Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

2022-жылы Европада Чыгыш тараптан башталган согуш болорун көзү ачык Ванга мурун эле айтып коюптур

«Эски дүйнө менен жаңы дүйнө кармашып, чыр-чатак күчөп, Эски дүйнөдө чыгыштан согуштук коркунуч туулуп, эки бир тууган калк кармашып, алааматка айланат»,-деп 20-кылымда жашаган болгар Ванга айтып кетиптир. «Эски дүйнө» деп Европаны, «Жаңы дүйнө» деп Американы айткан. «Эски дүйнөнү» согуштук алааматтан сактануусун өтүнгөн, бирок анын оюу ишке ашпай бир тууган Орусия Украинага кирди.

Башкысы 2022-жылы Орусияда эч кандай жаратылыш катаклизми болбойт. Орусияда тынчтык болсо бул Кыргызстанга да тиешелүү. Анын айтуусунда: «Чабалекей өз уясына кайтып келет». Балким, сөз Украина тууралуу болуп жаткан жокпу? Себеби, чабалекей — Украина мамлекетинин символу. Дагы бир жазууда «Үч эже-сиңди биригишет, алардын улуусу баарын кечирет жана таарынычын унутат» делет. Бул эже-сиңдилер — Орусия, Украина жана Белоруссия болушу ыктымал деген ой келет. Белоруссия менен анчалык деле эч нерсе болгон эмес го, ал эми Украинаны танка менен тебелеп барып, акыры өз ыгына күч менен салып, Орусиянын мамилеси жагымдуу нукка бурулушу мүмкүн.

2022-жылы Орусия жергесинде эң маанилүү саясий жана экономикалык сүйлөшүүлөр өтө турган болуп турат. Ал сүйлөшүүлөргө көптөгөн европалык мамлекеттердин лидерлери катышып, анын жыйынтыгы бардык континенттердин келечегине түздөн түз таасир этмекчи. Жыл ортосунда Украина менен Орусиянын ортосунда үзүлгөн байланыштар кайра жанданып, мында Орусия президенти тынчтык процессинин негизги демилгечиси катары көп нерсени чечет. Жыйынтыктап айтканда, Ванга 2023-жылды Орусияны гүлдөп өсүп-өнүккөн жана активдүү мамлекет катары көргөн.

Аскердик жана илимий чөйрөдө ири ачылыштар дал ушул мамлекетте боло турганы тууралуу ишенимдүү айткан. Бул держава өзүнүн күчүн жана кубаттуулугун арттырып, анын лидери өз мамлекетинин атуулдарына бейпилдикти жана бакубаттуулукту тартуулайт… Ванганын мындай олуялыгына ишенсек, анда, Орусия менен жакын карым-катнашы бар Кыргызстан үчүн да жаман болбос. Себеби, азыр Орусияда биздин миллионго чукул жердештерибиз иштеп, Кыргызстанга тыйын-тыпыр салып турганын баарыбыз билебиз. Кыргызстандын экономикасы алардын тапканы менен кубаттанып турат деп ачык эле айтабыз. Демек, Орусиянын бакубаттуулугу өз кезегинде биздин республикабызды да бакубаттуулукка чакырып, оптимисттик маанайга үндөсө, анда Кыргызстан үчүн да 2022-жыл жакшы жылдардан болот экен деп жыйынтык чыгара алабыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика