Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

«Салык чек» лотереясына автоунаалар ойнотулат

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи туру 1-июлда «Ала-Тоо» аянтында ойнотулат.

Маалыматка ылайык, акциянын биринчи туру 1-июлда жыйынтыкталып, лотерея атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу ойнотулат. Байге ээлерин аныктоо концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолмокчу.

Ойнотуу учуру УТРКнын «Ала-Тоо 24» телеканалы жана башка мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт. Салык кызматынын социалдык тармактагы баракчаларынан да көрүүгө болот.

Лотереядан уткан жаран байгесин үч айдын ичинде алып кетиши керек, андан кийин берилбейт.

Биринчи турда KIA Rio жана Hyundai Creta унаалары, 10 iPhone, 10 Samsung, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек;

– товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика