Вторник, 28 июня, 2022
25.1 C
Бишкек

Быйылкы жылы жетишкендиктер арбын болот

Коллегия

-Аламүдүн райондук жыйындар залында I кварталды жыйынтыктаган коллегия болуп өттү. Коллегияны Аламүдүн районунун акими Анаркулов Бактыбек Кочкорович өткөрүп, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кыдыкеев Сыргак Билялович коллегия мүчөлөрү менен бирге катышты.

 ӨНӨР ЖАЙ ӨНҮГҮП, САЛЫКТАР 100 ПАЙЫЗДАН АШЫК АТКАРЫЛДЫ

-Коллегияда Аламүдүн районундагы өнөр жай, айыл чарба багытында акимдин биринчи орун басары Абдугулов Бактыбек Нурбекович маалымат берди. Анын айтымында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баардык тармактар боюнча өсүштөр бар. Районубузда кирпич завод, ишканалар, тигүү цехтер ишке берилди. Мурда иштеп келген  ишканалардын иштери пандемия учуруна салыштырмалуу бир кыйла жакшырды.

Аким ушул маалыматтарга карабай салык төлөөчү тармактарды айыл өкмөттөр менен бирге инвентаризациядан тыкыр өткөрүп, районубузда иш алып барып, салыктарын фирмасынын каттоосу турган башка аймактарга төгүп жаткан ишканалардын салыгын иш жүргүзгөн Аламүдүн районуна котортууну салык башкармалыгына, жергиликтүү бийликтин башчыларына каттуу эскертип тапшырды. Акимдин бул тапшырмасы аткарылбаса тиешелүү кызматтардын башчыларына чара көрүлөөрү эскертилди. Себеби, ишин Аламүдүндө, салыгын башка жакка төгүп жаткан фирмаларды аким өзү тактап чыккан. Андай ишканалар Пригород, Төмөнкү-Аларча айылдарында бар экенин атап берди. Салыкты 1-кварталда 130%дан жогору жыйнаган Пригродное, Васильевка, Ак-Дөбө, Ала-Арча айыл аймактарын атап кетпесек болбойт. Башка айыл аймактарда салыктын кээ бир түрү боюнча 100 пайызга жетпей калганы болбосо, негизги салыктын түрү боюнча 100 пайыздан ашык менен аткарышты.

АЙЫЛ ЧАРБА ИШТЕРИ ЖАМАН БОЛБОШ КЕРЕК

-Айыл чарба иштери дээрлик аяктап, дыйкандарга райондук бийлик тараптан колдон келген жардамдардын баары көргөзүлдү. Сугат суудан көйгөй болбошу үчүн аким 2021-жылдын күзүнөн баштап эле иш алып барууну тапшырып, өз көзөмөлүнө алып келе жатат. Президент да суу чарба башкармалыктарга өзгөчө көңүл бөлүп, башка жылдарга салыштырмалуу каражаттан көйгөйлөр болгон жок. Сугат суу тартыш болот деген билдирүүлөргө карабай,  алдын-алуу иштери жүрүп жатат.

Ветеринардык тармак боюнча ылаңдарды алдын-алуу иштери жүрүп, вакциналар сайылганын Шейшенбаев Чыңгыз Токтомушевич билдирди. Бир гана алты айдан бери ишке ашыра албай келе жаткан жылкыларды идентификациялоодон өткөрүп, чип басуу иштери солгундап жатканы акимдин нааразычылыгын жаратты. Жылкыларга басуу ишин аткарбаган айыл өкмөт башчыларга эскертүү берди. Бүгүнкү күнгө карата райондо жылкыларга чип басуу иши 68%га аткарылган. Жылкылар алыскы жайлоолорго кеткенге чейин 100%га чыгарууну аким каттуу тапшырды.

ЖОЛДОР, ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫ ОҢДОО-ТҮЗӨӨДӨН ӨТӨТ

         -Аламүдүн районунда электр тармактары боюнча жакшы иштер жүргүзүлдү. Эски столбалар алмашып, заманбап линиялар тартылып жатат. “Алтын-Казык” электр станциясы ишке берилип жаңы конуштардын электр энергиясы жакшырды. Мындай иштер пландуу түрдө “Түндүк электр” ААКнын райондук бөлүмү тарабынан ишке аша берээрин адистер билдиришти.

Ички жолдорду айыл өкмөттөр, мамлекеттик маанидеги жолдорду ДЭПтер  жасаары белгилүү. Кимге карабасын жолдордун оңдоо иштери убагында жүрүп, элдин каттамына зыяны тийбеш керек экени айтылды.

СОЦИАЛДЫК ТАРМАККА ТОЛУК КӨҢҮЛ БӨЛҮНӨТ

-Аламүдүн районун жалпы социалдык абала боюнча акимдин орун басары Закирова Айгүл Демократовна маалымат берди.

Билим берүү тармагы былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы деп айтылганы менен иш жүзүндө кубантаарлык эмес. Быйылкы окуу жылдын жыйынтыгы менен билим берүү тармагына баа берилээрин аким баса белгиледи. Медицина, маданият тармагы, элдин социалдык жактан камсыздоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Иш кагаздар да өз тартиби менен жүргүзүлүшү керек. Иш кагаздарды мыйзам чегинде жүргүзбөгөн айыл өкмөттөргө сөгүштөр берилди.

Жалпылап айтканда Аламүдүн районунда баардык тармак боюнча өсүштөр бар. Жылдын аягына чейин бул жетишкендиктерди дагы өркүндөшү керек. Өнөр жайга өзгөчө көңүл бөлүү менен санитардык, коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бөлүнөт. Коллегияда 1-кварталда жасалган иштер эле талкууланбай, жаңы которулуп келген райондук соттор коллективге тааныштырылды. Статистика башкармалыгынын төрайымы Айдакева Жаңыл Асановнанын демилгеси менен эл каттоодо жакшы иштеген катточуларга сыйлыктар берилди.Коллегияны аким Анаркулов Бактыбек Кочкорович жыйынтыктап, коллегияда айтылган баардык иштер өз убагында аткарылыш керек экенин. Аламүдүн районунда мыйзамсыздык, ишке болгон кайдыгерлик болбошу керек экенин ар бир кызматкерге эскертти. 2022-жыл Аламүдүн районунда баардык тармактар боюнча өсүш менен жыйынталышы үчүн жасалып жаткан аракеттер өз үзүрүн берээрине ишенээрин билдирип, коллегия катышкандардын иштерине ийгилик каалап, эл журтубузга тынчтык тилеп жыйынтыктады.

Азамат Дүйшөнбай уулу

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика