Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Айтылуу Төө-Ашуу туннели тууралуу

Бишкек-Ош Акаевдин заманында Япониядан келген баш-аягы 500 миллион долларга реконструкцияланганы менен, анын канча кабатын жеп коюшканын ким билет тез эле жыртыла баштаган. Бул жолдун Башкы курулушу Төө-Ашуу туралуу кеп болсун. Абды Сүйөркулов 1953 жылы Москвага министрлер советинин жыйынына барып Ош — Бишкек жолунун долбоорун сунуштаганда Лаврентий Берия: «Биякта биз метро кура албай жатсак кайдагы жолду, кайдагы туннелди айтасың, коюңарды чубатканга жол салганы жатасыңарбы, ага деген акча каражаты жетишсиз. Туннел салганга техника жумушчу керектелет, кой болбойт, тезирек кеткиниң да жумушуңа баргының» — деп жолго салат. Ал күнү кетпей калат кантип макул кылып кол койдурам деп санааркап Кремлдин алдында басып жүрсө Петров деген Түркстан фронтунда чогуу кызмат кылган досу жолугуп калат. Ортодо сөз болуп: «Эмнеге капалуусуң?» — деп сурап окуянын чоо жайын билет да: «Эртеңки жыйынга мен да катышам, эртең алып чыгып сунушта мен колдоп берем» -дейт. Бериянын башын айлантып, Түндүк менен түштүктү бириктирген стратегиялык жол болот деп колдоп берет. Берия ошол кезде Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеп турган Абды Сүйөркуловдун өтүнүчүн аткарып, Төө-Ашуу туннелин тештирип, Бишкек -Ош жолун салдырууну 5-10 жылдык планга киргизген.1954 жылы Ош- Фрунзе жолу башталып 1965 жылы толугу менен аяктап ишке берилген Төө -Ашуу туннели 3 км ал эми жолдун узундугу 600 км болуп бүтүлгөн Ал эми Көлбаев туннелдин проектисин ошол чийип ошонун атынан болуп калган туннел да өзүнчө окуя.

Берия эле кыргыздарга жол курганга дароо макул боло калган эмес. Мында Абды Сүйөркуловдун эмгеги зор. Ал Токтогул районунун Торкент айылынын тургуну Ош -Бишкек жолунун Торкент айылы жайгашкан жерде Абды Сүйөркуловдун музейи жайгашкан жолдун жээгинде нары бери өткөндө кайрылып толугу менен маалымат алсаңар болот. Бул маалыматты Абды Сүйөркуловдун өз оозунан тээ ал тирүу кезде эле журналисттер жазып алып, кийин «Советтик Кыргызстан» гезитине чыгарган. Ошол кезде СССР Автомобил жана шоссе жолдор министри Абды Сүйөркуловдун айтканын укпай, тоотпой койгон. Не кыларын билбей мейманканада жатса Лаврентий Берия телефон чалып, «Сен эмне үчун Фрунзеге кетпей жүрөсуң,? Же жеткирип коёюнбу?!» деп зекиген. Берияныкы түшүнүктүү болгон, «жеткирип коёюнбу, дегени камайынбы?» деген коркутуу болгон. Ошондо Абды Сүйөркулов: «Сизге кирейин дедим эле» деп жооп таап кеткен. Анда Берия «эртен кел» деген Ошондо А. Сүйөркулов Кыргызстандын картасы менен Ысык -Көлдүк генералды кош ала кирип, маселе ошондо чечилген.

Кыргыздар деле кези келгенде СССРдин тарыхындагы эки адамды жамандап жазышат. Булар – Керенский жана Берия. Керенский 1916-жылдын ноябрында мамлекеттик думага кыргыздардын үркүп кеткендиги тууралуу эң биринчи маселени коюп,ал эми 1917-жылдын февраль революциясынан кийин Убактылуу Өкмөттү башкарган соң көтөрүлүштөгү качкын кыргыздарды Кытайдан алып келүүгө 100 миң алтын акча бөлгөн.

Негизги иш Москвадан чечилип турганы чындык. Ошол кезжде Бериянын көмөгү болбосо Төө-Ашуу жөнүндө сөз да болбой калмак. Каалашса да, каалашпаса да салына турган туннелге Абды Сүйөркуловдун же Бериянын ысымы эмес, кийин Кыргыз ССР Автомобиль транспорту жана шоссе жолдор министри болуп иштеген Кусаин Көлбаевдин ысымы ыйгарылган…

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика