Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Кирешелүү заводдун 20 жылдыгы шаңдуу белгиленди

Токмок шаарынын борбордук аянтына жык толгон шаар туругндары жана анын меймандары   17-июнда  кыргыз жана өзбек эстрада жылдыздарынын концерттик программасына күбө болуп,  шаңга бөлөнүштү.  Аталган салтанаттуу иш-чара айнек чыгаруучу “Интергласс”  ОсООсу ишканасынын  20 жылдык мааракесине арналды. Салттанаттын катышуучуларын  шаардын мэри Урматбек Самаев,  “Штейнерт  Индастрис”  компаниясынын башкаруучу-уюштуруучусу Владимир Штейнерт жана “Интергласс”  ЖЧКнын  башкы  директору Жеңишбек Жаныбеков куттукташты.
Айнек заводу  1972-жылы түзүлгөн.  Ал эми 2002-жылы кайра куруунун шарапаты менен ишкана катары иштей баштаган.  Анын эсебинен жүздөгөн  жергиликтүү жарандар жумуш менен камсыз болууда.  Айнек заводунун өлкөбүздүн экономикасына кошкон салымы зор.  Ал гана эмес, заводдо иштеген адистердин мээнети менен  чыгарылган айнек продукциясы ар бир үйгө бакыт, жылуулук, жарык жана бардык жагымдуу  шарттарды түзүүдө. Бул тууралуу өзүнүн куттуктоо  сөзүндө шаар мэри Урматбек Самаев белгиледи.  Анын айтымында, “Интергласс”  айнек заводу шаардын бюджетине жылына 20 миллион сомго жакын, аны менен бирге мамлекеттик бюджетке жылда  267 миллион сом салык түрүндө төлөп, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө  зор  салымын кошууда.  Андыктан шаар жетекчиси заводдун жетекчилигин жана жумушчу жааматын  маараке тою менен чын дилинен  куттуктап, той ээлерине  чын ден-соолук, узун өмүр, иштерине  ийгилик, үзүрлүү эмгеги менен өлкөбүздүн экономикасынын  өнүгүшүнө салымдарын кошо беришин каалады.
Бул күнү “Интергласстын” дарегине көптөгөн жылуу каалоо-ниеттер айтылып, сахнада жаңырган ыр, бий, күүлөр  заводдун  урматына арналды. Той ээлерине  аны менен бирге  белгилүү эстрада ырчылары Курал Чокоев,  Арсен, Юлия Руцкая, “Миракло” шоу-тобу, өзбек эстрадасынын жылдыздары Наргиз жана «Ялла”  тобу жагымдуу обондуу ырларын арнашты.  Борбордук аянтка чогулган көптөгөн элдин тартип сакчылыгын сактоого Чүй облусунун  ички иштер органдарынын   350дөн ашык кызматкери  жана патрулдук мотоэкипаждары  тартылды.
“Интергласстын”  20 жылдык маараке тою шаардыктарга жакшы маанай жана унутулгус элестерди калтырды.

Б.Байдылдаева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика