Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Чүй облусундагы Куттуу-Сай кенинде  22 миллиард  доллардык байлык жатат

Канадалыктар өкмөттөн “Куттуу-Сай” кенине лицензияны 2012-жылы сатып алганда бюджетке 300 сом эле төлөптүр. “Куттуу-Сайдын” акциясын көп өтпөй Торонтодогу биржада 410 миллион долларга сатылган. Мындай “Куттуу-Сай” сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдардын кени дүйнөдө 4 эле жерде бар. Бул тармакта 96% Кытай монополист болуп алган. Бул металлдар “сотовый” телефондорду жасап чыгарууга пайдаланылат. Бизде, Кытайда, Японияда, Түштүк Кореяда жана Малайзияда гана бар.

«Кумтөр» тууралуу өзүнчө кеп кылсак жарашат. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы дарыяны булгаган  кендер тууралуу көп чуу болуп келатат. Бул жерди кытайлыктар жетектеген. «Металл-Альянс» ЖЧКсы Чаткалда 72 гектар жерде алтын чалгындоо үчүн 2019-жылы төрт жылга лицензия алган. Таласта Тай — Жоргодо 5 млрд долларлык кремний кени бар. Чат-Базарда 3 млрд долларлык аллюминий кени бар. Таластагы эң ири кендердин бири Жерүй. Жерүйдөн уланып Чырканакта азыркыдан да көп алтын запасы жатат. Ушулардын баары бири-бирин улап жатат. Мындай кендер Кыргызстанда өтө көп.

Таластагы “Жерүй” кенинин 40%ы Орусия жараны Муса Бажаевге, 40%ы түбү токмоктук, Орусиянын жараны маркум Алижан Ибрагимовго, 20%ы Өмүрбек Бабановго тиешелүү, мамлекеттин үлүшү нөл. Орусиянын үлүшү 80 пайыз болуп турса, “Жерүй” кенинен көлөмдүү канадалыктарга тиешелүү “Кумтөр” тууралуу ооз ачпаган Орусия көп көңүл буруп келатат. “Башкасын коюп Манасты айт” — демекчи, Талас жеринин жана элинин ирдүү экологиялык келечеги байланган “Жерүй” кенинин орусиялык “Альянс Алтын” компаниясына сатылышына Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар, убагында “Восток- Геолдобыча” компаниясынын президенти Муса Бажаев менин досум дегени жана «Жерүй» кенинде анын кызыкчылыгы бар экени бүгүнкү күндө тастыкталып жатат. Бир кездеги “НК Альянс” май куюуучу заправкалар түйүнү, Муса Бажаевге жана Өмүрбек Бабановго тийиштүү болгону карапайым калктын эсинде. Бул тууралуу Өмүрбек Бабанов өзү да: “Бажаев менин досум, «НК Альянс» экөөбүздүкү”, — деп ачык эле айтып жүргөн.

Бул кенде да көйгөйлөр бар: Биринчиден, кенди казып жатканда экология маселеси биринчи орунда турат. Кенди казып алып жаткандар үчүн бары бир, аларга эмне алтынды казып алып кете беришет. Экология маселеси, жайкалып жаткан Жерүй жайлоосунун бузулушу элдин мойнунда калат. Бул маселе «Жерүй» алтын кенине бир-аз акча каражаттарын ыргытып, миллиардаган пайда көрө турган инвесторлордун башын да оорутпайт. Мейли инвесторлор кимдир- бирөөлөрдү ортого салып алтын казып алуу үчүн инвестицияларын алып келишкени менен экология маселеси оор бойдон калат. Жер -эне кайрадан түйшүктүү көз жашын төгүүнү баштайт.

Экинчиден, «Восток добыча» компаниясы мамлекеттин бюджетине лицензиялык келишимдердин негизинде 100 миллион доллар төлөгөн. Ачык-айкындуулук жоктугунан пайдаланып ушул төлөнгөн 100 миллион доллар тиешелүү жерлерге жумшалдыбы же кимдир -бирөөлөрдүн кекиртегине кирип кеттиби, жергиликтүү элдин шегин жаратып турат. Муну ошол кезде ушул иштерге тиешеси бар, учурунда «Республика» лидери болуп жүргөн Мирлан Жээнчороев билер бекен?

Үчүнчүдөн, «Жерүй» алтын кенин алып жатышканда  компаниянын кожоюндары, аларга таянышкан жергиликтүү бийлик бул долбоор боюнча алтынды кайра иштетип чыгаруу үчүн заманбап эң жаңы үлгүдөгү технологияларды пайдалана турганын кайра –кайра кан –какшап турган. Заманбап эң жаңы үлгүдөгү технологиялар кайда же алтын кенин алуу учурунда гана элдин көзүн будамайлап, алдоо болгонбу?

Төртүнчүдөн, алтынды өндүрүп жатканда колдонула турган химиялык продуктарды нейтралдаштыруу максатында эмне иштер жүргүзүлүп жатат?  Таштандыларды сактай турган жайлар даяр болду беле? «Жерүй» карьерасынан руда казылып алганда долбоор боюнча бир тонна рудада баалуу металлдын саны 3,6 грамм болсо, суу менен гидрометаллургиялык аракеттерди жасаган соң 3,2 грамм гана калат дешет. 0,4 грамм алтын каякка кетерин ким билет, андан соң көптөгөн тазалоолордон улам, муну тазалаган таштандылар каякка кетет?

Бешинчиден, алтынды кайра иштетүү технологиясында цианидди колдонуу зарыл. Алтынды рудадан ээритип бөлүп алуунун негизги процесси металлдашкан чанда цианид куюлуу менен ишке ашат. Эгер бул металлдашкан чандар кырсыкка учураса эмне болот?

Алтынчыдан, таштандыларды сактай турган жайларга чейин алтын жуулат экен, ушунун суулары жана таштандылары сыртка чыгып өзөн, дарыяларды булгай турган болсо чоң экологиялык кырсыктарга алып келбейби?

Жетинчиден, таштандыларды сактай турган жайлар да кандайдыр бир мөөнөткө гана сакталат, 5-7 жыл иштетилген соң ашып кетсе жыйырма жылга сакталар. Биз келечек муундарыбызга иштен чыккан таштандыларды сактай турган жайларды калтырабызбы?

Мына ушундай көйгөйлүү маселелер «Жерүй» алтын кенин иштетүүнү отуз жылга чейин токтото туруу боюнча жергиликтүү элди мораторийге түртүп жатат.

Кыргызстандагы кендерди көрсө кытайлыктардын көзү кызарат. Өзүбүз иштетсек сонун болот эле? Мейли «Жерүйдү» орустар иштетсин, «Макмал» башында турган башка кендердин лицензияларын кытайлыктар сатып алган. Камеко деле Кум-Төргө келгенде бир тыйын акчасы жок эле ачып иштете баштаган. Алардан кембизби? Бирок Кытайларга бербешибиз керек. Кытай эми алдаганга өтөт. Биргелешкен компания деп, башчысы аты- жөну таанымал эмес кыргызды коюшат. Бирок орун басары кытай болот. Компанияны орун басары башкарып турат тымызын. Айтты— айтпады дебегиле  ушул вариантка бара жатабыз го дейм?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика