Reuters агенттиги компаниянын билдирүүсүн төмөнкүчө жазды : “Coca-Cola’нын запастары кампаларда түгөнгөндөн кийин биздин компания Россияда Coca-Cola жана Coca-Cola Company’нин башка брендин өндүрүп чыгарууну жана сатууну токтотот”.
Март айында компания “биз окуяларга көз салып турабыз” деп Россияда ишмердүүлүгүн убактылуу токтотконун жарыялаган. Эми алар орус рыногунан толугу менен кеткенин билдирди.
Coca-Cola компаниясы аталган негизги суусундугунан сырткары Россияда Fanta, Sprite, Schweppes тониктерин, Burn энергетиктерин, BonAqua, «Добрый», Pulpy, Rich жана «Моя Семья» сокторун өндүрүп, саткан.
Мындан сырткары, компаниянын Россиядагы 10 компаниясынын тагдыры азырынча белгисиз.