Четверг, 1 июня, 2023
28.1 C
Бишкек

Беловодский айылынын 155 жылдык мааракеси болду

Жакында Сары-Өзөн Чүйдүн Москва районундун борбору болгон , Беловодский айылында , май майрамына катарлаш Беловодский айылынын 155 жылдык мааракеси болуп өттү.

Көп улуттун башын бириктирген бул айылдын тарыхына кайрылсак, 1865-жылы азыркы Беловодский айылынын  ордунда  почта бөлүмү курулуп, анда астында капрал 12 куралдуу солдаттары менен жашаган.

Ал 1866-жылы генерал-губернатордун буйругу менен Ак-Суу дарыясынын батыш тарабындагы чоң жолдун боюнда отурукташкандар үчүн  800 сотых жер бөлүнүп берилген.

12 үй-бүлөдөн турган көчмөндөрдүн алгачкы кербени 1867-жылы Токмоктон көчүп келген.

Алардын арасында: Шапаревдер, Соколовдор, Домашовдор, Сологубовдор, Пуховдор жана Бондаревдер болгон. Воронеж жана Оренбург борбордук губернияларынан жылкы жана өгүздөр менен отурукташкандар келишкен. Алар айыл чарба шаймандарын, дан жана жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктарын алып келишти, уйларын айдап келишти. Чогулушта ар бир үй-бүлө айылды өз фамилиясы менен атагысы келгени – Соколовка, Шапаревка ж.б. көпкө созулган талаш-тартыштардан кийин капралдын сунушу менен айылга Ак-Суу («Белая вода») Беловодское деген ысым ыйгарылган.

Ефрейтор бул ысым карталарга жазылып калганынан, кыргыздар да, аймактын  биринчи орус изилдөөчүлөрү да бул ысымды билишкендигинен, капрал пикири менен макул болушкан. Бир жылдан кийин, тактап айтканда 1867 жылдан тарта  айыл  Беловодское деп аталып калган.

Бир жарым кылымды карыткан бул айылда революционер, советтик аскер башчы Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы Беловодск чиркөөсүндө сууга чөмүлтүлгөн. Атасы Василий Михайлович 1875-жылы катуу жер титирөөдөн кыйраган Беловодскийдеги чиркөөнү калыбына келтирүү үчүн каражат чогулткан.

Михаил Васильевич Фрунзе 1918-жылы 7-декабрда антисоветтик көтөрүлүш чыгып, аны социалисттик-революциячыл партиянын өкүлдөрү жетектеп, гүлдөп жаткан дыйкандардын таламдарын көтөрүп чыккан.

Көтөрүлүштүн себеби, Беловодское айылынын жаңы шайланган большевиктер кеңеши жүргүзө баштаган иш-аракеттери – ашыкча эгин даярдоо, жылкыларды фронтко тартуу, нан соодасына тыюу салуу элдин каршылыгын жараткан.

1918-жылы 26-декабрда Кыштактын дыйкандары, социалисттик революциячыл партиядан съездге делегаттарды шайлоо аракети таркатылгандан кийин куралдуу козголонду көтөрүлүштү Яков Логвиненко жетектеген большевиктердин отряддары басып таштаган.

Мында бүгүн Беловодский айылына 155 жыл толуп отурат.

Ушул убакыт ичинде бул айылдан кандай гана белгилүү адамдар чыккан жок. Мисалы: Виталий Кличко — украиналык оор салмактагы мушкер, Украинанын саясатчысы.

Анна Голышева — кыргызстандык волейболчу, Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.

Пономарев, Павел Сергеевич — Советтер Союзунун Баатыры.

Рузиев, Сабиржан Сабитович — СССР спортуна эмгек сиңирген мастер (фехтование, фольга).

Валерий Кашуба — кыргызстандык футболчу.

Учурда Беловодск айылында 40тан ашык  улутту бар 24 951 адам жашап келет.

2022 жылдын май майрамына катардаш эле Беловодск айылынын 155 жылдык маарекесин өткөрүштү. Кыргыздын чыгаан уулу патриот  Бакыт Алыбеков иштин көзүн билген жетекчи катары мааракени жогорку деңгээлде өткөрдү.

Мааракеге Москва райондук мамлекеттик админстрация башчысы Ниязбек Козуев баштаган райондун он эки айыл өкмөт башчылары, жана жетекчилер, жергиликтүү калктын катышуусунда өттү.

Беловодский айыл өкмөтүнүн  башчысы Бакыт Алыбеков жана өзүнүн кесиптештери менен биргеликте 155 жылдык мааракени жогорку деңгээлде өткөрүштү.

Ак Элечек айымдар, Казак хору жана мектептин окуучуларынын атайын даярдалган концерттик программалары менен коштолду.

Андан соң атайын сынаактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, төш белгилери, сертификаттар тапшырылды.

Айылдын эң мыкты көчөсү:

1- орунга-30 миң сом.

2- орунга—20 миң сом.

3- орунга- -10 миң сом.

 

Ал эми айылдын эң мыкты квартальный комитети:

1- орунга—4 миң сом.

2- орунга—3 миң сом.

3- орунга—2 миң сом.

Велопробег марафонуна 200 дөн ашуун айылдын жашоочулары катышышты.

Эң кызыгы 10 км аралыкта күч сынашкан марафончуларды 8 байкер жана жол коопсуздугунун кызматкерлеринин көзөмөлүндө өттү.

Мындан сырткары футбол турнирине Москва рацонунун 15 команда катышышты.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика