Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Билим берүү тармагы биртоп ийгиликке жетишти

2021-2022-окуу жылында райондогу билим берүү тармагында бир топ ийгиликтер болду.  Билим жана тарбия жаатында буга чейин мектептерде иш-чаралар өз учурунда өткөрүлдү. Ал эми предметтик олимпиадалар боюнча райондон облустук олимпиадага катышууга мүмкүндүк алышкан 10 окуучунун  арасынан Шопоков шаарындагы №1мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Семён Кирилл химия предмети боюнча алдыңкы орунга жетишип, республикалык олимпиададан да жогорку көрсөткүчкө ээ болгондуктан дүйнөлүк олимпиадага катышмай болду.11-класстын дагы бир окуучусу кыргыз тили жана адабияты предметтери боюнча республикалык олимпиададан алдыңкы орундардын бирин ээледи.

Сокулук районунда жалпысынан 1-класстан 11-класска чейин 50720 окуучу мектептерде билим алышса, алардын арасынан 3830 окуучу 9-классты, 1733 окуучу 11-классты аяктоонун алдында турушат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшсө, 9-класстар болсо мамлекеттик сынактарды мектептен беришет.

Райондо жалаң гана билим менен чектелбестен ден соолукту чыңдоо багытында иш алып барылгандыктан учурунда  окуучулар арасында биртоп спорттук иш-чаралар да өткөрүлгөн. “Жыл мугалиминен”  тышкары “Мыкты мугалим” конкурсу да быйылкы жылы жогорку деңгээлде уюштурулду.

Бул конкурска мектептин мугалимдери менен бирге бала бакчалардын тарбиячыларын кошкондо жалпысынан 18 адам катышып, аларга өз тармактары боюнча сыйлыктар тапшырылгандыгы маалым болду. Новопавловка айыл аймагында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы мектеп-лицейинин информатика сабагынын бир мугалими  ачык сабакты физика, математика предметтери менен байланыштырып, өзгөчө инновациялык ыкма менен өтүп облустан жакында эле 2-орунга ээ болуп келди. Албетте, райондогу бул тармакта көйгөйлүү маселелелер да кездешпей койбойт. Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева:

“Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо конушунда 6 миң окуучу бар. Россия мамлекети ал жакка 1 мектеп жана 1 бала бакча куруп бермей болду. Баса белгилеп кетсек ал мамлекеттин талабы боюнча орус тилдүү мектеп болот. Бирок ошол эле учурда кыргыз тили предмети да окутулат. Ал эми кадрларды Россия мамлекети даярдап бермей болду. Учурда райондо 30 мугалимибиз Онлайн режиминде окуп жатышат. Быйылкы жылкы бүтүрүүчүлөрдөн каалоочулар  Башкириянын Уфа шаарына барып бекер билим алганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Ал жактан окууну аяктагандар Россия мамлекети курган мектепке келип иштешет. Мектепке керектелүүчү бардык жабдууну бул мамлекет толугу менен каржылайт. Андан тышкары мугалимдердин да айлыгын төлөп берет. Буга чейин Президент Жапаров Садыр Нургожоевич Ак-Ордо конушунун тургундары менен жолугушканда да мектеп боюнча маселе көтөрүлгөн болчу. Буюрса биздин мамлекет дагы ал жакка 1 мектептен тышкары 1 бала бакча салып берет”-деп бул маселе боюнча өзүнүн жообун берди. Эми жакынкы эки жылдын аралыгында Ак-Ордо конушунда жашаган окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.

Мугалимдер арасында спорттук спартакиада ийгиликтүү өткөрүлдү

Сокулук районунун Белек айылында жайгашкан улуттук спорт ордосунда жакында мугалимдер арасында  спорттук  спартакиада болуп өттү. Бул иш-чаранын ачылыш аземине  райондун акими  Курбанбек Айтибаев, райондогу билим берүү тармагынын жетекчиси Турум Сатарбаева катышты. Жалпысынан 1000 мугалим катышкан спартакиада эки күнгө созулду. Спартакиаданын алгачкы күнү Шопоков шаарында мектептерде  волейбол оюну өткөрүлдү. Ал эми Белек айылындагы стадиондо тогуз коргоол, шахмат, жеңил атлетика, аркан тартыш оюндары жогорку деңгээлде улантылды. Айрыкча мугалимдердин  мектептер арасындагы аркан тартышы абдан кызыктуу болду.  Акырында билим берүү тармагына караштуу профсоюз уюмунун колдоосу менен алынып келинген диплом, кубоктор спорттук оюндарда алдыңкы орундарга жетишкен мугалимдерге тапшырылды. Мындай спорттук иш-чаранын өткөрүлүшүнө ыраазы болушкан мугалимдер спартакиаданы жыл сайын эки жолу өткөрүп турууну сунуш кылышты. Бирок убакыттан тышкары жана башка себептер эске алынгандыктан мугалимдердин спартакиадасы мындан кийин бир жылда  бир гана жолу өткөрүлө турган болду.

Спартакиадага акимчилик тарабынан бөлүнө турган 30 миң сом жеңүүчүлөргө эс алууга барган учурларда берилмекчи.

                                                                          Нурлан  ИСАМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика