Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Айыл-чарба- экономиканын өзөгү

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Жайыл районунун  айылдык товар өндүрүүчүлөрү  салымын кошуп келүүдө.

Статистикалык маалымат боюнча 2022-жылдын 1-жарым жылдыгында айыл чарба азыктарын өндүрүү 1780,4 млн.сомду түзгөн, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ( 2021-ж.-1103,5 млн.сом) 676,9 млн.сомго  жогору болду, өсүү темпи  -161,3 % түздү. Анын ичинен мал чарба азыктары 1528,3 млн. сомго өндүрүлдү (2021-ж. -1103,5 млн.сом), өсүү темпи 138,4 % түздү, анын ичинен азыктардын түрү боюнча – эт 5565,2 тн.(2021ж. 5537,3тн.), сүт 24609,7тн. (2021-ж. 22576,9 тн.), жумуртка 7 млн. 605 миң     даана (2021-ж 6 млн.617 миң даана) өндүрүлдү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу,  эт 27,9 тн., сүт 2032,8 тн. жумуртка 988 миңге   көп өндүрүлдү.

Жайыл районунда жазгы кош айдоо планы 35883 га мерчемделген, айдалды 38321га, же план 106,7 % аткарылды. Чүй зонасында 28260 га план болсо, 30698 га айдалып 108,7 % түзүүдө.

Жазгы кылкандуу  дан эгиндерин себүү программасы бардыгы болуп 29110 га түзсө, 30160 га себилип, программа 103,6 % аткарылды, анын ичинен: жаздык буудай себүү программасы 3660 га түзсө, 3340 га себилип, же  план 91,2 аткарылды, жаздык арпаны себүү планы  25450 га түзсө, 26816 га себилип, программа 105,3 % аткарылды.

Кылкандуу дан эгиндерин себүү өнөктүгү 7-февралда башталган. Күздүк дан эгиндерин азыктандыруу планы 6000га. болсо, 6190 га азыктандырылып план 103,1 % аткарылды.  Андан тышкары 740 га кант кызылчасы, 805 га жүгөрү дан азыктандырылды.

Дотация менен райондогу  3 үрөн чарбадан дыйкандарга кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү: буудай  (“Интенсивный”, “Тризо”, “Ликамера” сорттору), 25,05тн, арпа (“Калькуль”, “Нутанс”, “Максат” ) 87,2 тн, “Элдан Аталык” үрөн чарбасынан жана “Таза Жан” үрөн чарбаларынан, арпа (“Вакула, Калькуль Маргрет) жана буудай  (“Гетман”) -68,35 тн, жүгөрү Ф-1- 1,2 тн. берилди.

Россия Федерациясынан жана Казакстан Республикасынан келген үрөндөр дыйкандарга таратылып берилди, анын ичинен арпа үрөнү:  “Вакула” Элита  -33,345 тн, “Вакула ” 1 репродукциясы -33,345 тн, “Мамлюк” Элита -66,69 тн, “Мамлюк” 1 репродукциясы -20 тн, “Достойный” Элита -34,86 тн, “Ратник” Элита -67,7 тн, “Леон” Элита -61,91 тн  дыйкан фермерлерге таратылып берилип,  көлөмү 317,85 тн түздү. Буудай  үрөнү “Карабалык 20”, Элита -20.0  тн,   Сафлор  “Ершовский — 4” — 4,85 тн берилди. Баардыгы болуп 518,5 тн арпа үрөнү, 20 тн буудай, 4,85 тн сафлор үрөнү берилди.

Жайыл районунда   кылкандуу дан эгиндер бардыгы 46867 га аянтка себилип 96,7%, 2021-жылга салыштырмалуу 1595га аз себилди, (2021-ж.48462га). анын ичинен: буудай  18909га (2021-ж.21555га)  же 87,7% себилип 2646га аз болду. Арпа 27958 га себилип, 2021-ж.  салыштырмалуу    1051 га көп болду, же 103,9%  түздү.

 

 Акылбек МУКТАР

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика