытов Сүйүн  Балыкчы шаарындагы балдар спорт мектебинде бокс боюнча устат, машыктыруучу болушуп,  үзүрлүү  иштеп  жатышат.

 — Кыргызстанда боксту кандай жол менен Эл аралык деңгээлге жеткире алабыз? Эмне себептен олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарга илинбей жүрөт? Эмне себептен Дүйнөлүк чемпионаттарда биздин жигиттер ийгиликтерди жарата албай жатышат?

— Негизинен алганда буга чейин дагы каражат жагынан көп жетишсиздиктер, өксүктөр болгон. Спорт-экономиканын барометри деген туура экен. Каражаттын жоктугу кендирди кескен учурлар арбын болуп, мыкты мушкерлерибиз эл аралык турнирлерге катышпай калган учурлар кездешти. Мисалга эле  менин шакиртим Кенжебек Акелбаевдин тагдыры айтайын. Кенжебек табына келип турган учурда  Будапешт шаарында Дүйнө чемпионаты өткөрүлгөнү жаткан эле.  Дүйнө чемпионатына  континентте биринчи жана экинчи орун алган жигиттердин баары катышмак. Алардын жатаканасы, тамак ашы бекер болмок. Бир гана шарты жол кирени дүйнө чемпионатына жөнөткөн өлкө каржыламак. Тилекке каршы ошол учурда Кенжебекке жол киреге каражат таба албай аябай убара болгон элек.  Ошол мезгил биз үчүн кыйын эле, жол кире каражат таба албай, өз каражатыбыз менен барып, кийин гана ошол учурдагы бокс федерациясынын президенти, маркум Медет Садыркуловдун кийлигишүүсү менен мамлекет кайра төлөп берген.Каражат издеп жүрүп, машыгууларыбыз да үзгүлтүккө учурап, Кенжебек дагы психологиялык жактан чүнчүп калган эле.  Биз ошол дүйнө чемпионатына бараардын алдында Өзбекстандын бокс боюнча тандалма командасы  АКШнын Нью-Йорк шаарында, Казакстандык тандалма мушкерлер  Тайланддагы эл аралык машыгуу борборлорунда машыгууларды өткөрүп, дүйнөлүк бокс жылдыздары менен бирге жүрүшкөн. Мен жалгыз Акелбаевдин жол киресине тыйын таппай кыйналып, баары каникулга, эс алууга чыгып, бизге көңүл бурулбай калгандыктан дүйнө чемпионатында  ийгиликке жетишпей калганбыз. Жөн эле Казакстандын өрөөнү менен бир деңгээлде машыгып жүрүп, мүмкүн Кенжебектин жылдызы жанып,  Азия, дүйнө чемпионаттарында байгелүү орундарга илинип калышы ыктымал эле. Ошол учурда Кенжебек сыяктуу таланттуу жаштардын толук мүмкүнчүлүктөрү ачылган жок. Азыркы убакытта дагы көп жетишпегендиктер болуп, эл аралык деңгээлде бирге машыгуулар, устаттарды даярдоо, окутуу жагынан кемчиликтер болуп жатат. Соңку учурда бокс кайрадан жанданып, ийгиликтер жаралып жатат. Советтер союзу учурунда СССРдин чемпионаттарында байгелүү орундарды камсыз кылган, кийин мамлекеттик жана спорт тармагында ишмер катары таанылган, Жогорку Кеңешке бир нече ирет депутат болгон Үмбетаалы Кыдыралиев кайрадан бокс федерациясына президент болуп шайланып, демилгелүү иштеп жатат. Мамлекет жетекчилери дагы   спортту жакшы карап, кудай буйруп оңолуп, алдыда  жакшы жеңиштер, ийгиликтер болот деген ишеним бар.

— Балдарыңыздан дагы сиздин жолду жолдоп, бокс менен машыккандар болдубу?  Балдарыңыздын спортко болгон мамилеси кандай?

— Биздин үй-бүлө спортко ышкыбоз, ден соолукка өзгөчө маани берген спорт күйөрманы болуп саналат. Менин үч уулум, бир кызым бар, улуу балам көз айнек тагынып, бокско жөндөмү жок болуп калды. Бирок, улуу уулум Жуман кол күрөш (армреслинг) менен машыгып, облусттук , республикалык мелдештерде байге алып жүргөн.  Экинчи уулум Улукбек шамдагай, ыкчам эле, бирок ал воллейболду тандап, машыгып, облуска таанылды. Үчүнчү балам Нурболот дагы көз айнек тагынып, спорттун жеке түрлөрү менен машыкпай, кол күрөш мелдештерине катышып, Ысык-Көл облусунун, Кара-Балта шаарынын жеңүүчүсү болуп, кийин башка кесипти тандап кетти. Кызым Айша дагы волейбол боюнча Ысык-Көл облусунун курама командасынын катарында ойногон. Кызым жана жубайым экөө тең шахматты мыкты ойнойт. Неберелерим дагы Токио олимпиадасында байгелүү орундарды ээлеп, кыргызды дүйнөгө тааныткан Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарованы көрүп, “мен дагы Акжол байкедей, Айсулуу эжедей  чемпион болом” деп кыялданышат. 5-класста окуган небере Ахмат болсо  эркин күрөш менен машыгып жатат. Жубайым Кайыргүл Исалиевна Кудабаеванын кесиби педагог, билим берүүнүн мыктысы (отличниги), учурунда Балыкчы шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы (азыр Чыңгыз Айтматов атындагы) орто мектептин директору болуп, билим берүү тармагына зор салым кошкон. Ал дагы шахмат боюнча Ысык-Көл облусунун 6 жолку чемпиону болуп саналат. Мен Кыргызстандын намысы деп машыгууларда, мелдештерде күндөп-түндөп, үй бетин көрбөй жүргөндө үй-бүлө түйшүгүн, балдарды тарбиялоону моюнга алган жубайым Кайыргүлгө терең  ыраазычылыгымды билдирем. Устаттарга, спорт ишмерлерине чыдаган айымдар саналуу гана. Менин ушундай даражага, сый-урматка жетишиме анын салымы тоодой.  Чынында эле ааламга кеткен жол айылдан башталат дегендей, айылда спортко шыктуу таланттуу балдар бар. Аларга машыгууга шарт түзүлүп, камкордукка алынса, келечекте Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада оюндарында байге алган  жаштар чыгаарына ишенем. Спорт гана Кыргызстанды эл аралык аренага таанытат. Дени сак улуттун келечеги кең болуп, экономикасы да өрүшкө, өсүшкө бет алып, чеби да бекем болот. “Чептен эрдин күчү бек” деген кептин маңызы ушунда. Дене тарбиясына жана спортко маани берип, көңүл бурган өлкөнү дүйнө тааныйт. Себеби, президент чет өлкөгө барганда жана спортчу жеңишке жеткенде гана мамлекеттин Гимни ойнолуп, туусу көтөрүлөт. Ылайым Кыргыздын желеги жеңиштерибизди даңазалап, ободо желбирей берсин.

Асанкул агай, жакшы, мазмундуу маегиңиз үчүн рахмат. Сиздей нарктуу, спортко зор салым кошкон ардагерлерибиздин кеп-кеңешин ар дайым эске алып туруубуз зарыл. Байгеңиздерге арналган эл аралык мелдеш атаандаштык жана достук маанайда, калыс, ийгиликтүү жана жеңиштүү өтүшүнө тилектешпиз.

 Кабыл Макешов,

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика