Суббота, 1 октября, 2022
2.1 C
Бишкек

Жайыл районунун мектептеринде “акыркы коңгуроо” жаңырды

Буга чейин акыркы коңгуроо 25-майда өтүп келген. Быйыл окуу жылы 15 күнгө кеч башталып жаткандыктан акыркы коңгуроо аземинин убактысы да жылган.

9-июнда Жайыл районунда «Акыркы коңгүроо” аземи болуп өттү. Быйыл Жайыл районунун мектептеринин 9-классын 1846 окуучу аяктады, ал эми 1237 окуучу орто билимдүү  болду.

Мамлекеттик экзамендер 10-июнда башталып, 1-июлга чейин жүрөт. Ага 9-11-класстын окуучулары эле катышат, калгандары каникулда болот. Экзаменге убакыт  даярдык жакшы көрүлсүн деп кенен бөлүнгөн. Күбөлүк 11-июлда, аттестаттар 15-июлда берилет ,- деп билдирген Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги.

Айта кетчү нерсе, бул окуу жылы апрель айынан баштап мугалимдердин айлык акысы    көтөрүлдү. Мектепте сабак берген агартуучу мурдагыга караганда эки эсе көп акча ала баштады. Бул мамлекеттик кызматтын баркын жана сапатын көтөрүү үчүн жасалган кадам катары бааланууда.

Мектептерге билимдүү, мыкты мугалимдер келиши керек. Бул — мамлекеттин жана ата-энелердин талабы. Төмөн айлык берилип жаткан учурда мектептерде пенсия жашындагы мугалимдер көп болуп, кыргыз тилчи англис тилинен, дене тарбиячы биологиядан сабак берген учурлар болгон. Келээрки окуу жылында ар бир мектепке 10-15тен жаңы мугалимдердин келиши күтүлүүдө. Ушундай жол менен билим берүүнүн сапатын көтөрөлөт деген ишеним бар.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кетти.

Акыркы коңгуроо салтанаты быйыл Жайыл районунун мектептеринде 2-3 саатка созулган программанын алкагында гана өткөрүлдү. Майрамдык линейка, концерттик программа менен коштолуп, күндүз уюштурулду. Ал эми бүтүрүү кечелерин өткөрүп, мектептен сырткары кандайдыр бир шаан-шөкөт уюштурган мектеп администрациялары жазаланат. Окуучулардын коопсуздугу үчүн мындай оюн-зоокторго ата-энелер да жол бербейт. Тескерисинче, балдарга түшүндүрүп, биринчи кезекте анын коопсуздук маселеси, экинчиден ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырыктар болду.

Акылбек МУКТАР.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика