Өлкөдөгү ички миграциядан улам райондун айрым айыл аймактарында биртоп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү жер маселеси бүгүнкү күндө четинен чечилүүдө. Дегеним, былтыркы жылы өлкө башчысы С.Жапаров Новопавловка айыл аймагындагы “Ак-Ордо-3” жана Орок айыл аймагындагы “ЖЭБ-2” жаңы конуштарында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда бир учурда мыйзамсыз курулуп калган үйлөрдү мыйзамдаштырып, үй ээлерине кызыл китептерин тапшырууну Өкмөткө, облустун жана райондун жетекчилерине, жогоруда аталган айыл аймактарынын башчыларына, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан тышкары райондук Кадастр мекемесинин жетекчилерине милдеттендирген эле. Президенттин тапшырмасы кандай аткарылып жатканы боюнча Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы Бекболот Жанусаковго кайрылганыбызда ал:
“Президенттин тапшырмасын аткарууда биз негизинен долбоорлоо жана пландоо иштерин жасоого тийиш болчубуз. Тагыраак айтканда, тийиштүү жерлерди топографиялык сүрөткө түшүрүү, курулуп калган үйлөрдүн, көчөлөрдүн схемасын чийүү жана башкы планын түзүү керек эле. Ал үчүн биринчи кезекте ал жердин категориясы которулууга тийиш болчу. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети өзүнүн 2021-жылдын 17-ноябрдагы №269-токтомунун негизинде Орок айыл аймагында мурда Электростанция АККга (ЖЭБ-2ге) тиешелүү болуп келген 47,7 гектар жер “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду. Башкача айтканга ал жерге турак-жайларды курууг уруксат берилди”-деп өзү иш алып барган тармак боюнча маалымат берди.
Ал эми райондогу архитектура жаатында азыркы кезде алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын да айта кетпесек болбос. Адатта калк жашаган пункттардын башкы пландары алдын-ала 20-30 жыл мурун даярдалат эмеспи. Учурда Гавриловканын долбоору чийилип бүтсө, Шопоков шаарыныкы бүтүүнүн алдында турат. Мындан тышкары Сокулук менен Крупскаяныкы иштелип чыкканы жатат. Эгерде бул долбоорлор ийгиликтүү иш жүзүнө ашса, анда келечекте Шопоков шаары менен бул айылдардын баары бир шаар болуп калмакчы. Новопавловканын башкы планын чийүү жаңыдан башталууда. Борбордук трассанын боюндагы айылдардын долбоорлорун мамлекеттик долбоорлоо институту жасаса, жогорку жана төмөнкү аймактардыкын райондук архитектура тармагы иш жүзүнө ашырары маалым болду. Бүгүнкү күндө ал долбоорлордун баштапкы документтери да жасалып бүткөн. Эми жогорку жана төмөнкү аймактардын айыл өкмөттөрү долбоорго байланыштуу маселе менен түз эле райондук шаар куруу башкармалыгына кайрылышса болот. Анткени аталган тармак башкы пландарды түзүү боюнча лицензияга ээ болгон. Мындан эки жыл мурун райондун акиминин тескемеси менен Сокулук районунун кире бериш жерине дарбазалардан тышкары айыл аймактардын башталышына да стеллаларды жана аялдамаларды жасоого сынак жарыяланган болчу. Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулушунун улантылып жатканынан улам ал сынак убактылуу артка жылдырылган. Жалпысынан алганда райондун аймагында курула турган мектеп, бала бакча, медициналык мекеме, эс алуу паркы, спорт жана балдар аянтчаларынын долбоорлорунун баарын райондун архитекторлору ийгиликтүү иштеп чыгышкан.
Нурлан ИСАМАТОВ