Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Сары-Булак: Ааламга жол айылдан…

Кырыз эли байыртадан көчмөн турмушту башынан өткөрүп , өзүнүн  тиричилигин, жашоо шартын, маданиятын, үрп-адатын,    номаддардын  турмушуна ылайыкташтырган.

Айыл деген аталыш ошондон калган аймактык бирикменин түрү  деген далил   бар.    Мурунку кезде айыл туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. Айылга бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү 8 аталарынын аты менен аталган. Айылдын жайыты, кыштоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп-көчкөндө айылдагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук-саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде айылдар жакын-жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырылган.

Тынчтык мезгилде айылдар бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. Айылдын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн. Адегенде айыл бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан жогорку бийлик айыл аксакалынын колунда болуп, айыл ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк айылга чоочун, башка уруктун мүчөлөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Манаптардын катмары пайда боло баштаганда айылда өзгөрүүлөр күч алып көчмөн шартта жаралган салттар көз көрүнө бузула баштаган.

Көчмөн айылдар 20-кылымдын  40-жылдарынын башында толугу менен отурукташкан.

Сөз кыла турган    Сары-Булак айылы кең , меймандос Сары-Өзөндүн Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын түштүк  тарабынан  20 чакырым аралыкта орун алган.    Расмий булактарда айылдын негизделген мезгили 1932-жыл деп берилет. Ошол кезде Сары-Булак айыл болуп түптөлүп бүткөн. Ага чейин бул калктуу конуштун ата-бабалары ошол аймактын кокту-колотторун, капчыгайларын жердеп келишкен. Ушул мезгилге чейин тоо тарапка багыт алсаңыздар сары-булактыктардын улуу муунунун журттарынын издери сакталуу бойдон калган. Алардын ордунда  журт ээлеринен калган  бак –дарактар, очок таштары, тиричиликтин  издери сакталган бойдон турат.

Чоң Торпу, Кичи-Торпу, Ажыдаардын кескени жана башка дагы толгон жергиликтүү топонимакалык аттарды ушул жерди мекендеген элдин ата бабалары мураска  калтырып кетип тарыхка жазылып калган. Ал эми айылдын аталышы эл суу ичкен булактын атынан коюлган.

Сары-Булак эли- ынтымактуу эл.  Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып калктуу конуш негизделгенден бери айылынын, мекенинин өнүгүшүнө салымын кошуп келген калк. Сары-булактыктар негизинен мал-чарба, дыйканчылык менен алектенип келишкен. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын ар жылдары Ормокоев Койчу, Эгембердиев Тургунбай, Маселиев Кожомберди, Эгизбаев Карагул, Аяев Берекебай, Иманалиев Жумаке, Абдраимов Акматбек, Нусупов Аманкул, Баржыбаев Насыралы, Мусабаев Айылчы, Абдыраимов Эсенбек жетектеген. Ал эми жергиликтүү депутаттардын кеңешине Белеков Айдарбай, Болду апа, Быржыбаева Калый, Айткулов Сагын,Сариев Жумабек, Маткеримов Нургазы, Мамытканова Нурипа,  Рахманкулов Асанжан  төрагалык кылып келген.

Сары-Булак айылы эң алгач өзүнчө жамааттык чарба болуп , андан кийин Ленин атындагы колхозуна, Крупская атындагы колхозуна кошулган. Сары-Булак өз кезинде бай чарба болгон.  Асыл тукум жылкылары, үйлары, койлору менен Кыргызстанга гана эмес, бүткүл Советтер Союзуна атагы чыккан. Бир нече жолу Сары-Булак бириккен чарбалыгы Советтер Союзунун Москвадагы Элдик чарбанын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө катышып, 30-жылдары Кыргыз Республикасынын  Элдик чарбанын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө Ардак тактадан орун алган.

Айыл өзүнчө чарба болуп негизделип, алгачкы өнүмдү берип баштаганда, Улуу Ата Мекендик Согуш башталып, өлкөнүн бардык ресурстары жеңишке жетүү үчүн иштеп баштаган. Сары-Булак айылынан дүйнө жүзүн фашисттик тумоодон сактап калуу  максатында  бир топ эр азамат согуш майданына аттанган.

Ал эми Сары-Булак эли оруктагыларга жүктөлгөн милдетти аткарып,  оор жагдайда фронтту азык –түлүк, жылуу кийим менен камсыздап турган.

Акматов Салымбай,Нусубалиев Абдыбек, Ахметов Жаңыбай, Ормокоев Ыбрайым, Эгембердиев Тургунбай, Мамытканов Байташ, Керималиев Абдыказы, Келдибеков Мекиш, Матеев Шеримбеков Жакыпбек, Абдраимов Мамат, Орозалиев Сагынбай жана башка Сары-Булактын уулдары өз жерине Жеңиш менен кайтып келип, элдик чарбанын өнүгүүсүнө барандуу салымын кошушкан.

Согуш башталганда республикада 13 илимий изилдөө мекемелери иштеп, 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13у илимдин докторлору, 45и илимдин кандидаттары болгон. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен республиканын илимий адистери чындалган. Академиктер А. Бах, А. Борисяк, техникалык илиминин докторлору М. Келдыш, тарых илиминин доктору А. Бернштам, филология илиминин доктору К. Юдахин жана башкалардын келиши менен республиканын илим жаатында бир топ осуштор байкалган. Кыргызстандын геологдору согуштук маанидеги кен байлыктарды изилдеп табууда коп иштерди аткарышкан. Алар 1941-1944-жылдары 321 экспедиция уюштурушуп — 110 тустуу металлдын, 71 комур, мунай, 8 металл кендерин аныкташкан.

Согуштан кийинки жылдарда элге билим берүү  жаатында  алгылыктуу бир катар иштер жасалган. 1947-ж. баштап жети жылдык билим берүү жалпыга милдеттүү болуп калган. Согуш мезгилинде чыкпай калган окуу китептери кайрадан чыга баштаган. Кыргыз тилинде окуу китептерин чыгаруу колго алынган. 1950-ж. мектеп окуучулары үчүн 89 аталыштагы окуу китеби чыгарылган. Бул мезгилде атайын орто жана жогорку билим берүү жакшырган.

Сары –Булак айылынын орто мектеби бул тутумда өзгөчө орунду ээлеген. Совет мезгилине чейин эле айылдын калкы араб арибинде таалим алып, Кадыр ажы, Манияз калпа өңдүү ошол кездин билимдүү адамдары жергиликтүү калкты сабаттуулукка үйрөткөн. Андан кийинки уюшулган мектеп өз убагында Кыргызстандын алдыңкы билим берүү мекемелеринин катарына кирип өлкөбүздүн ордо калаасынын №5 мектеп-гимназиясынын филиал болуп эсептелген. Элеттик билим берүү мекемесинде жергиликтүү балдар гана билим албастан, Тяшь-Шань, Талас, Ысык –Көл тараптардан да келечек муундун өкүлдөрү келип сабаттуу болушкан. Мектептин негизделип түптөлүшүнө Боронбай Айдаралиев, Апыш Кыдыров, Какиш Кыдырова, Мамытканов Байташ сыяктуу өз мезгилинин көрүнүктүү педагогдору салымын кошушкан.
Билим берүү тармагында 1958-жылдан жети жылдык билим берүүнүн ордуна милдеттүү сегиз жылдык билим беруу киргизилген. Орто мектептерде окутуу мөөнөтү 11 жылга созулган. 1960-1961-окуу жылында республикада 1763 күндүзгү жалпы билим берүүчү мектептер иштеп, аларда 397,5 мин окуучу билим алган. Бирок, мектептерде иштеген 22 миң мугалимдин 33,1 пайызы гана жогорку билимдүү болушкан. 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университенин ачылышы тоолуу өлкөбүздөгү  маанилуу окуя болгон. 1954-жылы анын геологиялык жана техникалык факультеттеринин базасында Фрунзе политехникалык институту ачылган. 1951-жылы Ош, 1952-жылы Кыргыз кыз-келиндер институту, 1955-жылы Кыргыз дене тарбия институту, 1953-жылы Пржевальск педагогикалык институту ачылып, республикада педагогдорду, төрт жылдык мөөнөт менен даярдоо иши жолго коюлган.
Сары-Булак айылынын жаштары билимге умтулуп жогоркуу окуу жайларга өтө баштайт. Ошол мезгилде жогорку билимге ээ болгондор, Сары-булак айылынын  атагын алыска чыгарып, кыргыз жерин даңазалады.

Сары-Булак айылынын уул кыздары Кыргыз Республикасынын тарыхынын барактарына  алтын тамга менен өзүнүн атын киргизгендер Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчуев, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү  Жоомарт Кадыралиев,     Голливуддагы жана Россиядагы каскадёрлор ассоциациясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын  Панкратион федерациясынын президенти  Үсөйүн Кудайбергенов,   академик-экономист Турар Койчуев, Социалисттик Эмгектин Баатыры Усенбек Макишев, илимий ишмерлер Алмаз Насыров, Артыкбай Жумалиев, юриспруденция чөйрөсүнө таанымал, Кыргыз Совет энциклопедиясынын түзүүчүлөрүнүн бири Муктар Кузекеев, Кыргыз Республикасынын Эл акындары Турар Кожомбердиев, Субайылда Абдыкадырова, Кыргыз Республикасынын алгачкы учкучтарынын бири Алтымыш Исакеев  жана башкалар.

Сары-Булак айылынан уул кыздары республикалык деңгээлдеги жетекчилер катары да таанымал, алар Урманбет Абдыгулов, Тилжан Абдразаков, Сардарбек Сманкулов,Төлөндү Мамбетжанов, Асек Абдыразаков, Нурбек Мусабаев, Уларбек Матеев, Зарылбек Акматбеков, Эсенбек Абдыраимов жана башкалар.

Ал эми өлкөбүздүн айыл чарбасына, мал чарбачылыгына эмгеги сиңген сары-булактыктар Конурбаев Орозбай, Сыдыков Сабырбек, Сыдыков Жаныбек жана бир катар эмгек ишмерлери.

Бүгүнкү күндө Сары –Булак жана Моңолдор айылдарынан турган  Сары-Булак айыл өкмөтүн Маатказиев Кайрат Зайнидинович жетектеп келет.  Жаштыгына карабастан келечеги кең жетекчи элдин колдоосу менен көп иш-аракеттерди жүзөгө ашырып келүүдө. 2023 калкы бар аймакта элди таза суу менен камсыз кылуу,  сугат иштерин, ирригация тутумун  жөнгө салуу, айдоо жерлерин максаттуу пайдалануу, инвестицияларды тартуу, ишкердикти өнүктүрүү багытында жигердүү аракеттер колго алынып өз натыйжасын берүүдө.

Акыркы эки жылдын ичинде фелдшердик –акушердик пункт, спорт объекттери, бала бакча кыска мөөнөттүн ичинде пайдаланууга  берилди.

Ааламга жол айылдан башталат ,-деп кыргыздын дүйнөлүк адабиятынын классигине айланган Чынгыз Айтматов бекеринен айтпаса керек. Сары-Булак айылы тамыры терең, бутактары ар кайсы жакка тараган чоң, бекем сөңгөктүү дарак сыяктуу. Сары-Булактыкмын деген ар бир инсанды Сары-Булак айылы өзүнө   нан жаттанган абасы, тууган уругу менен тартып турат.

Ынтымактуу , меймандос келген калкы бар Сары-Булак айылынын жаштары бүгүнкү күндө элеттин демине дем берип, бай тарыхты, салттуу кааданы, үрп –адатты  сактап айылдыктардын жашоосунун сапатын жашыртуу

үстүндө талыкпастан эмгектенүүдө.

Ал эми көчөдө бара жатканда , алдыңдан айылдын шамалы менен жарышып, элеттин татуу илебине бөлөнүп өскөн  бала “салам алейкум” деп, тааныса да, тааныбаса да учурашкан маалда, Сары-Булактын келечеги чоң, өсүү жолу кенен экендигине  дагы бир жолу ынанасың.

Акылбек МУКТАР.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика