16-июнда Чүй облустук администрациясында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, Гапыр Мадаминов менен Чүй облусунун 80 мектеп директорлору жана 40 бала бакчалардын жетекчилери жолугушту. Иш-чара Чүй облусунун усулдук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
«Биз бүгүн Чүй облустук билим берүү башкармалыгына Райымбек Карагуловичтин, Кундуз Мукашовнанын чакыруусу менен келдик, терең ыраазычылык билдирем. Чүй облусунун билим берүү жетекчилери, мугалимдер, бала-бакча жетекчилери катышкан жыйын болуп жатат. Бул туура, зарыл нерсе. Энелер мектебинин негизги максаты окуучулардын үй-бүлөдөгү тарбиясын жакшыртуу жана балдардын билим сапатын жакшыртуунун эң маанилүү фактору катары үй-бүлөдөн балдардын билим алуусун уюштуруу, көзөмөлдөө. Энелер мектебин 25 жыл мурун баштап, алгач албетте кыйынчылыктар болду. Азыркы күндө энелер окуй баштагандан бери, билиминин сапаты, тарбиясынын сапаты жогорулады. Мектеп окуучуларын олимпиада, ЖРТ менен баалаган жакшы, бирок, андан да жогору турган нерсе — моралдык психологиялык климат. Балдардын жан дүйнөсү, адамгерчилиги, мээримдүүлүгү — ушул жаатта эң жакшы өзгөрүүлөр болду. Балдарда гуманизм, мээрим, башкаларды ойлоо, кам көрүү, эң башкысы жөнөкөйлүк пайда болуп, чиренүү кыйынсынуу, озунуу деген нерселер жоюлуп, эң жакшы климат түзүлдү десем жаңылбайм»,-деди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери суроолорун берип, жооп алышты. Жыйынтыгында Гапыр Мадаминов мыкты суроо бергендерге автордук китептеринен белекке берди.
«Негизи Чүй облусу боюнча «Энелер мектеби» менен иштеп жатканыбызга 2 жыл болду. Ал эми Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бизге долбоор катары кирген. Кийин буйрук чыгып, эч кандай тоскоолдуксуз ар бир облус иш мерчемге киргизип, калыптандыруу боюнча буйрук алдык. Ошол буйруктун негизинде жана ишке ашыруу максатында Чүй облусундагы 9 район, ар бир райондон 10дон мектеп, 5 тен бала бакча пилоттук түрдө кирди. Энелер мектеби тарбия берүү гана эмес, ата-энелердин мектеп, мугалим менен байланышы. Баланын ата-энеге, мугалимге мамилеси, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, суицид дегеле бардык жагынан камтыган чоң методология. Мунун механизмин иштеп чыккан Гапыр Мадаминовдун 1 гана китебин окуган адам өтө кызыктар болууда. Ошондуктан Чүй облусу боюнча системалуу түрдө ишке ашырууну пландап жатабыз»,-деди Чүй облустук усулдук билим берүү башчысы Кундуз Абдыраева.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан баштап Кыргызстандын пилоттук мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасы этап-этабы менен киргизилет.“Ата-энелер мектеби” программасын киргизүүдө КР эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов тарабынан иштелип чыккан “Ата-энелер мектеби” программасы колдонулат.
Азамат Дүйшөнбай уулу