Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Заманбап агартуучунун милдети токойлорду кыюу эмес, чөлдөрдү сугаруу

Абдыкеримова Гүлзат Дайырбековна менен маек:  Заманбап агартуучунун милдети токойлорду кыюу эмес, чөлдөрдү сугаруу

Орточо мугалим айтып берет. Жакшы мугалим түшүндүрөт. Мыкты мугалим көрсөтөт. Улуу мугалим дем берет»,-деген  Уиллям Артур Уорд. Билим берүүдө дүйнөгө үлгү Финляндияда педагогикага факультеттерине тандоодо абитуриенттин бир эле академиялык ийгилигине эмес, анын командада иштей алганына, кесипке болгон энтузиазмына, киши менен мамиле түзө билген адамгерчилигине ж.б жеке сапаттарына карайт экен.  Өлкөбүздө акыркы мезгилде дал ушул кесиптин ээлерине көңүл бурулуп, статусун көтөрүү максатында жакшы иштер жасалууда, ошентсе да Кыргызстанда да ушундай тартип менен дал ушул кесип ээлерин тандап алса, билим берүү жаатында дагы да жакшы өзгөрүүлөр болот беле?. Бул жолку биздин директордон дил маек аттуу рубрикабыздын каарманы Аламүдүн районуна караштуу Мыкан айылындагы Жакыпбек Бердибеков атындагы жалпы билим беруучу орто мектебинин директору Абдыкеримова Гүлзат Дайырбековна.

Саламатсызбы, ден-соолуктарыңыз жакшыбы?

Саламатсыздарбы. Азырынча бизде баары жакшы. Кудайга шүгүрн. Өз оюмду коомчулукка   бөлүшүүгө мүмкунчүлүк бергениңиздерге чоң рахмат.

— Алгач ушул мектептеги жаңылыктар тууралуу болүшө кетсеңиз, окуу жылы аяктап калды? Кандай жетишкендиктерге жетиштиңиздер? Мектеп салыныптыр ошол тууралуу да айтып берсеңиз.

Ооба, бул окуу жылыбыз да аяктады. Азырынча кичинекей мектеп болсок да, айта турган баяныбыз көп экен. Быйылкы окуу жылыбызда жаңы заманбап, спорт залы бар, 300 орундуу мектептин босогосун аттадык. Мектептин ачылыш аземине президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин келүүсү биз үчүн чоң сыймык болду. Садыр Нуркожоевичтин президент болгондогу эң алгачкы иш сапары  мына ушул жаңы мектебибиздин биринчи кирпичин коюп берүү менен башталган эле. Мындай баа жеткис белекти бизге Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы, араб кайрымдуулук фонду тартуу кылды. Кубанычыбызды бүгүнкү күнгө чейин айтып түгөтө албайбыз… Демөөрчүлөрүбүзгө, “Кверто” курулуш компаниясынын директору Ташбаев Канатбек байкеге окуучулар, мугалимдер, ата-энелер, Мыкан айылынын жалпы тургундарынын атынан чексиз ыраазычылык билдиребиз! Мектеп деп чуркаган айылдын депутатары Майкамбаев Кайрат Орозобековичке, Аралбаева Рыскүл Сагыналиевнага, активдүү ата-энелерибизге дагы терең ыраазыбыз. Аламүдүн районунун ошол учурдагы акими Саккараев Марс Намарбековичке да жер маселесиндеги көйгөйдү чечип бергени үчун да чоң ыраазычылык билдиребиз.

80 жылдан бери Мыкан айылыбызда мындай заманбап мектеп болгон эмес эле. 2008-жылы 1960 – жылдары салынган бала-бакчанын имаратында 9 жылдык мектеп ачылган, бирок 2015 – жылы жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон. Алты гана окуу бөлмөсү бар мектептин жарымын кайрадан бала- бакчага өткөрүп беришиптир. Ошондо үч окуу бөлмөсүндө 12 гана окуучу калган экен. Албетте окуучулар үчүн стандарттуу, толук шарты менен мектеп болбосо, 9 жылдык деп ачылган мектептин мугалимдерин сактап калышпаса, окуучулар алыскы мектептерге барып билим алууга аргасыз болушат да. Эми андай көйгөй артта калды деп ойлойбуз. Себеби эми Мыкан айылыбыздын балдарын өз мектебибизде гана окутканга толук шарттар түзүлдү. Бүгүнкү күндө мектепте 160 окуучу 1 — класстан 7 – класска чейин билим алып жатышат. Педагогикалык жамааттын саны-12.  Башка мектептерге окшоп бүтүрүүчү класстарыбыз азырынча жок. Бирок жылдан жылга өсүп жатабыз. Кудай буюрса жакынкы жылдары биз дагы 9 жылдык, 11 жылдык бүтүрүүчүлөрү бар мектептердин катарын толуктайбыз деп ишенем.

—   Жакшы, эми өзүңүздүн балалыгыңыз, туулган жериңиз, кайсы окуу жайды окугансыз? Ушулар тууралуу кенен айтып берсеңиз.

Мен 1977-жылы, 11 – апрелде Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында төрөлүп, 1994- жылы Чон – Сары -Ой орто мектебин бүтүргөм. Андан соң И.Арабаев атындагы КМПУ филология факультетин аяктагам.  Эмгек жолумду Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы №37 – кесиптик лицейинен баштадым. Мугалимдик милдеттен баштап, методист, окуу-өндүруштүк иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектендим. Кийин 2008-жылы Мыкан айылына 9 жылдык мектеп ачылганда ал жакка которулдум. Өзүм да ошол айылдын тургуну болот элем. Бул мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, мектептин уюштуруучусу болуп иштедим. Азыр директорлук кызматты аркалаганыма жетинчи жыл болоюн деп калды. Бул кызматка ошол учурдагы Ленин айыл

өкмөтүнун башчысы Бекова К.С. ушул айылдын тургуну болгонум үчүн, жыл мугалими сынактарына катышып алдыңкы номинацияларга ээ болгонумду баалап иштеп бер деген  суранычы менен келдим. Ошентип  2015 – жылы чачырап бара жаткан мектепти сактап калуу максаты менен ишке кириштим.

— Ушуга улай эле үй-бүлөңүз жөнүндө айтыңыз жана алар бул кесибиңизди  кандай кабыл алышат? Кайсы сапаттарыңызды көбүрөөк баалашат?

Үй-бүлөм жөнүндө айта кетсем, жолдошум, кайын атам, үч эркек балам бар. Экөө студент. Манас университетинде окушат. Кичинекейим биздин мектепте жетинчи класста окуйт. Апа, мени башка мектепке которуңузчу, мени аябай контролдойсуз.-деп калат… Жолдошум мал чарбачылыгы менен алектенет. Үй-бүлөм менин кесибиме түшүнүү менен мамиле кылышат, мени аябай аяшат. Негизи тылың бекем болсо, ишиңе жеңил болот эмеспи. Өзгөчө жолдошум мага арка-жөлөк. Кайын атамдын да жардамы өтө чоң. Мен кечке чейин иштейм. Эми качан балдарга тамак жасайм десем, кечки тамакты атам  даярдап койгон болот. Негизи атам көңүлү келгенде тамакты түрлөп, даамдуу кылып жасаганды билет. Кыскасы мага бардык жактан түшүнүү менен мамиле кылышат.  Алар менин тырышчаактыгымды баалашат. Бир нерсени баштасаң, эртеңкиге калтырбайсың, күжүрмөн, иштермансың деп айтышат. Жолдошум дайыма азаматсын деп турат. Кандай ишти баштабайын, дайыма жанымда. Акыл кеңешин айтып, жардам берет. Ал эми балдарым болсо, апа, мектеп деп эле бизди унутуп калдыңыз го дешет. Чынында аларга убактым аз болуп жатат.

-Негизи ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар дейт эмеспи, директор айым бош убактысын эмнеге арнайт болду экен?

Бош убактым бар деген директорду уга элекмин. Жетекчилик кызмат абдан чоң түйшүктү жаратат тура. Ар дайым оюңда мектеп, окуучулар, ата-энелер. Бир чыны чайды да жөн ичпейбиз. Мектеп  тууралуу сөз түгөнбөйт. Бир чети кызыктуу. Бул абдан жакшы. Жаңы-жаңы идеялар пайда боло берет. Аларды ишке ашырганга аракет кылабыз. Балдар менен иштөө өтө кызыктуу да, түйшүктүү да. Бош убакыт жокко эсе. Бирок ошентсе да, жарым сааттык убакытты мектептин ичиндеги да, сыртындагы да гүлдөргө бөлөм. Сугарам, отойм, дарылайм ж.б.

-Эмне себептен дал ушул мугалимдик кесипти тандап алдыңыз: Эгерде тагдыр ташы мугалимдик эмес, башка кесипке оогон болгондо, кесип боюнча ким болмоксуз?

Мугалимдик кесиптен чөкпөйсүң да, көппөйсүң. Кадыр -барктуу, сый -урматка татыктуу. Пайгамбар сүйгөн кесип. Өзгөчө балалык чакта  кыз кишинин көбү мугалим болууну кыялданат эмеспи. Мен да ошолордун бири болсом керек. Негизи англис тили мугалими болууну кыялданат элем. Бирок жүрөгүмө жакыны кино, театрда актриса болуу эле. Мен окуган чыгармалардагы каармандардын образдарын кыялымдан жарата берчүмүн.  Азыр да окуучуларга ар бир чыгарманы жеткиликтүү кылып айтып берүүгө аракет жасайм.

 — Билим алуу – ийне менен кудук казгандай дейт, а билим берүүчү?

Билим берүү – бул коомдун кан тамыры. Чындыгында адам ансыз адашат. Бул жерде да ийне менен кудук казгандай эле өтө дыкааттык менен  ойлонушубуз керек. Жашоодогу эң чоң кемчилик – бул начар билим берүү экен.

Ааламдын өзгөрүшүнө ылайык, билим берүүдө да чоң реформа жүрүп жатпайбы. Окутуунун жаңы предметтик стандарттары кабыл алынды. Буга чейин окутуунун мазмунун аныктаган билимге басым жасалса, азыр билимдин натыйжасына, окутуу процессиндеги окуучулардын алган билимин турмушта колдоно алабы б.а. мурун окуучу билим алып гана чыгып кете берсе, азыр аны турмушта колдоно билүүгө уйрөнөт. Билим берүү – бул максат эмес, жол. Эгер бала биз окуткан жолду үйрөнө албаса, анда биз ал кандайча үйрөнө тургандыгын үйрөтүшүбүз керек. Мурун биз чындыгында көпчүлүк учурларда балдарга көйгөйлөрдүн ордуна эстеп калуу үчүн жоопторду берип келсек, азыркы талап  боюнча көйгөйлөрдү чечип жана аны турмушта пайдалана булүүгө үйрөтүү.Билим берүүнүн принциби – бул үлгү көрсөтүү. Биз балдарга кандай нерсе берсек, балдар аны коомго берет жана коомдо колдонот.

— Азыркы заман талабына ылайык окуучулар да жаңы нерселерди талап кылышат. Окуучулар менен жакын болуп, алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн эмне кылуу керек? Дегеле сизге кандай окутуу ыкмалары жагат жана эмне үчүн?

Заманбап агартуучунун милдети токойлорду кыюу эмес, чөлдөрдү сугаруу дейт. Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар дегендей,  ар бир балада табиятынан жаралган бир жөндөм бар. Биздин милдет ошол жөндөмдү көрө билүү,  түшүнүү,  ойготуу, кызыктыруу, шыктандыруу. Замандын талабына ылайык мугалимдер да билимдерин жогорулатуу курстарынан өтүп, окуучуларды кызыктыруучу жаңы ыкмаларды колдонушууда. Эң башкысы балдардын сөз байлыгына көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Көбүнчө учурда окуучу өз оюн айта албайт, тартынат эмеспи. Чыныгы мугалим аларга жардам бериши керек. Окуучулар менен жакын болуу үчүн   позитивдүү маанай да өтө маанилүү. Мага жаккан эффективдүү ыкмалардын бири – бул окуучуларды долбоорлор менен иштетүү. Окуучулар өз алдынча долбоордук тапшырмаларды аткарышат да, аудиторияда аткарган тапшырмасын жактаганды үйрөнушөт. Бүгүнкү күндө билим берүүнүн ачкычы окутуу эмес, ойготуу, шыктандыруу экени түшүнүктүү болуп калды.

— Азыркы билим берүү системасына карата жеке пикириңиз кандай?

Жогоруда айтып өткөндөй, билим берүү системасында жаңылануу  болуп жатат. Республика боюнча мугалимдер билимдерин жогорулатып жатышат. Мугалимдердин иш кагаздары да жеңилдетилди. Окуу китептери да жаңы окуу стандарттарга ылайык чыгып жатат.  Кызыктыруу пайда болду. Айлык акы көбөйдү. Мугалимдерде эки эсе шыктануу пайда болду. Бирок көйгөйлөр да жок эмес.  Көп жакшы иштер аткарылып жатат. Бирок ата-энелерге болгон  талап да мыйзамдуу түрдө ишке ашса жакшы болот эле.

-Ар бир мектепте көйгөйлөр бар, бөлүшө кетсеңиз болот.

Иш бар жерде маселе бар, көйгөй бар. Конкреттүү түрдө биздин мектеп боюнча ала турган болсок, биздин мектепте окутуу орус тилинде жүргөндүктөн, орус тилдүү мугалимдерди тартуу кыйын болуп жатат. Педагогикалык окуу жайларда да орус тилдүү мектептер үчүн мугалимдер аз даярдалат экен. Биздин класстарыбыз көбөйгөн сайын мугалимдер жетишпейт. Быйылкы жаңы окуу жылына эки орус тилчи, бир математика, география, бир башталгыч класстын мугалими, сүрөт, музыка мугалимдери керек.

— Болочок мугалим үчүн кандай насаат айтмаксыз? (союз учурундагы мугалимдер менен жаш мугалимдердин айырмасы ат менен тоодой эмеспи)

Жаш мугалимге баланы шыктандырган педагог болууну каалайт элем. Себеби бүгүнкү күндүн талабы ушу– баланы шыктандыруу. Шыктандыруу болгондо гана балада каалоо, түшүнүү, үйрөнүү, колдонуу пайда болот.

-Маегиңиз үчүн рахмат, ден-соолукта болуңуз!

Азамат Дүйшөнбай уулу

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика