Вторник, 28 июня, 2022
25.1 C
Бишкек

Воронцовка курортология институтуна 65 жыл

 

-Марат Акимович сиз жетектеген курортология институтуна 65 жыл толгону турат. Бир аз артка кылчайып институттун басып өткөн жолуна саресеп сала кетсеңиз?

— Быйылкы жыл өзгөчө жыл. Медицина тармагынын бир бөлүмү болгон биздин институт  Кыргыз ССРинин Министрлер советинин 1957-жылдын 23-июлундагы №239 токтому жана саламаттыкты сактоо министрлигинин 12-октябрындагы № 311 буйругунун негизинде түзүлгөн. А бирок курорт иштеринин тарыхий булактары андан алда канча мурун эле башталган.

Биздин республикада 1919-жылы эле 125 койкалык орун түзүлгөн. 1924-жылы бизде: 1887-жылы түзүлгөн Жалал-Абад, 1891-жылы түзүлгөн Ысык-Ата, 1910-жылы түзүлгөн Жети –Өгүз бальнеологиялык курорттору иштеп жаткан.

Курорт иштерин өнүктүрүү максатында 1925-1927 –жылдары «ОртоАзКурорт» акционердик коому, 1937-жылы Саламаттыкты сактоо Эл комиссариатынын алдында  курорт башкармалыгы түзүлгөн. Ошону менен бирге 1929-жылдан физиотерапиялык дарылоонун тушоосу кесилип, 1937-жылы борборубузда физиотерапиялык бөлүм ачылып, чет жакаларда 15 физиотерапиялык кабинеттер иш жүргүзө баштаган. Ушул кабинеттердин саны 1941-жылы 36 га жеткен. 1957-жылы өкмөттүн Токтомунун негизинде Курортология түзүлгөн.

Курорт курулуштары 1970-жылдан 1980-жылга чейин кеңири кулач жайган. Чүй кереметтүү жер эмеспи Аламүдүн районуна караштуу салкын абалуу, ден соолукту чыңдоого ылайыктуу Таш-Дөбө  (Воронцовка) айылында дарылоо ооруканасы 1982-жылы ачылып, биздин Курортология Илим изилдөө институтуна айланган.

 -Сиз жетектеген институт кайсы багытта иш алып барат?

-Адам ооруп же оорусу өтүшүп кеткенден кийин гана дарылануунун камын көрбөй, ден соолугунун алдын алууга тийиш. Биз төмөнкүдөй багыттарда иш алып баратабыз: Курортология, физиотерапия, медициналык реабилитациялоо, дарылоо, дене тарбиясы боюнча илимий иштерди жүргүзөбүз. Дарылоо, реабилитациялоо жана профилактика кылуу максатында мамлекетибиздин тоолуу климатын, курортук ресурстарын пайдалануу максатында изилдеп чыгабыз. Өлкөбүздүн калкына атайын физиотерапиялык жана алдын-алуу боюнча жардамдарды көрсөтөбүз. Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу үчүн эсебин алып, туура пайдалануусун элге кеңири жайылтабыз.

-Сиздердин институтта илимий иштерди кенен жүргүзүп, буттан-колдон алып жаткан бөлүмдөрдү элге айта кетсеңиз?

-Курорт иштери боюнча илимий консультативдүү жана методикалык жардам көрсөтүп, илимий жактан негизделген дарылоонун комплексттүү ыкмаларын физиотерапия, фитотерапия, дене тарбиясы аркылуу дарылоо , суу менен дарылоо, ийне менен дарылоо жолдору аркылуу айкалыштырабыз.

Биздин институтта төмөнкүдөй клиникалык бөлүмдөр бар:

  1. Ангионеврология; 2. Вертеброневрология жана функционалдык неврология; 3. Пульмонология; 4. Кардиология; 5. Бюджеттик эмес терапия жана санитария; 6. Артрология; 7.Гастроэнтерология; 8. Урология; 9.Гинекология; 10. Балдар бөлүмү; 11. Реабилитациялык ортопедия; 12. Физио жана функционалдуу терапия; 13. Ийнерефлексотерапия; 14. Бишкек шаарында  медициналык-реабилитациялык борбор,3 илимий лабороториялар жана башкалар.

-Марат Акимович, Сиз жетектеген институтта кадр маселеси кандай?

-Биздин институтта 80 илимий кызматкерлер, врачтар иш алып барат. Медицина илимдеринин көптөгөн докторлору, кандидаттары эмгектенет. Институт ишке киргенден бери алтымыштай адам диссертациясын жактаган. Дүйнөдө жаңылануулар болуп, жаңы технологияларды өздөштүрүп жатканда, биз «Өз казаныбызда кайнап» отуруп калган жокпуз. Биздин институтта эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатса, биздин кызматкерлер да Россия, Германия, Кытай сыяктуу мамлекеттерге барышып иш-тажырыйба алмаштырып келишет. Жаш кадрларды даярдоо өтө керектүү милдет. Себеби муундардын байланышын үзбөө керек. Жаштардын квалификациясын жогорулатып жатабыз.

— Марат Акимович, 65 жылдык майрамыңыздарды кандай маанайда тосуп алып жатасыздар?

-Кыргызстан эгемендүүлүктү алган 31 жыл ичинде кээ бир учурда тартипсиздиктин айынан бир топ кемчиликтер кеткен. Эң биринчи баш аламандыкты жоюп, тартипсиздиктен баштагам,кээ бир мыйзамга туура келбеген аптекаларды тууралаштыргам. Азыр институт толугу менен заманбап компьютештирилген, мурункудай эсепке алынбай дарылангандар жок, ар бир койка боюнча ким келди, ким кетти маалыматтар компьютер аркылуу келип турат. Азыр 500дөй дарылануучубуз бар, жылына  миңдеген адам дарыланып кетет. Дарылануучулардын 66 пайызы жеңилдиктерди пайдаланышат, 34 пайызы акча төлөп дарыланышып ошолордун эсебинен кызматкерлерибиздин айлыгын, соцфонд, салык, тамак-аш, дары-дармекке акча каражаты бөлүнүп турат. Институтта көптөгөн илимий –конференциялар өтүп турат. Эл аралык конференцияларга катышып, курортология илими боюнча талуулуу маселелерди кабыргасынан коюп келатабыз. Курортология илими боюнча көптөгөн конкреттүү максаттарды иштеп чыктык.

-Ден соолукту чыңдоо туризми өсүп жаткан учурда кандай иштерди аткарып жатасыздар?

-Айта кетчү нерсе курорт иштери боюнча жакшы мыйзамдар кабыл алынган. Биз да өзгөртүү кийирип өкмөткө сунуш кылып жатабыз. Ушул мыйзамдарга өзгөртүү кирсе, биздин институт медицина жагынан элге кызмат  жагын тыкыр көзөмөлгө алат. Илимий-методикалык жактан көмөк көрсөтүү күч алат, ал эмес курортторго лицензия берүү көзөмөлгө алынат. Азыркы күндө Ысык-Көлдө эле канчалаган санаторий, пансионат, курорттор бар. Аларга канчалык деңгээлде медициналык жактан тейлөө жүргүзүлүп жатат. Ден соолукту чыңдоо туризми өнүгүп бара жаткан учурда, биз ушул тармакка кызыкдар болгон бардыгы менен кызматташтык жүргүзүүбүз керек. Жаңы технологияларды колдонуу максатында профсоюздук санаторий, курорттор менен келишим түзүүдөбүз. Жаратылыш байлыгын пайдалануу, минералдык сууларды колдонуу, экологиялык жактан комплекстүү карап, курортко тийиштүү табигатты коргоо, курорттук маркетинг боюнча тиешелүү мекемелер менен тыгыз иш алып барып жатабыз.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика