Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Кара-Балта шаардык кеңешинин спикери шайланды

2022-жылдын 12-майында көпчүлүк добуш менен Кара-Балта шаардык кеңешинин (30-чакырылышы) төрагасы болуп Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович шайланган.

Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович16.07.1988-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында туулган. Кара-Балта шаарындагы № 1 орто мектепти аяктаган. Улуту кыргыз. Милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүргөн, юриспруденция адистиги боюнча юрист квалификациясына ээ. 2018-2019 – жж. Кара-Балта шаардык кеңешинин (29-чакырылыш) депутаты болгон. Учурда “Альянс” саясий партиясынын лидери. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

2022-жылдын 12-майында көпчүлүк добуш менен Кара-Балта шаардык кеңешинин (30-чакырылышы) төрагасы болуп Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович шайланган.

Кара-Балта — райондук баш ийүүдөгү шаар, өзүнүн мамлекеттик мекемелери жана бирикмелери, чарба жүргүзүүчү субъекттери, министрликтердин жана ведомстволордун административдик түзүмдөрү бар, Чүй облусунун маанилүү транспорт түйүндөрүнүн бири болуп саналат. СССРдин тушунда шаардын жогорку түштүк бөлүгү жабык «почта ящиги» болгон, анын ичинде шаардын негизги ишканасы – Кара-Балта тоо-кен комбинаты (КГРК) – Борбордук Азиядагы эң ири ишкана болгон.

Бул өндүрүштөр шаардын түштүк тарабында сапаттуу өндүрүш инфраструктурасы, турак-жай фондусу жана социалдык объектилери бар өзгөчө аймакта жайгашкан.   Ушул убакка чейин Чүй облусунун өнөр жай продукциясынын 70% Кара-Балта шаары камсыздайт.

Акыл МУКТАР.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика