Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Канат САДЫКОВ: Университеттин 90 жылдык юбилейи жогорку деңгээлде өтөт

-Үстүбүздөгү жылы мамлекетибиздин көп жылдык тарыхы бар тунгуч жогорку окуу жайы Ж.Баласагын атындагы Улуттук университет 90 жашка чыгып отурат. ЖОЖдорубуздун флагманы болгон бул окуу жайында кезинде белгилүү окумуштуулар, академиктер, профессорлор билим алышкан. Маараке алдында эл аралык билим берүү системасында аброю бар окуу жайдын ректору Канат Садыковду кепке тарттык.

      — Канат Жалилович, маараке алкагында окуу жайда кандай иш-чаралар өткөрүлдү жана келечек пландарыңызды айтып берсеңиз?

-2022-жылыдын башынан тарта окуу жайга эмгеги сиңген инсандардын 70,80, 90 жылдык юбилейлерин университетибиздин 90 жылдык юбилейинин алкагында белгилейли деп чечкенбиз. Апрель айында белгилүү академик, окуу жайдын ректору Оторбаев Кайып Оторбаевичтин 100 жылдык юбилейине карата илимий-практикалык конференция өткөздүк. Ал кишинин юбилейи студенттер менен окутуучулар арасындагы спорттук мелдештер менен коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.

Мындан сырткары, жакында тарых факультетинин юбилейдик иш-чарасы болот. Ал иш-чарага утурлай “Тарых факультетинин тарыхы” деген китеп чыгардык. Бул факультетке биринчи маани бергенибиздин себеби университеттин уюшулушуна факультет негиздөөчүлөрүнүн салымы зор болуп, кийин алардын көбү окуу жайдын ректорлук кызматын да аркалашкан.

Факультеттин юбилейлик иш-чарасында ошол инсандардын эмгеги тууралуу кенен кеп-сөз болот. Изилдөөлөр, чоң-чоң конференциялар, чыгарылган китептердин ачылыш аземдери менен коштолгон бул иш-чара майайынын аягында өтөт. Бирок, 90 жылдык юбилейибизге арналган башка мамлекеттердин окуу жайларынын өкүлдөрү да катыша турган негизги и-чараларыбыз октябрь айынын башына пландаштырылган. Анткени биздин эл аралык өнөктөш окуу жайлардагы окуу процесси октябрь айында пландуу түрдө башталат.

      -Эл аралык өнөктөш окуу жайлар деп калдыңыз, юбилейге кайсыл мамлекеттердин окуу жайларынан делегаттар келиши күтүлүүдө?

-Улуттук университет менен көп жылдардан бери кызматташып, салым кошуп келе жаткан эл аралык университеттер арбын. Юбилейге Россиянын Москва мамлекеттик университетинин, Санк-Петербург, Новосибирск жана Алтай мамлекеттик университеттеринин жетекчилери келишет. Ошондой эле кыргыз мамлекети эгемендүүлүккө жетишкенден бери биз Кытай мамлекетинин Пекиндеги Чет тилдер боюнча мамлекеттик университети, Шанхай саясий жана юридикалык университети менен биргелешип бир топ программаларды ишке ашырып, студенттерди, магистранттарды даярдап келгенбиз. Бул окуу жайдын өкүлдөрү биздин юбилейге катышуу оюн билдирип жатышат. Баса белгилей кетсем, ушул жылдын башында биз Хынань мамлекеттик университети менен биргеликте окуу жайыбызда Жибек жолу институтун ачтык. Институтта кадр даярдоо, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кытай тил маданиятына байланышкан иш-чараларды алып баруу багытында иш жүргүзүлөт. Бул университеттин жетекчилери да юбилейибиздин сыйлуу конокторунун бири болмокчу.

Мындан сырткары, биз Япониянын белгилүү университеттери менен кызматташабыз. Университетибиздин астында кыргыз-Япон борбору жана JICA уюму менен программаларыбыз бар. Бул программалардын негизинде жылына эки магистрантыбызга Япония мамлекетинен стипендия берилет. Мындай стипендияга ээ болгондордун бир канчасы окуусун аяктаса, учурда окуп жаткандары да бар. Буо программа боюнча япон тилин окутуу, МВА курстарын өткөрүү боюнча даярдыктарды көрүп жатабыз.

Андан сырткары, Улуттук университет 2018-жылдан тарта Азия мамлекеттеринин университеттери ассоциациясын жетектеп келе жатат. Эки жарым жылдан бери аталган ссоциациясынын президенттик кызматын мен аркалап жатам.  Бул ссоциацияга Кытай, Монголия, Россия жана Борбор Азия мамлекеттеринен 104 ири мамлекеттик университеттер кирип, биргелешкен иштерди алып барышат. Күзүндө ссоциацияга кирген университеттерден да бир топ коноктор окуу жайдын юбилейине келишет.

Буга карата учурда чоң даярдыктарды көрүп жатабыз. Кыскасы, негизги биздин максатыбыз –Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Кыргызстандагы университтери арасындагы аброюн көтөрү жана окуу адистиктерибизди, окуу пландарыбызды жакшыртып, рынок шартына ыңгайлаштыруу.

      -Бул окуу жайды беш жылдан бери жетектеп келе жатасыз? Ушул аралыкта университеттин билим берүү системасында кандай жетишкендиктер болду?

-Стратегиялык өнүгүү багыттарыбыздын бири болгон санариптештирүүнү эртерээк баштаганыбыз үчүн биз коронавирус пандемиясындагы маселелерден ийгиликтүү чыгып кеттик. Тактап айтканда 2017-жылдан тарта биз жаңы тутумдагы компьютердик серверди ишке киргизип, компьютердик баркыбызды жогорку деңгээлге көтөрүп алдык. Бул азыр 9 корпусубуздагы окуу процесстерин башкарууга чоң жардам берип жатат. Алсак, Инновациялар жана информатика факультетиндеги студенттерге Apple системасы менен иштеген эң акыркы муундагы компьютерлерди коюп бергенбиз. Андан сырткары, Түштүк Кореядан бир өнөктөш университет менен дагы бир программаны бекиткенбиз. Окуу прогораммабызда заманбап программисттерди даярдоо каралгандыктан эки ай мурда жаңы муундагы компьютерлерге ээ болдук. Ушулардын негизинде коронавирус убагында биз дистанттык окутууну сапаттуу жүргүзө алдык. Ошол учурда биздин бир топ мугалимдерибиз үйлөрүндө отуруп калбай квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшүп, дистанттык билим берүүгө тиешелүү программаларды өздөштүрүштү.

Ошондой эле университетибиздин башкы имаратын заманбап кылып жасап алдык. Компьютердик техникаларыбызды жаңылоонун негизинде көп кагазды талап кылган иштерди компьютердик программалардын негизинде жүргүзүп жатканыбыз окуу процесин толук кандуу нормага келтирди десек болот.

Ал эми Эл аралык рейтингге келсек, биздин окуу жай химия, химиялык технология, математика, физика, биология, юриспруденциябагыттары боюнча 2020-жылы Эл аралык эркин рейтинг аныктоо агенттигинин чечими менен биринчи орунга чыкты. Ошондой эле Европалык илимий өндүрүштүк палатанын ушул жылдагы чечими боюнча Кыргызстандагы университеттердин ичинен алдыңкы орунга ээ болдук. Мунун өзү акыркы беш жылдагы жетишкендигибиздин далили. Бирок, алдыда дагы кайсыл багыттарды артта калып жатканыбызды анализдеп, ички университеттердеги рейтингибизди жогорулатууга аракет кылабыз. Кыскасы беш жылда өтө көп ийгиликтерге жетише алдык.

  • Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүү стратегияларынын алкагында сиз жетектеген окуу жай кандай иштерди жасап жатат?

-Садыр Нуркожоевичтин билим берүү системасына жогору маани берип жатышы сөзсүз түрдө бизге да тиешелүү. Анткени билим берүү системасындагы өзгөчө көйгөйлөр окуу жайга келген студенттерден башталып жатат. Абитуриенттердин мектептен ала албай калган билим деңгээлин толуктоо максатында айрым программаларыбыз мектеп программаларын кайталоо багытында болуп калып жатканы да ошондон.

Бул боюнча биз Билим берүү министрлигине дагы билдиргенбиз. Бул жагынан алганда жалпы билим берүү мекемелерине көңүл бурулуп, мугалимдердин статусун жогорулатуу максатында алардын маянасынын жогорулатылышы бизди да сүйүнтүп турат. Учурда биз педагогика багытындагы бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатын жогорулатыш үчүн окуу пландарыбызды анализдеп көрсөк, студенттердин мектептерге бөлүнгөн практикалык сааттары аз экен. Мектепте практикалык сааттар көп болуш үчүн окумуштуулар кеңешинин чечими менен ошол сааттардын санын көбөйтүүгө бардык. Жеке менчик окуу жайлардан барган студенттердин практикалык сааттарына бөлүнгөн каражат биздикине салыштырмалуу жогору болгондуктан, биз практикалык саатарга төлөнчү төлөмдөрдү да жогорулаттык.

Чынында жалпы ЖОЖдор билим берүүнүн теориялык жагына көбүрөөк ооп кетип жатабыз. Бул боюнча апрель айындагы билим берүү системасындагы кызматкерлер менен Президенттин жолугушуусунда Билим берүү министрибиз Алмаз Бейшеналиев туура белгилеп кетти. Ал жерде мугалимдердин акчасын көбөйтүү боюнча эле эмес, жалпы билим берүү системасындагы комплекстүү өнүгүү жагынан кандай иш-аракеттер жасалат деген суроо коюлду. Бул өзгөчө көз караш. Буга байланыштуу бизде бир топ жакшы өзгөрүүлөр болот деп ойлойм.

  • Учурда дүйнө жүзүндө билим, илим саат, мүнөт сайын өзгөрүп жатат. Акыркы жылдарда сиздерде кошумча кандай факультеттер ачылды?

-Багыттар боюнча айтсак, экономика багытында жаңы Европа стандарты менен Кыргыз – Европа факультети иштеп жатат. Бул экономика жана башкаруу багытында. Биз окуу планыбызды Франциядагы университеттер менен биргелешип түзгөндүктөн, 2-курсту бүткөн студенттерибиз Францияга которулуп, окуусун улантып эки диптломго ээ болот. Ошону менен биздин университеттин  диплому Францияда дагы таанылат. Учурда Францияда окуусун ийгиликтүү аяктап ал жакта иштеп жаткан, кайра кайтып келип Кыргызстанда эмгектенип жаткан жарандарыбыз көп.

Мындан сырткары, мурда корей тилин 6 ай окутуп, сертификат гана берип келсек, эми биз “университет менен университет” байланышына өткөнбүз. Эки жыл мурун “лингивистика –корей тили” деген жаңы багыт ачылып, студенттерге Корея университеттеринен келген мугалимдер сабак берип жатат. Кудай буюрса, алар бакалавриатты бүтсө, магистратураны Кореяда улантып, жогорку деңгээлдеги кадрлар болот деген үмүттөбүз.

Ошондой эле жогоруда айткан Жибек-Жолу институтунун ичинде компьютердик программалардын негизинде “адистерди даярдоо”, “бизнес менен компьютердик бизнес” деген жаңы багытты Хынань мамлекеттик университетинин окуу планынын негизинде түздүк. Кудай буюрса, сентябрдан тарта ушул багытта да жаңы ыкмалар, технологиялар менен билим берүүгө даярданып жатабыз.

  • Учурда ЖОЖдордо окуу келишимдеринин баасы жогорулагандыктан аны төлөй албай калгандар бар. Бул жагынан кандай иштер жүрүп жатат?

-Бизде негизинен ар кандай категориядагы, ар кайсы региондордон келген студенттер окушат. Өткөн 2021-2022-окуу жылында социалдык коргоого муктаж болгон студенттерге 6млн. сомдон ашык каражат жумшалды. Анын ичинде тоголок, жарым-жартылай жетимдер бар. Тоголок жетимдерге мамлекеттик мыйзамдын негизинде сөзсүз түрдө жардам берилет. Жарым-жартылай жетимдердин тиешелүү маалыматтарын атайын комиссия карап чыгып, керектүү жеңилдиктерди берип жатабыз. Ошондой эле спорттук мыкты ийгиликтерди көрсөткөн студенттерге да 50 же 100 пайыз жеңилдиктер берилген учурлар бар. Бирок, менимче, бул жетиштүү эмес. Себеби,  ар бир баланын жетишкендиги, социалдык абалына жараша атайын стипендиялар болушу керек. Бизде андай мүмкүнчүлүктөр азырынча мыйзамдуу түрдө жок. Азыр өзгөчө статусу бар университеттер жөнүндө жаңы мыйзам долбоору бар. Ал кабыл алынып калса, ушундай айрым студенттерге стипендия катары акча каражатын берүүгө жетишип калабыз деген ойдомун.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика